Поэт, писатель, переводчик. Окончил Московский Литературный институт им. А.М.Горького (1986 г., семинар Е.Исаева и В. Милькова). Официальный представитель Международной Федерации русскоязычных писателей (Лондон-Будапешт) в Кыргызстане, член Национального Союза Писателей, Союза журналистов Кыргызской Республики. Лауреат республиканской литературной премии им. Молдо Нияза. Автор “Национального бестселлера” “Камила”. Лауреат второй степени Open Central Asia Book Forum & Literature Festival 2012 в номинации “Литературное произведение”.
_____________________________________________________________________________________________________
Бейопа
Повесть (отрывок)
Которгон Султан Парманов
Бул китептен белгилуу оштук акын, жазуучу, «Улуттук бестселлер» наамына татыктуу болгон «Камила» романинын автору Рахим Каримовдун «Бейопа» повести орун алган. Чыгармада мурдагы СССР тарап буткондон соң, КМШ өлкөлорунун тургундарынын тагдырлары, социализм дөөрунда кадыр-барка ээ болгон адистердин жаңы базар экономикасы өкүм сургон мезгилдеги турмуш-тиричилиги, Борбордук Азияда жашоочу коптогон адамдардын татаал шарттарында гы Россиянын ролу, ушул чөң сыноо убактында аялдар менен эркектердин мүмкүнчүлүктөрү, жаман жолго кирип кетген кыз-жигиттердын аянычтуу тагдырлары ишеничтуу чагылдырылган. Китеп жалпы окурмандарга арналат
Биринчи бөлүм
Азыркы заманда эркектердин күнү аялдарына калган. Ошондуктан чоң, кичине «разборкаларга» да эркекетер калып аялдар катышчу болду. Соода сапарына аттангандар да, ушул шоруң курган аялдар! Себеби аларды эрлериден бөлөк эч ким ура албайт. Жолдорун каракчылар да уурулар да тосушпайт. Кээде алар бажыканалардан да «бүтүн» чыгышат…
* * *
Шавкат да көптүн катарында жогорку билимдүү адис болчу. Ал шаардагы ишканалардын биринде цехтин башчысы болуп иштеп турган. Келинчеги Мухае дагы андан кем эмес эле. Бирок, замандын зардабы тийдиби, экөөсү тең жумушсуз калышты. Алардын эки кыз, бир уулу бар эле. Ата-энелери болсо айылда турушат. Бала чаканы багуу күндөн-күнгө оорлоп бара жатты. «Тиричилик — кара гөр» — деп бекер айтышпаптыр. Бул эрди-аял бир топ жыл ушинтип аябай кыйналышты. Казаны кайнабай калды. Күндөр биринин артынан бири өтүп жатты. Жетишпегендиктердин чети көрүнчүдөй эмес эле. Мындай турмуштан тажаган Мухае, соода кылып тияк-биякка «каттап» турган жакын кошунасы Замираныкына кирип жардам суроого мажбур болду. Ага жалынып, жалбарды:
— Эже, эжекебай, күңүңүз болоюн. Жардам бериң. Балдарым ачкалыктан өлүп калышпасын. Кудай кайрымыңызды берсин, эжеке. Күйөөмдүн иштери да жүрбөй жатат. Мен да эки жылдан бери үйдө иштебей отурамын. Аны да, муну да кылып көрдүк. Бирок эч болбойт. Эмне кылышты да билбей калдык. Энемдин ордуна эне болуңуз… Сураныч, сизден бөлөк үмүтүбүз калбады…
Ошондо Замиранын Мухаего боору ооруп Украинага бир эки жолу өзү менен кошо алып барып келди. Ал эми Шавкат бала багып дайыма үйдө отуруп жатты. Ошондон кийин бул жаш үйбүлөнүн турмушу акырындык менен оңоло баштады. Замира бай турса да ыймандуу аял экен. Ал Мухаедон жардамын аябады. Алар тез-тез биргелешип сапарга чыгып турушту, Шавкат менен Мухае курсактарынан, үстү-башынан да бир аз ашына турган болушту. Мухае ар бир жолу сапарга чыкканда бирөөлөрдөн карыз алып жолго чыгаар эле. Алып барган кездемелерин 20-30 күндө сатып, алган карыздарынын проценттерин мезгил-мезгили менен төлөп турар эле. Өзүнө да аз болсо да акча калар эле. Анын акыркы сапары башына бүткөн балээ болду. Орус пулунун инфляциясы кириптер болушу эми гана «бутуна туруп» келе жаткан соодагердин шагын биротоло сындырып койду. Ал үйгө пайда таап келүү аякта турсун, акчасынын өзү да чыкпай калды. Ушундай мүшкүлдөн, үч-төрт күндүн ичинде, жаш келиндин кара чачын ак аралады. Күндөр артынан күндөр өтүп, аны менен «проценттер» да өсүп бара жатты. Эки айдын ичинде 20 миң сомдук карыз, жүз миң сомго көтөрүлдү. Мындай чоң карыздан кутулуу үчүн үч бөлмөлүү үйүн сатуудан башка арга калган жок. Ага, ини, эже, сиңдилерине жардам сурап кайрылып көрүштү. «Өзүңдө жок-ааламда жок» дегендей, өчөшкөндөй туугандардан «сары чака» да табылбады. Өзү менен өзү убара. Бардыгынын акчасы «оборот» да. Мухае күйөөсү, балдары менен бара жатты. Ошол учурда жанына бир «иномарка» машина келип токтоп калды.
— Мухае, бул сизби? Тынчылыкпы? Эмне мынча капасыз?
Гуламжан бир кездерде Мухае иштеген ишканада бухгалтер болуп иштеген эле. Жашында ар түрдүү «кылыктарды» жасап жүргөн бул киши, бир убактарда Мухаего да тийише калып жүргөн эле. Азыр бул кишинин менчик ишканасы бар. Алардын фирмасы Россияга жаздык, көрпө, шейшеп, халат алып барып анын ордуна такта, лобель алып келүү менен алектенет. Мухаени көрөрү менен, ал жанданып кетти. Себеби Мухае бул кишинин «көз алдына алып койгондордун бири эле» бирок, эрите албай жүргөн келиндерден болчу.
