Жыпара Исабаева

Очень плохоПлохоУдовлетворительноХорошоОтлично (235 голосов, средний бал: 4,76 из 5)
Загрузка...

Жыпара Исабаева (Кыргызстан)

Писательница, поэтесса, сценарист и корреспондент газеты “Кыргыз Туусу”.

Ею были написаны несколько книг: “Жыландын Суйуусу”, “Канат и Зарина”, “80- АШУУ” и др. Она обучает студентов журналистскому мастерству, искусству писать интересные статьи, произведения, стихи.

_______________________________________________________________________________________________________

Жыландын сїйїїсї

 

Романдан

(Узунду)

    Капырай десеў! Кимдин оюна   келет дейсиў,   мындай иш?! Кимдин акылына сыят?! Ким ойлоптур, аўгыраган ээн адырды пааналаган мына бул жылан баласы адамга окшоп, адам баласына ашык болуп, адам деп сыздап калат деп! Деги, адам баласынын акылы айран болуп, дене бою дїркїрєй турган укмуш, бул!..

Боп-боз адырда боздоп, бороон улуп атты. Эзели бетине эчтеке чыкпай, ансыз да тїктїйгєн бул беттин топурагын тытмалап, шамал ышкырат. Ага деле кайыл болуп, тээ атамзамандан бери ушул жерде жатчу їйдєй кара таштын коўулунда, адамдардын айылы тараптан кєзїн албай, тикчийет жылан. Бийиктиги адам боюнан бийик, денесинин ар кай, ар кай жеринде гана азыраак темгилдери бар ак жылан…

Мындан анчалык алыс эмес, орчук таштуу аскалардын арасында, адам тїгїл куш кирип кетсе кайра чыккыс Жинди-Чап деп аталган жеркуйдун тїбїндє анын мекени бар. Узундугу те ат чабым жерге чейин созулуп жаткан ушул жеркуй жєнїндє адамдар “илгери-илгери” деп аўыз кылышат…

Ошол илгери-илгери ушул адыр кєк тулаўы жайкалган жашыл тєр болгон дешет. Береги жылаўач асканын боорунан дирилдеп булак агып, ал булактан кыз-келиндер суу алып, сапырылган шаркыратмага денелерин жуучу тура. Анан… кайсы бир кїнї ошол айылдын башына каран кїн тїшкєн дешет! Бейкам жаткан элди кайдан-жайдан жоо каптап, айылды єрттєп, кїлїн кєккє сапырат! Сууда ойногон кыз-келиндерди тегеректеп, мазактап кордомой болушат. А бирок ал кыздардын арасында жай чилдеде борошолоп кар жаадырып, кыш чилдеде торгой ырдаткан жайчынын жалгыз кызы болгон имиш. Ошондо кыз: “Ушуларга кордолгуча єлїп тыналы! Тынч элибизге кастарын тиккен канкорлорду ала жаталы!” – деп атасынан їйрєнгєн дубалардын эў катаалын каргыш менен жууруп окуйт. Ошондо жер алай-дїлєй болуп, заматтын ичинде кара тїн тїшїп, асман-жердин ортосунда чагылгандар каршы-терши сайылып, тоо козголуп, жер кєчїп, алаамат болуптур! Баягы булактуу аскалардын арасынан ажырап жараўка кетип, кыз-келиндер да, курал-жарагы, ат-маты менен жоо да бїтїндєй ошол жараўкага – жеркуйга тїшїп кеткен имиш! Ошондон кийин ушул адыр ушинтип ыйлап, шаркыратма, булагы соолуп, кагырап калган дешет. Ал жерге эми адам да жолобойт. Жеркуйга кирген мал-жан кайра чыкпайт. Ошон їчїн бул жер Жинди-Чап деп аталып, жалгыз гана жыландарын мекени болуп калган делет!

