Токтобек Усенов

Очень плохоПлохоУдовлетворительноХорошоОтлично (30 голосов, средний бал: 4,70 из 5)
Загрузка...

Toktobek Usenov (Kyrgyzstan) 

Toktobek Usenov, the fourth year student of Kyrgyz National University, was born in Naryn 1991.

His first book is named “Believe me mother” was published in 2009 when he was studying in 11th grade.

2011 year- the winner of the contest organized by the Ministry of Youth, for his poem named “Miss you, mother”

2012 year- his book “Why aren’t you joyful, boy?” was published. The same year brought him success in the contest “Many languages, one world” where he became a winner of an award.

_______________________________________________________________________________________________________

Synopsis

 

People of Kyrgyzstan suffered much from the economic crisis when it had separated from the Soviet Union. Parents were trying to feed their children somehow and the education of their offspring was in the last plan only. The story tells about the life of 15-16 years of children.

Children of the age 15-16 used to meet in abandoned houses to smoke, drink alcohol and smell the glue. They don’t know what other things they can do for that time. They are tired of such life and dreamt to have different life in a big welfare when they get maturity…

One day, those guys organize a party…

The story starts in this part. One of the boys brought “Viagra” which was secretly taken from his father, who lived in a city. One girl was deprived her innocence because of this pill after that girl suicides.

All boys were in big panic and the boy who was guilty in her death begged others to keep in a secret, so they decide to dig her and pretend not knowing anything about her.

When they were digging her corps the unexpected custodian became a witness, so he is killed by scared boy, then shocked boys start to panic and fight with each other. At the result, only one boy stays alive…

He will be jailed and released with the help of relatives. But his human factor will not let him live better, so he decides to come back to the jail…

 

Жигит, эмнеге шайыр эмессиў?

 

(Аўгеме)

 

Пролог ордуна

 

Ушул катты окуурум менен эсим ооп, дабдырай тїштїм. Чынымды айтсам,  адегенде ишенген жокмун. Уялыўкы кыздай, кєзгє тике карабай жер тиктеп, ошол эле учурда жылдыздуу дагы ошол жаш уландын башынан ушундай окуя єткєнїнє ишенбей турдум. Кимди кїнєєлєрїмдї билбей, бир карасаў бар тарабы тегиз єўдєнгєн бул жашоодо эмнелер гана болуп жатканын ойлоп, жаным ачып кетти.

Кимди кїнєєлєйм? Балдарынын, жаштарынын кандай жашап, кандай єсїп келатканына кайдыгер караган адамдардыбы, айлана-тегеректи, коомчулуктубу же балдардын єзїнбї?

Терезеден сыртты карайм. Эч нерсе болбогондой, эч нерсе билбегендей жашоо уланууда…

Тамеки кїйгїздїм да, ары-бери капарсыз єтїп жаткан машинелерди, алеядагы адамдарды карап турдум.  Кєз алдыма – алиги улан. Башымдагы быкылдаган кєп суроого бир илинчээк, жооп таап алуучудай, ал жигитке жолуккан ошол кїндї кайра баштан кєз алдымдан єткєрє баштадым.

Ошол кїнї  машинем бузулуп, жолдо тургам…

Майга тыгынчык болсун деп бир-эки киши салып алдым эле, алар да тїшїп, башка машинелерге отуруп кетип калышты…

Журналисттин акчасы качан кєп болмок эле. Эптеп кредитке алган жаман машинемди чукулап, жинденем. Ары карасам да, бери карасам да, кай жеринен кеткенин билбей башым ооруп, улам-улам тамеки тїтєтєм. Жанымдан машинелер зуу-зуу этип, шылдыў кылгандай баткак чачыратып єтїп кетип жатышат. Ансайын жаным кашаят.

Менден анча алыс эмес жерде турган орто бойлуу, кара тору жигитке кєзїм урунду. Кыязы бул жерлик эмес окшойт, кийингени да башкача. Оюмда, жаўы эле аскерден келе жаткан жигит го деп койдум. Анткени, эки жагына чоочуркагандай карап, турушу да башка, комсоо эле.

Анан да бутундагы аскерлер кийчї берцасы, артына асынган таар сумкеси, башындагы єўї єчїп эскирген, бирок, таза жууп, какжырата сыгып кургатып кийип алган топусу аны єзї теўдїїлєрдєн єзгєчєлєнтїп турат.