Ошол күнү мухае Гуламжандын машинасына кандай отурганын да билбей калды. Буга эки дүнүйө бир кадам эле. Алар Гуламжандын бош турган квартираларынын бирине жетип келишкенде кеч кирип калган эле. Экинчи кабатка чыгышары менен, Мухаенун көз алдындагы темир эшик шарактап ачылды. Гуламжан жолдон ала келген бул аялды ичкериге киргизгенче, эшикти ичкериден бекитти. Мухаего пальтосун чечкенге жардамдашып, аны меыман үйгө чакырды. Ичкери жактагы стол үстүндө түркүн тамактар, дүйүм жемиш, ширин суусундуктар, бөтөлкөдөгү өткүр ичимдиктер жайнап турду.
Шавкат аялы Мухаедон кабатырланып үйдүн ичинде тиги бурчтан бу бурчка барып жанын коерго жер таппай жатты. «Каякка кетти болду экен? Иши кылып тынч болсо болду. Же бир кырсык болдубу? Турмуш болбой куруп кет!». Жанымдан да тоюп кеттим. Заман өзгөрбөсө жубайымды ушундай абалга салат белем. Эмне кылайын? Колу-бутум байланган. Соодв-сатыкка жөндөмүм болбосо, же бир иш табылбаса таш көтөр десе да барар элем.
Шавкат ушул сыяктуу ойлорду көңүлүнөн өткөрүп, агала болгон чачтарын салаалары менен ушалап терезеден көчө тараптан көз албай отурду.
— Мухаехан, алың жана бирди алып кой…
Мухае бир ууртам өткүр «висканин» таасири менен ансыз да кызарып чыккан эле.
— Ал, таза алып кой… Гуламжан байкеңди сыйлабайсыңбы? Кана, алчы, ал… Ушуну аягына чейин алып кой… Бөлөк кыстабайм. Эркекче сөзүм…
Мухае, рюмканы колдору калтырап араң алып, демин ичине алганча, көздөрүн жумуп шарт тартып жиберди. Бир аздан соң башы айланып, үй ичиндеги буюмдар, айланадагы бардыгы тегеренип жаткандай туюлуп кетти.
Гуламжан мындай учурду колдон чыгарбай, Мухаенун жанына жакыныраак отурду.Магнитафондон жагымдуу музыка акырын жаңырып турду. Мухае башын дивандын арткы сөйөнгүчүнө таштап көзүн жумуп жатты. Бул учурда ал өзүн аял, акыйкат назик, кылыктуу аял кейпинде көргүсү келип, канча айдан бери шаардан-шаарды кыдырып, оор-оор сумка, чыпталарды көтөрүп жүрүп үзүлгүдөй болгон колдорун Гуламжандын мойнуна ратып, акча табыш жолун издеп жатып ооруган башын анын, кең көкүрөгүнө коюп эс алгысы, жатаканадагы апакай шейшептер жабылган эки кишилик, мамыктай төшөктөр, жаздыктар коюлган керебетке жатып алып айлап-айлап уктагысы, турмуш мүшкүлдөрүнөн эс алгысы келип кетти. Гуламжан Мухаенун белинен акырын кучактап, бооруна кысканда, анын сакалдары аялдын бетин аймап өттү. Ушул учурда гана Мухае селт этип өзүнө келди. Гуламжан көздөрүн жумуп алып анын көздөрүн, беттерин өпкүлөп жатты. Ушу кезде Мухаенун көз алдына күйөөсү шавкаттын, кыздары Мадино менен Сабиранын, анан дагы кичинекей уулу Шухраттын элеси тартыла түшүп гуламжанды ачуу менен күчүнүн барынча түртүп жиберди. Анан ордунан шашып турду да, теңселип эшикти көздөй жүгүрдү. Мындай күтүлбөгөн нерседен бир аз апкаарый түшкөн Гуламжан ордунанн турганча, Мухае кулпуну ачып, арка-алдына карабай качып жөнөдү.
Мухае үйгө жете келгенде караңгы кирип калган эле. Күйөөсү аны издеп коңгуроо кылбаган туугандары, тааныш билиштери калбады. Ал эми гана туфлисин кийип, Мухаену издөө үчүн көчөгө чыкмак болуп жаткан. Эшик тыкылдап калды. Шавкат шаша-буша ордунан туруп эшикти ачты. Кудайга шүгүр. Босогодо сак-саламат аялы — Мухае турат.
— Апасы барсыңбы? Эртеден бери каяктарда жүрөсүң-деди ал кыжаалатанып.
— Качкка бармак элем? Акча издеп бардык жерди кыдырып чыктым да. Муну айтаарын айтып азыр гана болуп өткөн «жагымсыз» окуяны эстеп уялып кетти. «Кайрыят! Кудай өзү бир сактады. Акылдан адашып кете жаздадым!». Алла өзүн барсың. Шайтан азгырганга аз калды. Гуламжан болбой өлгүр. Карыган түлкү десе, бул кишини жаман адаты калбаган экен да… Көңүлүн ушул ойлор аралап өткөн Мухае күйөөсүнүн суроолоруна узун-жулук жооп берип жатты.
Доллардын курсу күндөн күнгө кымбаттап, Шавкат менен Мухаенун баштары катып, айлаларын таппай жатты. Беш алты күндүн ичинде эле ал 20 сомдон 40 сомго көтөрүлүп кетти.Аз эле убакыттын ичинде алардын проценттери менен жүз миңге жетип калган карыздары бир–эки жуманын ичинде эки барабар көтөрүлүп кетти. Эрди –аял үйдү, андагы буюм тайымды сатканда да бул карыздан араң дегенде кутулат. Ирок балдары менен көчөдө калышары анык.
Мухае эрте менен туруп түз гана базардын радиотүйүнү көздөй бет алды. Үйдү сатып боюнча ушу бүгүн жарыя берип койбосо болбойт. Канчалык тез сатып карыздан кутулса ошончолук жакшы. Калганы бир нерсе болор. Көп болсо шавкаттын айылдагы ата-энесиникине көчүп кетишер.
Шавкат да Мухае да түбү чынчыл адамдар. Ошондуктан алар башкаларды да өздөрүндөй көрүшөт. Үйдү көргөнү келишкен кардарларга да ичиндеги сырларын төкпөй-чачпай айта беришти.
Алар соодалашпастанн, булардын кыйналгандарына боор ооруп, үйдү айткан баага сатып алышат деп ойлошоор эле. Бул «ит ээсине батпай жаткан» заманда чоочун адамдар сенин жаныңа ара киреби? Бардык кардарлар үй ээсине шашылыш акча керектигин билишип, үйдүн баасын канча болсо да арзандатууга аракеттенишери турган иш эмеспи.