 

***

 Береги биздин ак жылан да так ошол жыландардын мекенинен чыккан. Алла таалам тагдырына ошону жазгандай, анан калса ошол чыпалактай кезинен эле адам баласына жакын болду. Адамдар жїргєн жерлерди айланчыктап, ошолорду акмалап, айтор орчук таштуу аскалардын арасынан кєп кетчї…

Бороондун боздогону али басыла элек. Аба ырайы жакшы болгондобу, азыр убакыт чак тїш, кїн чакыйып тєбєдє болмок. А бирок бирде тїрмєктєлїп, бирде чоюлуп узара тїшїп жаткан жылан аба ырайына деле кайыл болчу. Чындап келсе, їстї-башын улам боз топурак менен кєємп, кайра анысын заматта «жууп» кетип, бирде ыркырап, бирде созолонтуп ышкырган шамалды ал тоготкон да, сезген да жок. Болгону эле бїт тулкусу от менен жалын болуп, сагынычтан бекен, эс-акылы да, оор денеси да тынч ала албай, тынымсыз чабалактай берди.

О, эгерде ошол кїздєгї окуя болбогондо!.. Анда жыланды азыр эч нерсе, эч ким токтото алмак эмес! Кудум баягысындай учуп-кїйїп, айылга тїшїп бармак! Андайда анын келе жатканын Кызмончогу да сезип, кызыл кєйнєгїнїн этек-жеўин делбиретип, колундагы жоолугун желбиретип, жолунан тосуп чуркамак! Кокус антпей калса, баягы єзї салып алган жол менен жылан тїз эле їйгє кирип бармак! Кудум адамдардай экєє анан кєпкє чейин кучакташып турушмак! Кызмончок сїйїнгєнїнєн Жанын бооруна кысып алып тегеренип-тегеренип алмак. Андайда экєєнї аўкая караган ата-энеси же сїйїнєєрїн, же кїйїнєєрїн билбей, эси ооп турушат эле. Качан гана Кызмончоктун кучагынан куюлуп тїшїп, Асылбек менен Сырганын аяк алдына келгенде, бет маўдайында балага окшоп болбурап, сагынычын жашыра албай, эркелеп турган жыланга Сырга тїтпєй кетмек! Кїйєєсїнєн саал тартынып, бирок озунуп учурашып:

– Кандай, Жан? Жакшыбы?.. – деп мээримдїї кїлїмсїрємєк. Ошондон кийин гана Асылбек баягысындай эле ооз учунан:

– Келдиўби?! – дейт эле. А бирок анын бир гана ушул сєзїнєн Жан кєп нерсени туйчу. Билгизбегени менен анда деле  кандайдыр… ооба, ата катарыбы, же тек гана адам катарыбы… Жанга карата тымызын бир жылуулук, мээрим сезилчї. Ошол эле учурда Асылбек Жандын минтип, жаз сайын кайра кайтып келишин каалачу эмес. Ошол жерде бєжєйїп олтура калышып же єздєрїнчє бєлїнє тїшїп, сагынычтарын айтышып жаткан Кызмончок менен Жанга акырын-аста кєз кырын салып, ойго батып кетчї.

Кызмончок андайда Жандан кышты кандай єткєргєнїн сурайт эле. Жан болсо абдаарып калчу. Кышы бою эч нерсе билбей, сезбей чээнде уктаганын кантип айтат?! Кызмончоктун алдында ансыз да айбан экендиги їчїн арман кылып жїргєн макулукка бул оор тийчї. Кызмончок эле болсо ошону туйбайт дейсиўби?! Туйчу! Атїгїл жылан досунун эмнени ойлоп, эмнени жашырып-жаап жатканын кєздєрїнєн эле кєрїп алчу да, ууртунан кїлїмсїрєп, эмнегедир ичи элжиреп кеткендей бооруна кайра да кысып, эркелете, сїйє тиктечї.