Аскерден чыкканда эки жыл мурунку жашоо єзгєрїлїп, адамдар башкача кийинип, башкача болуп калат жашоо. Ошондуктан єзїн чоочун сезип жаткандай сезилди мага ал. “Армияда техниканы окутат эмеспи, балким билип жїрбєсїн?  Эптеп машинем от алса, тїнї менен болсо да кирип барсам болот эле. Кудайдан болуп, сапарлаш болуп калсак, андан бетер жакшы болмок. Кар да жаачуудай болуп келатат…” – ушинтип ойлоп, май болгон колумду чїпїрєк менен арчып жатып:

–           Эй, жигит? – дедим.

“Менби?” –  дегенсип эки жагын карап калды. Кол шилтедим. єзїнє ишенбегендей, чочулагандай  басып келди.

–           От албай жатат, буга тїшїнїгїў жок беле?

Унчуккан жок. Жеўи менен мурдун аста сїртїп, топусун оўдой кийди да, капотту эўкейип карай баштады.

“Айылдык балдар жоош болот эмеспи, биротоло жїрєгїн єлтїрїшїптїр…” – баланын жалтаўдыгынан улам боорум ооруп койдум.

Анткен менен ары чукулап, бери чукулап атып, от алдырып салды. Сїйїнїп кеттим. Машинеге отура калып, газды басып алдым. Эми єчїрбєй ушул бойдон кирип барыш керек. Дыр-дыр этип машине какап-чакап от алып алды. Баары жайында экенин бир сыйра текшердим да, айнектен башым чыгарып:

–           Кайда барасыў? – дедим.

–           Нарынга, – тартынчыктай айтты бала.

–           Отур. Жигит деген кантип уялсын. Анын їстїнє

сендей аскерден келе жаткан жигит деген уялбайт. Кайра атырылып, шарт-шурт кетпейби, – дедим ал отургандан кийин.

“Аскерден” деген сєзїмє го, мыйыгынан жылмайып койду.

Антсе да, жигиттен кеп чыгабы деп, жолду катар ардеме, бирдемелерди сїйлєгєндєй болдум. Машине оўдогонду кайдан билерин сурап, єзїмдїн журналист экенимди, бош убактымда чыгарма жазарымды, бирок техника менен анчейин мамилем жок экенин айткам. Ал анда деле унчуккан жок. “Кайдан келатасыў?” – десем унчукпай койду. Мага анын кайдан келе жатканы деле кызык эмес болчу, машинемдин от алганына кубанып, радионун кулагын бурап, кыўылдап ырдаган болуп келе бердим.

Тїн оой Нарынга кирип бардык. Автовокзалга жеткенде:

–           Токтоп коёсузбу? – деди. Чєнтєгїнєн акча алып сунду. Анын унчукпаганына мен да кєнє тїшкєн окшойм, мен да эч нерсе дебедим. Тек гана:

–           Тек кой. Аскерден келе жатам деп сїйлєшкєн кызыўа гїл сатып бар, – дедим.

Ал кучактап отурган сумкесин ачып, мага андан дептер алып чыгып сунду. Кагаз, калемге жакын жаным жандана тїштїм.

Бирок, анын эмне экенин сурагыча улан тїшїп кетип калды…

 

Кєртирлик менен алпурушуп жїрїп, чынымды айтсам, ал баланы унутуп да калыптырмын. Бїгїн кагаздардын арасынан ошол эски дептерди таап алып, окуп чыктым да, не кылаарымды билбей, минтип  абдаарып калдым.

Ошондо бир-эки курдай жолдон: “Жаш туруп, эмнеге мынча тїнтсїў, эмнеге шайыр эмессиў, жигит?” – деп тийиштик кылганымды эстеп, єзїмдї-єзїм кїнєєлєдїм…

Колумдагы дептерде анын эмнеге шайыр эмес экендиги сулуу, ирээттїї тамгалар менен тизмектешип, минтип жазылып турган…

 

 

***

 

Чык… чык… чык…

Сааттын жебеси чыкылдап єткєн сайын жаным жай таппай, колу-бутумду, атїгїл ээгимди саал титирек басып, тордолгон айнек терезеден сыртты карайм. Башында ушул жерге келгенимде убакыт эртерээк єтїп, ылдамыраак бул жердин коркунучтуу, суз жашоосунан бат эле чыгып кетсем экен деп тиленчїмїн. Эмичи?.. Кечээки: “Чыгасыў”, – дегенди уккандан бери кайра: “Убакыт єтпєсє экен”, – деп тилене баштадым.