Ушинтип Шавкат менен Мухае ушунча жыл иштеп, түндө-күндүз тер төгүп алышкан үйлөрүн арай төрт миң долларга сатууга аргасызх болушту. Ошол кезде үч бөлмөлүү үйлөр беш миң доллар болуп жаткан. Эмне кылышсын? Күтөлү десе, карыздардын проценти ашып баратат. Кала берсе, куданын жараткан күнү акча ээлери карздарды сурап келе беришти.
Ошентип алар үч жаш баласы менен көчөдө калышты. Оболу алар бир-эки күндөн кошуналаыныкында, кээде тааныштардыкында жашап жүрүштү. Анткени Шавкат айылга көчүп кетүүгө макул болбоду. Аларды туугандары деле кабак ачып күтүшпөйт эле да. Бир үйдө үч иниси бала-чакасы менен жашап жатса. Мухаенукуна күч күйөө болуп баргандан көрө өлгөнү артык эмеспи.
Бир эки жумадан бери, ушинтип көрүнгөн жерде сарсанаа менен жүрө беришип, балдары да өңдөрүнөн азып кетишти. Эмне кылуу керек? Жана да бирөөдөн карыз алып турушабы? Жок, эми алар эки дүйнөдө бирөөдөн акча сурашпайт. Ачкадан өлүшсө өлөр, бирок эч качан, эч кимден карыз алышпайт.
Мухае үйбүлөдөгү тун кыз эле. Артында катар-катар үйлөнө элек инилери бар. Ошон үчүн ата-энесине барып жардам сурашка даай албады. «Бир нерсе кылып тиричилигибизди оңдоп аларбыз» деген жакшы ниеттерди кылат. Бирок күндөр колго кирбей өтө берди. «Жакшы» күндөрдүн дале дайыны жок. Эч айласын таба алышпаган жубайлар балдарын балдар үйүнө тапшырышка мажбур болушту. Өздөрү тааныштарынын кеңеши менен элди жумушка жайгаштыруу ишканасына барып, жумушсуздардын тизмесине кирип, пособие ала турган болушту. Бирок бул акчага бала-чака багууга болбос эле.
Бир күнү Шавкат базар аралап бара жатып кокустан эски кесиптеш жолдошун учуратып калды. Ал саратанда каражалтак терге түшүп базарда араба түртүп жүрүптүр. Аны көргөн көзүнө ишенбей кетти. Жакыныраак келип караса, бир мезгилде жакшы кызматтарда иштеген досу Фархад экен.
— Не, дос барсыңбы? Көрүнбөй кеттиң? Кайда жүрөсүң? Же сен да Россиядасыңбы-деди ал Шавкатты көрөрү менен тааный коюп.
— Жок Фархад, биздейлер ал жакка кайдан барсын. Ушул жерде араң жүрөбүз…
— Анда эмне иш кылып жатасың? Бир жерде иштейсиңби?
— Иш кайдан дейсиң досум. Эмне кылышымды билбей жүрөм.
— Аял, бала-чакаңчы?
— Ал да ишсиз! Балдарыбызды балдар үйүнө тапшырганбыз. Шавкат муну айтып көзүнө жаш тегерене түштү.
— Капаланба, Шавкат. Көпкө келген кыйынчылык. Кыйналып жаткан бир эле силер эмессиңер, азыркы заманда. Ар ким өзү гана билет.
— Биздин үйүбүз да жок. Аны сатып карызыбызды төлөдүк.
— Анда кайда жашап жатасыңар?
— Аялым экөөбүз ар кайсы үйдө түнөп жүрөбүз.
Шавкаттын өкүнүчтүү сөздөрүн угуп Фархаддын бир кездеги досуна боору толгонуп кетти.
— Андай болсо, биздикине келгиле-деди Фарход бир аз ойлонуп туруп-бир нерсе кылып, араба таап берейин. Тиричилигиңди бир аз болсо да оңдоп аласың.
Шавкат досунун араба таап беремин дегенин укканда, денесинен муз чыгып кеткенсиди эми эртеден кечке базар ичинде кара терге түшүп араба түртөмбү?
Фархаддын жубайы Фатима ичи тар зыкым аял эле. Алардын үйлөрү чакан гана болуп бардык нерселер жетиштүү. Бир гана балдары жок эле. Фатима дарбазадан күйөөсүнүн артынан кирип келе жатышкан Шавкат менен Мухаену көрүп, кабактары бүркөлдү.
— Дагы кимдерди баштап келдиң, кожоюн? — деди ал меймандар менен учурашып аларды ичкериге үйгө киргизип жибергенден соң.
— Бул жигит менин бир кезде чогуу иштегенбиз. Ал цехтин башчысы эле. Жанындагы анын аялы. Көчөдө калышыптыр, бечаралар.
— Ай-эй мынча эмне боорукерсиң. Эми башыбызга ушулар эле жетпей турушту эле. Азыр бирөөгө бирөөнүн боор ооруң турган заманбы.
— Эй үнүңдү өчүр, угуп калышпасын.
— Укмактан угушсун, эми менин башыма балее болбогон ушулар калдыбы?…Э, өлүп кетишпейби ушуларың…
Мухае оокат, тиричиликке, башпаанага караганда балдарын көп ойлочу болду. Аларды абдан сагынды. Күн сайын алардын кабар алганы балдар үйүнө барса алар «Бул жерден бизди алып кетиңизчи, апаке»… дешип көздөрүнөн жаштарын мончоктотушат. Алардын ыйлаганын көрүп туруп Мухаенун энелик мээрими агылып, жанын коерго жер таппай кетет. Бирок, кантет аларды кайда алып барат. Айла жок…
Эртеси күнү Шавкатты досу базарга ээрчитип барып, ооруканада жатып калган бир таанышынын арабасын ижарага алып берди.
— Бир ай бою тер төксөң менчик арабалуу болуп каласың, — деди досу ага карап Шавкат болсо. Эски-уску темирлерден кураштырылып жасалган арабаны, тиктеген бойдон эмне дээрин билбей турду.