«Балким, ал анда мени аячудур? – деди эми оюнда Жан, – Мїмкїн…» Анткени, андан ары кыз эч нерсе сурачу эмес. +здєрї жєнїндє божурап айтып берчї. Кыштата Жанды сагынганын, аны канча ирет тїшїндє кєргєнїн, атїгїл анын сїрєтїн саймалап сайганын айтып, жїктїн астындагы чакан, кооз сандыгын алып чыгып, жыландын ар кыл сїрєттєрї тїшїрїлгєн чоў, кичине аппак чїпїрєктєрдї алдына жая баштачу. Жан да анын ар бирине тирмийе тиктеп, кыздын сыйкырчыдай касиетине таў берип аппак, кичинекей, жумшак колдоруна суктана карачу. А бирок, ичинде канчалык жетине албай турганы менен, ошого удаа эле “аттиў!” деген єкїнїч єзєгїн єрттєп, куйкалап турчу! Єзїнїн да ушундай колу, буту болгондобу, Кызмончогуна кандайдыр белектерди арнабайт беле!

Оюнун ушул жерине келгенде дагы бир жолу катуу онтоп, їшкїргєндєй  узакка: “Кышш-ш!..” – этти Жан.

Эмнегедир ага убакыт єтпєй, токтоп калгандай сезилип, ансайын ордуна батпай, тынчы кете баштады. Коўулдан кайра да суурулуп чыгып, башын койкойто калып, айыл тарапты карады. Бирин-экин айылдыктардан башка кєзїнє эч ким, эч нерсе чалдыккан жок! Жер жазданып, тунжурап жата кетти да, оюна бир нерсе тїшє калгандай, же баарына тобокел кылгандай анан, ушунчалык тездик менен ийрелеўдеп, айылды кєздєй баратты!

Боору жерге тийип-тийбей зымылдаган жыланды азыр токтотууга эч мїмкїн эмес болчу! Бир гана кїч, бир гана нерсе болбогондо ким билет, эмне болмок?!

Кїздєн жазга чейинки убакыт бир кылымга татып, сагынычы жанына ушунчалык батып, шашкандан го, карышкан  мойну улам алдыга узара тїшїп келатты.

 

***

Октой сызган жыландын кєз алдына кайдан-жайдан кызыл кєйнєгїнїн этек-жеўи шамалга делбектеген, кыжымы чыптамачан кыздын элеси булактап кєрїнє калып, ошол элеске удаа эле адам баласынын тааныш добушу їзїл-кесил угула тїштї! Бирок їн буга жетпей, ортодон шамал учуруп, ыў-жыўсыз жоголуп кетти. Билди! Демек Кызмончок да анын келатканын туюп, кандайдыр… шашылыш белги берип, алда нелерди айтып жаналекетке тїшїп жатат! Ансайын кєкїрєгїнєн тїрткєн шамалды жиреп, їндї тыўшап умсунуп барат Жан! Кєп єтпєй анан жїрїшїн азайтты… Токтоп да тыўшады. А бирок, баары бир кыздын їнїн кармай албай убаралана берди. Борон-чапкынды баятан бери тоготпой келатса, эми ага кыжырланды, ызаланып, туталанды! Ошон їчїн го, чубалган оор денесин соўку кырга чейин араўдан зорго сїйрєп келди да, жарым жартылай тура калып, тємєн тарапка кєз жиберди.

 

 ***

 Жылан токтогон ушул адырдан айыл тарап алаканга салгандай ачык, даана кєрїнєт. Адырдын бир єўїрї улам эўкейиштеп олтуруп, этеги тїп-тїз жайыкка айланат. Андан ары айыл башталып, анча кєп эмес їй бїлє тїтїн булатат. Ошол їйлєрдєн аз-аз обочороок, тоого ыктай салынган, їстї камыш менен жабылып, терезеси темененин кєзїндєй жылтыраган береги жалпак боз там жыланга єзгєчє жагымдуу. Керек болсо ал ага єзїнїн ордосунан да жакын сезилет. Анан калса ошол їйдїн  кайсыл жеринде эмне турганы эле эмес, анда жашагандардын кулк-мїнєздєрїнєн бери жыланга жатталып калган.

