Назгуль Осмонова

Очень плохоПлохоУдовлетворительноХорошоОтлично (6 голосов, средний бал: 4,67 из 5)
Загрузка...

Назгуль Осмонова (Кыргызстан)

Родилась в 1972 году в Ошской области. Окончила филфак педуниверситета им.И.Арабаева в 1995г. Работала журналистом, культработником, госслужащим. В данное время являюсь главным редактором общественно-литературной газеты «Сериал». Выпустила две поэтические книги «Кун туногон журок», «Жетим кополок». Стихи пишу с 16 лет, занимаюсь переводами. Переводила произведения Акутагава Рюнескэ, Пауло Коэльо, Габриеля Гарсиа Маркес. Мои переводы опубликованы в СМИ. Увлекаюсь живописью, историей, люблю классическую музыку.

_______________________________________________________________________________________________________

Новелла

Акутагава Рюноске

Сыйкырдын керемети

 

……

Жамгырлуу күздүн кечи эле.  Мени алып бараткан Рикша Оморинин тик дөңсөөлөрү менен бирде өйдөгө чыкса, бирде ылдыйга түшүп чуркап баратты. Акырында ал бамбуктарга жашынган европалык типте салынган кичинекей үйдүн жанына келип токтоду.

Боегу эбак өчкөн тар подьездде  илинип турган жаңы фарфор тактайда мындай деген жазуулар бар эле: “Индиец Матирам Мисра”.

Азыр, балким Мисра-Кун ким экендигин көбүңөр билсеңер керек. Теги Калькуттадан болгон патриот Мисра-Кун Индиянын эркиндигиүчүн жан аябай күрөшкөн адам болгон. Ошол эле учурда ал сыйкыр өнөрүнүн улуу чебери болуп, ал бул өнөрдү белгилүү брахман Хассан-хандын жетекчилиги астында үйрөнгөн.

Бул окуяга чейин бир ай мурун менин бир таанышым Мисра-Кун менен тааныштырды. Биз анда ар түркүн саясий маселелер боюнча талашып-тартыштык, бирок мен буга чейин ал өзүнүн сыйкыр тажрыйбаларын кантип жасай тургандыгын бир да жолу көрө элек болчумун. Ошондуктан, мен ага бүгүн кечинде сыйкыр кереметинен көрсөтүшүн суранып, алдын-ала кат жибердим да рикшаны алып, Мисра-Кун жашап турган кунары суз Омори чөлкөмүнө жөнөп калдым.

Мөндүрлөп жааган жамгырдын алдында туруп, фонардын күңүрт жарыгында эптеп фамилия жазылган тактайдын алдындагы досканы таап, коўгуроону бастым. Дарбаза дароо кыйч этти. Эшиктен Мисра-Кундун кызматкери пекене бойлуу, япон кемпир башбакты.

-Мырза Мисра-Кун үйдө бекен?

-Ананчы, келиўиз! Ал сизди эбактан бери кїтїп олтурат.

Кемпир ушундай кубанычтуу сєздєрї менен мени кире бериш бєлмєдєн Мисра-Кундун бєлмєсїнє  баштап баратты.

-Кутмандуу кечиўиз менен! Ушундай жамгырда келгениўиз їчїн сизге чоў рахмат!

Балбылдаган чоў кєздєрї бар, кара тору, жумшак муруттуу Мисра-Кун їстєл їсїндє турган керосин лампанын билигин чоўойтуп жатып, мени шаўдуу тосуп алды.

-Жогуўуз, чындыгында сиздин єнєрїўїздїн кереметтерин кєрїї їчїн ар кандай аба ырайында келїїгє даярмын. Жамгыр эмне болуп калыптыр!

Мен їстєлгє олтуруп, керосин лампасы кїўїрт жарык кылып турган караўгы бєлмєнї карай баштадым.

Европа стилиндеги жупуну кєрїнїш. Орто ченде чоў їстєл, дубалга такай тыкан китеп шкафы коюлган, терезенин тїбїндє дагы бир їстєлчє… Дагы биз їчїн эки отургуч, болгон буюм  ушул. Їстєлдєр да, отургучтар да  эскилиги жетип бїткєн. А тїгїл чекелери кызыл гїлдєр менен саймаланып кооздолгон кєркєм дасторкон да эскирип бїткєндїктєн, негиздери оюла баштаптыр.

Саламдашуубуз да аяктады. Бир азга бамбук єрєєнїндєгї чаба жааган жамгырдын їнїн тыўшап олтуруп калдым. Кєп єтпєй карыган кызматчы кемпир пайда болуп, бизге бир чыныдан  кєк чай берди.

Мисра-Кун сигарага толгон кутучаны ачып, мага сунду:

-Суранам, сигара алыўыз!

-Алкыш айтам!

Мен каадаланып олтурбастан, сигарадан тандап алдым да, кїйгїзїп жатып, мындай дедим:

-Сизге колдоо кєрсєткєн дух жин деп аталса керек ээ? Айтыўызчы, азыр мен кєрє турган сыйкырдын кереметтери ошонун жардамы менен болобу?

Мисра-Кун да сигарын кїйгїзїп, кытмыр жылмайып, жыпар жыттуу чылымдын тїтїнїн буркуратты.

…..

…..

….