Мухае үй карап калат. Фатима адатынча жасанып түзөнүп алып базарга түшүп кетет. Ал жайма базарда байпак, майда-чүйдөлөрдү сатат. Ошол жерде бир карыш жерди бекем ээлеп алган. Фатима оозудан ад, колудан да келе турган аял. Тиричиликтин айыбы жок деп коюшат. Ошентсе да Шавкаттын базарга түшүп соода сатык кылганга эч мойну жар бербес эле. Мына, акыры ал дагы көптүн катары базарга түштү. Түшкөндө да араба түртүп, бирөөлөрдүн оорун жеңилдеткени түштү. Эмне демек эле «башка түшсө байтал жорго» эмеспи. Тагдырга моюн сунбай арга жок. Ал биринчи убактарда көздөрүнө жаш алып, ар кимдин жүгүн ташып жүрдү. Дагы жакшы, базарда бирөө менен бирөөдүн иши жок. Анын базар ичинде кээ бир убакта ыйлап алганын да эч ким байкабады. Бирок күн өткөн сайын, ал базар турмушуна көнгөнсүп калды. Адам баласы ар нерсеге көнөт турбайбы. Анын клиенттери да көбөйүп калды. Айрыкча бир бюай аял ага бек жабышып алды. Шавкат ар күнү эртелеп анын товарларын базарга алып түшүп, кечкурун кайра жеткирип берет. Ал аял ошол ьегеректеги көп кабаттуу үйлөрдүн биринде жашап турган. Шавкат анын жүктөрүн ал жашаган экинчи кабаттагы үйгө ташып берер эле, акысына эки-үч сом ашыкча төлөп коет. Аты Сурмахан. Бир күнү Сурмахан Шавкатты ичкериге чакырып калды. Анын үйү үч бөлмөлүү, анда өзү жалгыз жашайт экен. Күйөөсү менен ажырашкандан кийин соода менен алектенип кеткен. Кытай, Иранга каттап, үй сатып алган. Кирешеси жаман эмес. Бардыгы жетиштүү, бир гана күйөөсү, баласы жок.
Келбети төп келишкен, бою-башы да толук келген бул сулуу аял дайыма чачтарын капкара кылып боеп жүрөт. Бирок анча-мынча эркекке сыр бербейт. Сурмахандын үйүнө кирип Шавкаттын оозу ачылып калды. Дубалдарда илинген кымбат килемдер, тирелген мебелдер. Шавкат буларды көрүп терең ойго чөмүлүп кетти.
— Ха, Шавкатжан эмне ойлонуп кеттиң» Үйүм жакпай калдыбы?
— А, жок, жок, эже эмне дейсиз? — деди ал шашып. Кечиресиз, кеч болуп калды, мен кайтайын…
— Эй, үка, мени капа кылба. Ушунча келип бир чыны чай ичип кетпесең, капа болом да.
— Коюң эже коюуңуз. Мени кыжалат кылбаңыз. Үстү башым да таза эмес. Эртеден бери араба түртүп жүрүп, тердеп да кеттим.
— А, Эсим курусун. Болду түшүндүм. Тигине ваннага кирип бир чөмүнүп ал.
— Жок эже сиз эмне, рахмат. Мени туура эмес түшүндүңүз. Мен үйгө брайын. Күтүп калышты.
Сурмахан да бош кетпеди. Шавкаттын колуна чачыкты кармата салып: «Кана кирчи» — деп туруп алды. Шавкат эмне кыларын билбей, башын кашып, аргасыз ваннага кирип кетти.
Мухае эшикти шыпырып, тазалап, үй ээлери базардан келгенче тамак да бышырып койгон эле. Тамак бышканга чейин эле ээрчишип Фархад менен Фатима да келип калышты. Үчөөсү сөрүгө олтурушуп тамактанып да бүтүштү, бирок Шавкаттан али дайын жок эле…
Шавкат жуунуп чыкканча Сурмахан дасторкон жайып, анын үстүнө толтура түркүн даамдарды, ширелерди жайып таштаган эле.
— Үка, кел эми, бирге тамактаналы-деди ал сүлгүгө чачтарын аарчып жаткан Шавкатка карап.
Шавкат эрте менен базардан болгону эки самса жеген. Ал Сурмахандын «Кел эми бирге тамактаналы » дегенин угуп оозунан шилекеңи агып кетти. «Эркек кишинин жүрөгүнө жол, анан ашказанына башталат» дегендери ырас экен. Себеби эркек адам ар кандай бөлөк нерселерге чыдаса да, курсагы ачканына эч качан чыдабайт. Ушундайда Сурмахан окшогон жеңил ойлуу жубандарга кол келиши эки эмес.
Шавкат дасторкондун жанына келип отургандан кийин Сурмахан бир шише коньяк алып чыкты, да аны шавкатка узатты.
— Кана, үка алып жиберчи…
— Коюңузчу эже, мен ичпеймин, муну ачсам кандай болор экен?
— Эч кандай болбойт. Бир аздан ичип коебуз да. Аял башым менен коньяк куйсам, назданасың да… Уят болот үка. Эркек адам эмессиңби, акыры.
Аял кишинин шагын сындырып көрбөгөн Шавкат коньякты ачып, рюмкаларга куя баштады. Анан Сурмахан рюмкалардын бирин колуна алып:
— Кана шавкатжан, алчы. Таанышканбыз үчүн-деп түбүнө чейин алып жиберип Шавкатга карады.
— Эй, үка эркексиңби? Эмне мынча назданасың. Аял жаным менен сага коньяк куйсам, сен ичпесей?… Уят эмеспи? — деди ал көздөрүн сүзүп-Мени капа кылба, чарчаганың жазылсын деп жатам да. Коркпо мен жеп койбоймунн…
Сурмахандын мындай сөздөрүн угуп кулактарына чейин кызарып кеткен Шавкат уялганынан рюмкадагы коньяктын эч нерсесин калтырбай ичип жиберди. Шавкат дасторкондогунун бардыгын жесе да тойбочудай. Ал акыркы жолу мындай даамдарды союз маалында, өзүнүн туулган күнүндө жеген эле… Андан кийин дагы үч-төрт жолу рюмкалар көтөрүлдү. Бир топто экөө кыйла кызып калышты. Сурмахан масчылыктан маанисиз, уят анекдотторду айтып, өзүнчө каткырып күлүп жатты.
Анан бир аздан соң Шавкаттын жанына келип, анын көйнөктөрүнүн топчуларын назик манжалары менен бир-бирден чече баштады. Шавкат да ага каршылык көрсөтпөдү.