Кечиндеси ошол терезеден їрїл-бїрїл, кызгылтым жарык жанат.

Жакындап барып карасаў  – ортодо бир їзїм от їлпїлдєп кїйїп, ошонун жарыгында арыкчырай, каратору жаш аял бир байлам ак жоолугун чекесине тыкчыйтып байлай коюп, шакылдата камыр жайып же чыны-аяк жууп жаткан болот. Їйдїн ээси  — узун бойлуу, кеў далылуу, шадылуу эркекти болсо жылан чын дилинен жактырат. Кээ бир адамдардай опурулуп-жапырылбай, дайыма токтоо, калбаат. Кечкурун комузун кыўгыратып, а кай бирде билегин тїрїнє коюп,  кєпкє чейин кїї чертет. Андайда аялы дагы жасап жаткан ишинен баш кєтєрє, кїйєєсїнє суктана, элжирей тиктеп, муюй калат. Атургай жылан дагы адегенде Кызмончокту туурап, андан кийин чындап эле бїткїл дитин тєшєп, Асылбектин маўдайында ийрейип жатып алып, башын кээде-кээде серейтип кєтєрє коюп кїї укчу. Ушунун баары Жан їчїн айтып бїткїс, керемет учур эле! Баарынан да Кызмончокту айт! Там-туў баскан кезинен эле комуз укканды жакшы кєрчї. Атасынын оў тизесине тыпыйып отуруп алып, анын бирде каршы-терши ойноп, бирде комуздун кылдарында тыбыраган манжаларынан кєз албай, сыйкырдуу жыгачтын боорунан чыккан керемет дїйнєгє кулак тєшєчї.

Ошондо эле айыл-ападагылар Кызмончоктун баладан башкача зээндїї, зирек экенин айтышчу. Шыпшынып, таў калышчу.

– Капырай, ботом! Ушул кенедей немеге эле асылып калышты! Деги Кудай-таалам пендем десе, баламды жаман  кєз менен суук сєздєн сактаса экен! — деп Сырга андайда, эне чымчыктай канаттарын жая коюп, чебелене берїїчї. Кызынын ылдам эле бой жетип, чоўоюшун каалачу. Бирок, Кызмончок бойго жеткени деле элдин кєзї менен сєзїнєн кутулган жок. Тескерисинче улам барган сайын ал тууралуу “имиш-имиштер”, ушак-айыўдар арбып, бура бастырбай турган болду. Баарынан да кыздын кїнїгє бир маал кылактап, тоого жалгыз чыгып кетиши элге табышмак эле! Адегенде аны байкагандар:

– Баягынын кызын чын эле жин даарыганбы, капырай! Чак тїштє эле кыр ашып, жалгыз кетип баратат! – десе дагы бирєєлєрї:

– Жок, анын кєрїмчїлєрї бар экен! Кєзїн байлап, ошентип эрчитип кетет экен! – дешчї. Акыркы убактарда андай имиштер шоона эшпей калып:

– Жок, кокуй! Кызмончок жыландын тилин билет дейт! Элден алыстап, ээндеп барып єзї да жыландын кебин кийет экен! – деп, атургай:

– Бетиў тїгєнгї-їр! Кызмончок кош бойлуу экен! Жыландан боозуптур! Ай-кїнїнє жеткенде ажыдаар-аялга айланат имиш! — деп їрпєўдєшїп, алда неден кооптонгондой акырын-аста сїйлєшїп, кїбїў-шыбыў болуп, ушакчылардын кїнї тууп, баарынан да Асылбекке кєєнї бузуктар кудуўдап, котур ташын коюнга ката башташкан!