Жыргал Султанбеков

Очень плохоПлохоУдовлетворительноХорошоОтлично (17 голосов, средний бал: 4,82 из 5)
Загрузка...

Жыргал Султанбеков (Кыргызстан)

Переводчик, лингвист. Пишу прозу, перевожу произведения. С детства увлекаюсь литературой. Участник литературных конкурсов, мастер-классов Международного фонда Айтматова.

_______________________________________________________________________________________________________

«Өкүнүч»

 

Перевод с английского на кыргызский язык Султанбекова Жыргала

Оригинал – «Father Forgets» by W. Livingston Larned

 

Укчу мени, уулум. Сөзүмдү сен уктап жактан маалда айтып отурам. Кичинекей колдоруңду жумшак жаагыңдын алдына басып уктап жатасың, тармал чачтарың бираз тердеген чекеңе жабышат. Уйкуңа жолтоо болбоюн деп, бөлмөңө акырын басып кирдим. Бир нече мүнөт мурда, мен өз бөлмөмдө гезит окуп отурганда, көкүрөгүмдү кандайдыр бир оор өкүнүч жерип жиберди. Мына эми, уулум, өзүмдү күнөөлүү сезип, сенин алдыңа келип отурам.

Билесиңби, уулум, эмнеге кейип турганымды? Өзүмдүн көңүлсүз маанайымды бүгүн сенден чыгардым. Сен мектепке даярданып кийинип жатканда, мен сени катуу урушуп салдым, анткени бети-колуңду жуугандан кийин сүлгүр менен аарчынбай чыга келдиң. Бут кийимиңди тазалабай кийгениң үчүн менден тил уктуң. Топуңду жерге түшүрүп алганда да, жемелеп кирдим сени.

Түшкү тамакты ичип отурганыбызда да, сенин кыймыл-аракетиңди жактырбай улам-улам урушуп турдум: чыныдагы чайыңды төгүп алганда, тамакты шашып жегениңде, чыканагыңды столдун үстүнө койгонуңда, нанга майды олчойтуп шыбап жегениңде… Тамактан кийин сен балдар менен ойноого эшикке чыкканда, мен болсо андан ары жумушка жөнөөгө даярданып турганымда, сен мен тарапка кол булгалап мени менен кош айтыштың: «Ата, жакшы бар!» Мен болсо, кабагымды бүркөп, «Ийниңди куушурба!» деп сүрдүү сүйлөп жумушка кете бердим.

Кечинде жемелөөм кайра башалды. Жумуштан үйгө кайтып келе жатып, сен балдар менен чүкө ойноп жатканыңды көрдүм. Шымыңдын тизеси жыртылып калыптыр. Сени менен ойногон балдардын көзүнчө сага кыйкырып, алдыга салып үйгө айдап келдим сени. Шым кымбат турат – эгер шымды сен өз акчаңа сатып ала турган болсоң, шымыңды аяп этияттап ойноор элең. О, чиркин! Ушинтип дагы айтамбы сага, балам?

Эсиңдеби, уулум, кечирээк мен өз бөлмөмдө гезит окуп отурсам, сен кирип келгениң? Ишенимсиз жай кадамың менен акырын басып келдиң, бирок мага жакындабай беш кадам аралыкта токтоп калдың. Коркуп кетенчиктеген көз карашың менен мени карадың. Мени гезит окуудан алагды кылганың үчүн жинденип, «Эмне керек сага?» – деп сурадым сүрдүү үнүм менен.

Сен жооп бербестен, ылдам мага чуркап келип, мойнумдан кучактап калдың. Кудай сенин жүрөгүңө коштоп берген жылуулук менен, мээримдүүлүк менен сенин кичинекей колдоруң мени кучакты. Менин сага жасаган орой мамилем да жүрөгүңдүн мээримин суута албас экен. Анан… бетимен өөп, кайра өз бөлмөңө чуркап кеттиң.

Билесиңби, уулум, сен чуркап кеткениңден көп узабай эле, колумда кармаган гезиттер жерге кулап чачылып түштү, жүрөгүм кысылып кандайдыр бир түшүнүксүз буулуккан сезим кекиртегиме келип такалды. О, Кудай! Деги эмне болуп калганмын мен? Уулумду дайыма жемелеп урушуу көнүмүш адат болуп калдыбы? Уулум, сени жаман көргөндүгүмдөн ушундай мамиле кылам деп айтууга болбойт го. Жок, уулум, кантип эле сени жаман көрөйүн. Жөн гана сенин кичинекей экендигиңди эстен чыгарып коюп, сени чоң кишинин ченеми менен ченесем керек.