Мухае ошол түнү тай атканча кирпик какпады. Ал күйөөм, ооруп, табы айнып калып бир жерде жатып калдыбы деп кыжалат эле. Бирок ал ушул учурда күйөөсү жумшак, апакай керебетте сулуу бир жубан менен денелерин айкалыштырып жатканынан кабарсыз болчу… Ичиден кыжаалатчылыкты, басып келме келтирип жатты.
Шавкат ошо бойдон үйгө кайрылып келбеди. Мухае аны күтө-күтө чарчады. Күйөөсүнөн же ооруканадан же милициядан кабар болбоду. Мухае балдарына барып, аталары жоголуп кеткенин айтканда алар корккондорунан ыйлап жиберишкен.
Фархад болсо ар күнү базарга түшүп дайынсыз жоголгон досун тааныш-билиштерден сураштырып жүрдү. Бирок анын кайда экенин билген жан жок. Аял кишинин жаны эркектердикинен бышык болобу. Шавкаттын колдору күчтүү болгону менен, араба түрткөнгө жарабады. Ал жеңил турмушка берилип, көңүл ачуу көчөсүнө кирип кетти. Ушундай мүмкүнчүлүк Мухаего да келген эле. Бирок анын назик колдору жат эркектин мойнуна артылбады. Ал оор-оор сумкаларды көтөргөндү андан артык көрду…
Арадан бир ай ашык убакыт өтсө дагы Шавкаттан али дарек жок эле. Ошентсе да Мухае өзүн жоготуп койбой, кошуна аялдарга кошулуп бир эл аралык уюмдан кредит алып, кийим тигүүчү машина сатып алды. Бирөөлөрдөн заказ алып эртеден-кечке халат, шейшеп, көрпө, жаздык сыяктуу майда-чүйдө тигип сата баштады. Торто бышырганды да үйрөнүп алды. Бычуу-тигүүиштери азайып кеткенде, торт бышырып сата коет. Ал күнү-түнү тыным албай иштеп жатты. Анан кантсин колуна бир аз да болсо акча пайда болду. Бир жыл дегенде эл аралык уюмдан алган кредитин кайтарып берди. Ал күйөөсү дайынсыз болуп кеткенден кийин шаардын борборундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде жашаган бир орус кемпирдин үйүнө квартирага чыгып алды. Таня, апа (анын аты ушундай эле) Мухаедон акча көп нерсе сураган жок. Болгону, аны жалгызсыратпай бирге жашап турса болду.
Мухае бул квартирага балдарын да алып келип алды.Кыздарына да кийим тигүүнү, торто бышырганды үйрөтүп койду. Ошентип баары жайында болуп калгансыды.
Шавкат болсо дагы эле Сурмахандын кантынын астында жашап жатты. Ал ага машина да сатып берди. Үстүндөгү кымбат кийимдерди айтпай эле коелу. Бирок, ал баары бир балдарын сагынды. Көп жолу кетип калмакчы болду… Бирок, жүрөгү даабады, ага абийири жол бербеди.
* * *
Жайдын күнү. Саратан. Күндүн ысыгы кызыгандан кызып, адамдардын алын кетирет. Шаардагы базардын, торт саткан жеринде кечкурун торт саткандар гана келишет. Мхае да күндүн ысыганан, бышырган тортторун күндүзү базарга алып чыга албайт. Кечкурун гана кыздары Мадина, Сабира жана уулу Шухрат болушуп сатуу үчүн беш-алты тортту алып чыгышат. Бир күнү алар торт сатып турган жердин тушуна бир карас иномарка келип токтоду. Ичинен жасана кийинген кудум, актерлорго окшогон бир эркек менен жашы андан бир аз улуурак, бирок өзү жаш кыздардай жасанып алган аял түштү. Экөө ээрчише басып келип торт сатып тургандарды кыдырып, торт тандай башташты. Мухаенун жасанып кийинген эркекти бир карап алып, негедир жүрөгү кысылып кетти. Алар тортторду караганча Мухае балдары менен турган катарга жакындап калышкан эле. Алар жакындаган сайын, Мухаенун жүрөгү катуу түрсүлдөп жатты. Сурмахан да атайылап кылгансып, Мухаенун тортун жактырып калса болобу. Шавкатты көрүп Мухае да, балдары да таштай катып калышты. Айрыкча кичнекей Шухрататасынын жүзүнөн көзүн албай тигилип турду…
— Кана жаным, торттун үстүнө эмне жаздырасың эми?-деди Сурмахан Шавкатты карап. Аялын, балдарын капыстан көрүп калган Шавкатка Сурмахандын сөздөрү кулагынын сыртынан кетип жатты.
— Сага эмне болду, тилиңди жутуп алдыңбы?-деди Сурмахан аны капталга түртүп-торттун үстүнө эмне деп жаздырасың, деп жатам. Эмне, жана машинада айткан сөздөрүңдү унутуп калдыңбы? «Сүйүктүүм сурмахан, туулган күнүң менен» деп жаздырам дебедиң беле?
— Ооба, ооба ошентип… ошентип жаздырабыз, — деди Шавкат үнүн акырын чыгарып.
Мухае колундагы кызыл крем салынган целлофан баштыкчаны мыжыгып, торттун үстүнө Сурмахан айткан сөздөрдү, жазып илеп белги коюп койду. Шавкат менен Сурмахан тортту алып жөнөй бергенде, Шухрат күтүлбөгөн жерден ата, ата деп жибермекчи болгондо Мухае уулунун оозун алаканы менен баса калды. Ошол күнү, үйүнө келгенде Мухае төркү бөлмөгө жалгыз кирип алып ыйлап жатты. Ыйды уккан таня апа Мухаенун жанына келип:
— Маша, сага эмне болду? Эмне ыйлап жатасың? — деп сурады.
— Жок, ыйлабадым Таня апа. Көзүмө бир нерсе түшкөн окшойт, — деди сүрткөн болуп.
— Кой мени алдаба, ыйлапсың. Көр эмесмин го, көрүп турам. Карысам да күлгөн менен ыйлагандын айырмасын али билем…
— Таня апа бул нерселердин такыр тиешеси жок.
— Эмне үчүн? мына бир жылдан бери бирге жашап жатасың. Менин бир эле кызым бар. Ал Россияда жашайт. Сен ошо кызымдын ордуна кыз болуп калдыңбы. Балдарың да үйрөнүп калды. Неберелеримдей көрөм.