Бул жерден чыгаарыма, эркин болоорума кубансам болмок, бирок: “Кайда барам,  эл эмне дейт?” – деген ой жанымды жейт. Анан да, “боштондукка чыгасыў” дегенди уккандан бери кєкїрєк-кєўїлїмдї таруудай бир нерсе єйкєп, абийрим жанымды жай алдырбай баштады. Анткени, татыктуу жаза албай калганымды сезип жатам…

Мен бул жерге келгенге чейин кандай болсо, биздин кичинекей шаар ошол бойдон турса керек.

Терезеге телмирем. Сыртта кїн тийип турат. Андан ары бак-дарактар, андан дагы арыраак биздин тикенек дубал. Дубалдын сыртында зуулдап машинелер тынбай єтїїдє…

Айылда азыр Кытайдан каттаган чоў “Камаздар” адатынча кесїїдєн чоў тоюп алып шашпай тїшїп келе жаткан уйлардай чубалжып, кызыл белден тїшїп жатышкандыр?

Байкуш апам тирїї болгондо азыр сїйїнгєндєн балбаалап ыйлап атмак. Балким ал азыр кєрїндє да ыйлап жаткандыр: “Араўдап тапкан жалгызым! Ырысым, бактым! Ушуну берген Теўириме рахмат! Жаман болсо деле мейли, иши кылып аман болсо экен! Тукуму уланса экен!..” – деп? Байкуш апам… а мен сага бакыт болбой эле, азап, кайгы болрумду болжодуў бекен?!

Токточу, балким, каргашалуу ошол кїнї апам мени Кудайдан суранып, зарлап жїрїп тапканына, он ай омурткасы сыздап кєтєрїп, тєрєп-тїшкєнїнє єкїнгєндїр?

Ооба, ошонун эле алдында апам: “Менин жалгыз тирєєчїм, керээзим менин!” –  деп адатынча жалынып-жалбарып, оозку їйдє казан-аягын калдыратып жїргєн. А мен болсом, мурда кїнкї кылган “кылыгыбыздан” коркуп, башыма апамдын чыптамасын жазданып, ооруп атам деп шылтоолоп жаткам. Апам байкуш улам чебеленип, балам кандай болуп калды экен деп кирип-чыгып карап коет. Ал кире калганда кєзїмдї жумуп, онтомуш болуп калам. Чыгаары менен кєздєрїм умачтай ачылат! “Таякемикинде болдум”, –  деп бир сутка жоголуп жїрїп келгенимден бери ичсем кекиртегимден тамак єтпєй, калтырап коркуп жатам. Бир нерседен шек кылып, кандайдыр бир шумдукту сезген апам, мен кирип келгенде: “Эмне болду? Деги тынччылыкпы?!” – деп чочуп кеткен. Титиреген мени кєрїп, мээсине шак эте калган ар кандай жаман ойлорду кубалап, ичинен кїбїрєнїп, єзїн-єзї жемелеп, улам арча тїтєтїп, мен кандай кыйналсам, так ошондой кыйналып жатты эле… Тїнкїсїн башыма суу тегеретип, дубасын окуп, жамандыктан арачалап алчудай таў аткыча уктабай басып чыккан.  Эмне экенин толук тїшїнбєсє да, ошондо мен кєргєн шумдукту эне жїрєгї сезип, а балким, ошондо эле менин бир балакеттин ичинен чыгып  келгенимди билип алса керек. Ооба десеў, кайсы эне эле єз чїрпєсїн жаман кєрсїн. Канчалык канкор, мыкаачы болсо да, эне  їчїн баласы кїнєєсїз периште да.

Эшикте ит їрїп, апама бирєєлєр учурашып кирип келгендей болду. Ансыз да коркуп турган жаным башымды жууркандын астына ката койдум. Жууркандын ичинен кишилердин сєздєрї чала угулуп, бир кезде апамдын: “Эмне?! Эмне дейсиўер?! О, Кудай?! Мен ушуну сезгем, катыгїн! О, Кудай, эми эмне болот?!” – деген їнї Кудайга жетип, жашоомдон тїўїлє тїштїм. Апамдын: “Алдыўа кетейиндер, мен шордууну кууратпагыла, тийбегиле балама!” – деп  жалынып-жалбарган сєєгїмдєн єтїп, жїлїнїмє  жете тїшїп атты. Коркконумдан ыйлап кирдим.

………

………

………