Уулум, сенин мүнөзүң кереметтүүлүктү, аруулукту, кең пейилдикти, чын жүрөктүктү камтыйт. Сенин кичинейкей жүрөгүң алыскы аска-зоолордон да зор. Бүгүн, азыр, мына ушул учурда, мына ушул мүнөттө мындан башка маанилүү эч нерсе жок, уулум. Ойго кезиңде сага келүүдөн тартынып, сен уктап жатканда акырын басып келип, жаныңда тизе бүгүп, сенин алдыңда күнөөмдү сезип уялып башымды ылдый түшүрүп отурам.

Билем, уулум, бул мен үчүн кичинекей эле жаза. Мындан да оор жаза тартууга даярмын. Сен ойгонгондо ушул сөздөрдү айтсам, түшүнбөстүрсүң, балам. Бирок, ишенип кой, эртеңден баштап мен сенин чыныгы атаң болом! Сени менен ойнойм, сен күлгөндө күлөм, сен капаланганда капаланам. Сени жемелеген сөздөр оозумдан чыгаарда, тилимди катуу тиштеп жутуп салам. Мындай учурларда дайыма келме келтиргендей өзүмө өзүм эстетип турам: «Кичинекей бала эмеспи, тарт тилиңди, кичинекей бала эмеспи» деп.

Ойлоп көрсөм, сага чоң адамга койгон талаптарды коюп, чоң кишинин ченеми менен ченеп келиптирмин. Бирок, азыр сени карап, уулум, туура эместигимди түшүнүп турам. Жакында эле сен апаңдын эмчегин эмип, буттарыңды тыбыратып үйдү кубанычка толтуруп жатчу элең. Сенин алдыңда күнөөм чоң, уулум. Күнөөм чоң.

 

Оригинал: «Father Forgets» by W. Livingston Larned

Listen, son; I am saying this as you lie asleep, one little paw crumpled under your cheek and the blond curls stickily wet on your damp forehead. I have stolen into your room alone. Just a few minutes ago, as I sat reading my paper in the library, a stifling wave of remorse swept over me. Guiltily I came to your bedside.

There are things I was thinking, son: I had been cross to you. I scolded you as you were dressing for school because you gave your face merely a dab with a twoel. I took you to task for not cleaning your shoes. I called out angrily when you threw some of your things on the floor.

At breakfast I found fault, too. You spilled things. You gulped down your food. You put your elbows on the table. You spread butter too thick on your bread. And as you started off to play and I made for my train, you turned and waved a hand and called, “Goodbye, Daddy!” and I frowned, and said in reply, “Hold your shoulders back!”

Then it began all over again in the late afternoon. As I came Up the road, I spied you, down on your knees, playing marbles. There were holes in your stockings. I humiliated you before you boyfriends by marching you ahead of me to the house. Stockings were expensive – and if you had to buy them you would be more careful! Imagine that, son, form a father!

Do you remember, later, when I was reading in the library, how you came in timidly, with a sort of hurt look in your eyes? When I glanced up over my paper, impatient at the interruption, you hesitated at the door. “What is it you want?” I snapped.

You said nothing, but ran across in one tempestuous plunge, and threw your arms around my neck and kissed me, and your small arms tightened with an affection that God had set blooming in your heart and which even neglect could not wither. And then you were gone, pattering up the stairs.

Well, son, it was shortly afterwards that my paper slipped from my hands and a terrible sickening fear came over me. What has habit been doing to me? The habit of finding fault, of reprimanding – this was my reward to your for being a boy. It was not that I did not love you; it was that I expected too muchof youth. I was measuring you by the yardstick of my own years.

And there was so much that was good and fine and true in yourcharacter. The little heart of you was as big as the dawn itself overthe wide hills. This was shown by your spontaneous impulse to rush in and kiss me good night. Nothing else matters tonight, son. I have come to your bedside in the darkness, and I have knelt there, ashamed!

It is a feeble atonement; I know you would not understand these things if I told them to you during your waking hours. But tomorrow I will be a real daddy! I will chum with you, and suffer when you suffer, and laugh when you alugh. I will bite my tongue when impatient words come. I will keep saying as if it were a ritual: “He is nothing buy a boy – a little boy!”

I am afraid I have visualized you as a man. Yet as I see you now, son, crumpled and weary in your cot, I see that you are still a baby. Yesterday you were in your mother’s arms, your head on her shoulder. I have asked too much, too much.