Таня апанын бул жылуу сөздөрүн угуп Мухаенун көңүлү кайра бузулуп,, эчкирип-эчкирип ыйлап алды. Мухае бир топко чейин өпкөлөп, жүрөгү жеңилдеди. Бир аздан кийин өзүнө келип Таня апага башынан өткөргөндөрдү айтып берди.
— Бүгүн, капыстан мындан бир жыл мурун жоготкон күйөөмдү учураттым. Ал жалгыз эмес экен. Жанында бир сулуу аял бирге жүрөт. Мен акмак аны бир жылдан бери убара болуп издеп жүрүпмүн. Барбаган оорукана, милиция калбады. Ата-энеси, эже-үкалари да издеп жүрүшөт. Кара башыл адам жоголуп кетсе кантесиң. Көрсө ал бир бай аялга үйлөнүп алган турбайбы. Үч баласы туруп ушуга кантип барды экен аа? Жок жегенде бизге бир ооз айтып, башымды ачып кетсе болбойт беле. Ушунча жыл бирге жашап унчукпай жоголуп кетсе… Ушундай да адам болобу. Мейли кудайга койдум.
Таня апа Мухаенун күйүп-бышып айткан бул сөздөрүн угуп, аны жубатууга өттү.
— Болду, көп капаланба, кызым! Гүлдөй чырайың бар. Али жашсың. Кадырыңа жетпедиби, түкүрүп кой андай, катынпозго. Карачы кандай ширин балдарың бар. Аларды эптеп чоңойтуп алсаң, мөрөй сеники. Күйөөң бир күнү, тоботсуна жанып кайра келет. Мына, мени айтты дейсиң. Менин кызымдын күйөөсү Россияда чоң заводдун башчысы. Аларга эч нерсенин кереги жок. Менин төрүмдөн көрүм жакын. Бул үйдү сенин атыңа өткөрүп беремин. Балдарың менен көчөдө калбайсың… Мухае Таня апанын жүрөк эзген бул сөздөрүнө көзүнүнү тунук жаштарын агызып ыйлап жатты.
Мухае балдарын балдар үйүнөн алып келгенден кийин, дагы эки кийим тигүүчү машина сатып алды. Ал кыздарына да кийим тиккенди үйрөтүп койду. Мадина менен Сабира тез арада бул иштерди өздөштүрүп алышты. Мухае күнүгө кыздары менен шейшеп, желеттерди тигип чыгарып жатышты. Даяр болгондорун Россиядагы Таня апанын кызы Людмиланыкына алып барып сатып келмекчи. Барып келүүгө шериктерди да таап койгон. Кыздары, уулу Таня апа менен отуруп турмакчы. Айылдан ата-энеси, туугандары да келип кабар алып турушат. Алар шаарга келгенде, нан, майда-чүйдө ала келишет. Кээде балдарды айылга да ала кетишет.
Мухае сапарга жөнөп жатып кыздарына бир кап семичка алып берип «Муну мен келгенче аз-аздан кууруп сатып акчасын иштетип тургула» деп поезд менен Россияга жөнөп кетти…
Мухае поездде баратып, башынан өткөн күндөрүн кыялынан өткөрүп элестетип бара жатты. Ал Шавкат менен Ташкентте студент болуп жүргөндө таанышкан эле. Алар экөө тең бир шаардан болчу. Экөө беш жыл чогуу окуп бирге жүрүштү. Кандай гана таттуу күндөр өттү. Окууну аяктап экөө тең бир ишканага жолдомо алышты. Ошол эле жылы баш кошушту. Кыска убакытта экөө тең цех башчылыгына чейин жетишти. Бирн-бирин ыссык сүйүшүп, бир жаздыкка баш коюшкан. Ушунча жыл бирге жашашып бир да жолу «сен-менге» барышпады. Алган айлыктары да жетиштүү эле. Алар бир нече жыл жатканада турушту. Кыздары ошондо чоңойду. Алардын уулу Шухрат гана жаңы квартирада төрөлдү.
Кандай гана таттуу, ынтымак жашашар эле. Ушундай таттуу жашоонун барча-барча болушуна эмне болду? Күйөөсүбү, өзүбү, балдарыбы же заманбы? Балким адамдар болуп жүрбөсүн. Ким билет? Мүмкүн доорбу? Чынында азыркы убактарда не деген гана өзгөрүүлөр болду. А түгүл СССР жоюлуп кетпедиби. Ушул чоң мамлекет жоюлганда кичине бир үйбүлөнүн тозуп кеткени эмне болсун. Не деген башы көтөрүлгөн адамдар сынып кетпедиби, бул өзгөрүштө. Шавкат да ушуга туруштук буру албай адашып калбадыбы. Буюруса балдарыбыз бул жаңы түзүлүштө туура, жакшы жашоого үйрөнүп бара жатышат. Биз болсо адашып калдык. Адаштык. Жашоо биздин ар кимибизди өз жолубузга таштап койду. Шавкат да кардына эмес, кадырына ыйлаар. Жок, ал базардагы кара жумуштан качпады. Жашоодо тандаган жолун жоготкондон азап чекти. Өзүмчү, өзүм? Өткөн кыска убакта эмнелерди гана көрбөдүм. Көңүл көчөсүнө кирип кетмекке аз калганда, кудай сактады. Алла, өзү бар. Эй, кудай, мен бардык кыйынчылык, сыноолорго даярмын… ыйманымды гана бүтүн кыл! Мухае жолду ката ушул сыяктуу нерселерди ойлоп кетип бара жатат.
Шавкат болсо Мухаедон айырмаланып, өзгөчө бир жыргалда жашап жатты. Ал үч уктап түшүнө кирбеген бул жашоого түшкөнүн ойлоп кээде ишенбей кетет. Ал эртеден кечке диванда жатып видео көрөрт, Сурмахандай сулуу аял жанында болсо. Өмүрүндө кийбегенди кийип, жебегенди жесе… Күн алыс отуруш, көңүлү дайыма көтөрүлүп турса.
Бардыгы ошол акыркы отуруштан башталды. Сурмахан негедир отурушка барбай, Шавкатты жалгыз жөнөттү. Өзү «табым жок» деп гана койду. Шавкат Сурмахандын амалын түшүнбөгөн экен. Ал үйгө отуруштан мурда келип калбаганда, аны билмек эмес экен. Ал кулпуну ачып кирип, көргөн көзүнө ишенбеди, ордунда катты да калды. Керебетте бир аял менен бир эркек жылаңач жатышыптыр… Сурмахан али эне сүтү оозунан кете элек жаш жигит менен бирге эле… Алиги «ойнош» Шавкаттын келип калганын көрүп, апыл-тапыл кийинип, көчөгө атып чыкты.
— Бул эмне кылганың, уятсыз?-дедеи Шавкат Сурмаханга кабагын түйүп.
— Ха эмне болуптур? Ким менен кааласам ошо менен жатам. Сен эмне мага кожоюн болуп калдың? Мен эмне сенин аялыңмынбы? Сен деле ушул жигит окшош эле, ойношсуң болду…
— Ыплас уятсыз, шерменде!
— Эй оозуңа карап сүйлө, арабачы! Сени ким адам кылып койду өзү. Бар тилемчи катыныңа кет. Төрт тарабың кыбыла.
— А, эненңди… бузук. Али гүлдөй болгон аялымды, сен окшогон арам төшөк ыплас, уяисызга алмаштырып жүргөн экенмин да? Өлтүрөмүн. Үйүмдү бузган, балдарымдан айрыган, жашоомду талкалаган сенсиң, желмогуз. Азыр өлтүрөмүн… Шавкат өзүн токтото албай Сурмаханды бууй баштады. Сурмахан бакырып-өкүрүп, кыйкырып кошуналарды жардамга чакырып жатты. Заматта кошуналар чогулуп калышты.
Бул окуядан кийин Шавкат ичкиликке такыр берилип кетти. Чөнтөгүндөгү акча түгөнгөнчө иче берер эле. Кечинде шаардын көчөлөрүнүн биринде мас болуп уктап калат. Сакал-муруту өскөн, үстү-башы чаң, топурак… Ал бир жолу ичип-ичип, акыры эмне кыларын билбей, шаардагы көпүрөлөрдүн биринин астына түшүп, асынып өлмөкчү болду. Көпүрөнүн алдына түшүп бара жатып, көпүрөнүн чекесинде семичке сатып олтурушкан кыздары Мадина менен Сабираны көрүп калды. Кыздары да аталарын көрүшөрү менен бир аз тиктеп турушуп, «ата, ата» деп жиберишти. Шавкат кыздарынын үнүн угуп, ордунда каккан казыктай туруп калды. Кыздары атасын көздөй чуркап келишти. Шавкат жүгүрүп келишкен кыздарын кучактап ыйлап жиберди:
— Садага болоюндарым, мен күнөлүүмүн, мени кечиргилечи кыздарым, кечирип койгулачы, кечиргиле. Шавкаттын көзүнөн салаалаган жаштары, иретсиз өскөн сакал-мурутунун ылдый кыздарынын жүзүнө тамчылап жатты.
Арадан эки-үч аптадай убакыт өттү. Шавкат кыздарына келип жашап калды. Шавкат адаттагыдай, балдарына кечки тамак даярдоо менен алектенип жаткан. Эшик тыкылдап калды. Шавкат казанды эки аралаштырып, шашаыла барып эшикти ачты. Ачты да… Мухае экөө бир-бирин тиктеген бойдон туруп калышты. Ичкериде Шавкатты көргөн Мухае аң таң калды. Ал заматта Шавкатты үйлөнүп алган аялдын үйүнө адашып келип калдымбы деп оулоп кетти. Кайра артына катмакчы болгондо ичкериден «Апабыз келиптир ур-ра, апабыз келди» деп балдары чуркап чыгышты.
Мухаену көрүп танч апа да сүйүнүп кетти. Алар бир-бири менен кучакташып көрүшүп, анан ички үйгө кирип кетишти. Шавкат болсо кухнядан чыга албады. Эми ал аялыны бетин кантип карайт. Мухае табиятынан оор басырык болгондуктан уруш кылбады. Ал балдарынын алды жагын ойлоп, демин ичине алды. Алар эрте эле бой жетип калган кыздарын күйөөгө узатышат эмеспи. Атасы ким экен десе, кыздарынын жүзү жер карабайбы….
Мухае адашкан күйөөсүн кечирди. Ал балдарынын келечегин ойлоп бул чечимге аргасыз болду. Бирок, баары бир жүрөгүндө кыянаттык тагы калган эле…
Ошентсе дагы Шавкат мурдагы Шавкат эмес эле. Анын мурдуна суу киргенсип абдан эле өзгөрүп калган эле. Анын дүйнөсүн суздук,түшүнбөстүк калтырып кете баштаган эле. Ал аялынын көчөдөгү жумуштарынан эркин боло албаса да, Мухаенун бир нече жылдан берки алектенип келе жаткан соода иштерине акырындап аралаш баштады.
Аялы экөө эртелеп базарга түшүшүп халат, чыттын бир нече оромун арабага жүктөп алып чыгышат. Дагы жакшы орустар, украиндер жиптен согулган кездемелелерди жакшы көрүшөт экен. чыттан тигилген ар түрдүү кийим-кечелер, көрпө жаздык, шейшептер, эркек жана аялдардын ички кийимдери жакшы өтүп жатты.
Шавкат менен Мухае алып чыгышкан кездемелерди күн бою бычып чыгышты. Кыздар болсо алардан шейшептерди тиге башташты. Алар бүгүн үй-бүлөсү менен бир жумада Россияга алып кете турган буюмдарды тигип бүткөрүштү. Бул жолу Подольскиге Мухае менен Шавкат да бармакчы. Албетте, экөө болуп барышса пайда көбүрөөк калат эмеспи, анын үстүнө Таня апанын үйүнө ижарага турууга Шавкаттын абийири да жол бербеди. Кайрыет анын намысы кеч болсо да ойгонду. Эми алар тезирээк үй сатып алып бул жерден чыгып кетпесе болбойт. Өз үйү болсо адам, кенен-чонон жашайт эмеспи. Кудай, буюруса алардын да илгеркидей өз үйү болот. «Жакшы тилек-жарым ырыс» — дейт эмеспи.
Эрди-зайып ушундай жакшы тилектер менен жолго чыгышты. Алар Москвага келгенче Белорус вокзалында түшүп, ошол жерде күтүп турушкан арабалардын бирине жүктөшүп электргчннага өздөрү түшүшүп, Подольск шаарын карай бет алышты. Алар өздөрү менен ар түрдүү жашылча, жемиштерден алып алышкан эле. Людмилла алыстан келишкен конокторду көрүп сүйүнүп кетти. Энеси менен бирге жашашкан бул кишилерди көрүп Таня апаны көргөндөй болуп калышты. Эне-кыз телефондон тез-тез сүйлөшүп турушса да, баары бир бирин-бири сагынышып турушар эле.
Мухае менен Шавкат алып келген товарларынын бир нечесин алып, таң атпай базарга кетишти. Бул жерде мурдагы алып, таң атпай базарга кетишти. Бул жерде мурдагы СССРдин бардык республикаларынан келишкен адамдар соода кылышат. Шавкат бул жерде ондогон жердештерин көрүп, жакасын кармады. Ошто көрүнбөй калган тааныштарынын көпчүлүгү ушул жерде жүрүшүптүр. алардын кээ бирлери айлап жылдап чоочун жерде жашап жүрүшөт. Кимдир биөөсү алып келген товарларын дүңүнөнө сатып үйүнө кайтып жатса, айрымдары базарда астейдил отуруп алышып шашпастан дааналап сатышууда. Жакшы, дагы бактыбызга ушул Россиялыктар бар экен. Алар кымбат буюмдарга караганда, пахтадан тигилген кийимдерди артыгыраак көрүшөт эмеспи. Өзү да, бул жакка шейшептер, ич кийимдер токтоосуз ташылып жаткан чагы. Ушунча көп товарды ким алып жатканына таң каласың. Анан дагы кээ бир товарлардын сапаттары ушунчалык начар. Бир жууганга чейин да жетпейт. Эмне балакет россиялык эркектер дамбалсыз калышканбы. Орто азиялык аялдар, дамбал тигип үлгүрбөй жатышпайбы. Кээ бир дамбалды көрсөң күлөсүң. Бир күнү аялым мага Ош базарынан мага ошондой гүлдүү дамбал алып берди. Аны кийип көрүп боорум эзилди. Эмнеге дебейсиңби? Себеби, үстүмдөгү дамбалдын агы жок экен. Басам деп басалбай койдум. Күлүп, күлүп чечип таштаганым эсимден кетпейт. Мариф жана Шариф киносу эсиңдеби? Ошол фильмде Мариф Россияда дүкөндөрдүн биринде өлүктөргү кийдире турган аркасы ачык костюм сатып алат. Биз эми орус туугандарга агы жок гүлдүү дамбал кийгизгенге үйрөтүп жаткандайбыз.
Арадан бир жыл өттү. Таня апанын, бир кошунасы үйүн шашылыш сата турган болуп калды. Шавкат менен Мухае Россияга байма-бай каттап, акча топтоп, үй сатып алуунун аракетинде жүрүшкөн эле. Мухае Таня апаны жалгаз таштаганга кыя албай жүргөн эле. Жашоонун эң кыйын күндөрүндө жардамын аябаган бул кемпирди таштап кетүүнүн өзү күнөө эмеспи, анан дагы ал өзү жалгыз болсо. Мухае Таня апанын кошунасы үйүн сата турганын угуп кубанып кетти. Алар ошол эле күнү, ал үйдү алмак болушту. Таня апа ак көңүл мээримдүү аял болгондуктан кошуналардын бардыгы менен жакшы мамиледе эле. Ошондуктан алар анын сөзүн жерде калтырышпады. Кошуналар үйүн Мухаелорго сатууга макул болушту. «Кыймылдаган кыр ашыптыр» дегендей жубайлардын эмгектери текке кетпеди. Кудайга шүгүр, алардын эми үстүндө үйү бар. Алар бул жарык күндөргө оңой жетишпеди. Шаардан-шаарды кыдырып, самсып жүрүп акча топтошту. Жакшы жеп, кийишпеди, тамак ашты да аз жешип адамдардын кеп сөзүнөн кутулуш үчүн түндү-түн, күндү-күн дебей чуркашты. Акырында алардын максаттары ишке ашкансыды. Бирок, үй алып эле алардын көйгөйлөрү чечиле койгон жок. Мындан аркы жашоого да акча табуу керек болду. Болгон каражаттарына үй сатып алышты. Кыздары да бойго жетип калышты. Аларга да сеп дегендейлерди даярдашты.
Күн артынан күндөр өтүп жатты. Шавкат менен Мухае баягыдай элк акча табуу менен алек. Ошол максатта кыздарын да мектептен чыгарып алышты. Эки кызы торт бышырып сатса, Шавкат менен Мухае жаңы базардан жай алып, тааныш билиштерден аны-муну сурап сатуучулук кыла башташты. Карасуудан арзанеыраак майда-чүйдө товарларды алып келип сатышты. Кийинчерээк Ташкент, Бишкек, Алмаатага катташты. Күн өткөн сайын алардын турмушу оңолуп баратты. Акча да, заман да адамдарды өзгөртүп жиберет окшойт. Илгери күйөөсү таап келген сары чакага эле шүгүр кылган кээ бир айымдар, заман өзгөрүп «кожоюндарынын» таап келген үч-төрт тенгесине карабай калышты. Жанындагы адамдарга окшоп жакшы кийинип, ичип жеп жүргүсү келип бардыгы базарга чыгып кетишти. Бала тарбиялар, менен да иштери болбой калды. Айрымдары чет өлкөлөргө каттап жаман жолго түшүп кетишти. Жыйынтыгында үйбүлөлөр бузулуп, жетим калган балдар көбөйдү. Айрым башы ачык аялдар өз билгендерин кылышып дүнүйөгө көз артышып, өздөрүн жоготуп коюшса, кээ бирлери машина сатып алып, өздөрү айдап жүрүшөт. Буларга эркектин кереги деле жок болуп калды. Кээ бир адамдарды көрүп өспүрүм жаштардын тарбиясы да бузулду. Акыркы учурда адамдар бир жактан келин алгандан да коркуп калышты. Каякты карабаңыз, зыяпат, меймангерчилик. Илгери кыздар келинн болмоюнча кымбат кийим кийишпес эле, бардыгы ийилип салам беришчү. Эми алардын кимиси келин, кимиси кыз экенин ажырата албайсың. Мына ушулардын баарын үйдө чоң кишилердин болбогондугу себепчи эмеспи. Кимди сурабаңыз, ал бир жакта соода кылып жүрөт, күйөөсү бир жакта, аялы бир жакта. Туура азыр тиричилик өткөрүү кыйын болуп калды. Үйдө кол куушуруп отура берсең, болбосо. Иштейин десең, иш болбосо.