Назгуль Осмонова

Очень плохоПлохоУдовлетворительноХорошоОтлично (14 голосов, средний бал: 4,00 из 5)
Загрузка...

Назгуль Осмонова (Кыргызстан)

Родилась в 1972 году в Ошской области. Окончила филфак педуниверситета им.И.Арабаева в 1995г. Работала журналистом, культработником, госслужащим. В данное время являюсь главным редактором общественно-литературной газеты «Сериал». Выпустила две поэтические книги «Кун туногон журок», «Жетим кополок». Стихи пишу с 16 лет, занимаюсь переводами. Переводила произведения Акутагава Рюнескэ, Пауло Коэльо, Габриеля Гарсиа Маркес. Мои переводы опубликованы в СМИ. Увлекаюсь живописью, историей, люблю классическую музыку.

_______________________________________________________________________________________________________

Кыш кечи

 

Ушул кыш үмүттөргө ороп мени,

Жылытты жүн жоолуктай салкын деми.

Кайрадан жолуккансыйм жаш чагыма,

Көргөндө аппак карлуу Бишкек сени.

 

Аппак кар,  алтын карым кайда  болдуң,

Жыл ичи ыр жазылбай бугум толду.

Себелеп аздан аздан жаап турсаң,

Табамын ыр дүйнөгө барчу жолду.

 

Достор ай,  кайдасыңар шарактаган,

Сабакта генийлерди барактаган.

Табалбай илкип келем өзүңөрдү,

Ак карлуу кыш кечинде таңы атпаган..

 

Ушул кыш үмүттөргө ороп мени,

Жылытты аптап сымал салкын деми…

 

Эски дептер

 

Эски дептер, эски дептер,

Жаштыгымды сен эстеттиң…

Ак кайыңдуу жазгы бульвар,

Досторум ай ак тилектүү…

 

Эски дептер, эски дептер,

Эмнелерди сен эстеттиң?

Гүлгө оронгон жашыл калаа,

Мени сүйгөн ал жаш бала…

 

Эски дептер, эски дептер,

Кайрылбасты элестеттиң.

Түнү бою ырлар жазган,

Сирень гүлү бүрүн ачкан

 

Кереметтүү жаш куракты,

Кыялдарга мас убакты

Сен эстеттиң… үшкүрүндүм,

Барактарың жаап жатып.

 

 

Досума

 

Түн бою терезеден жамгыр төксө,

Сен анда бир кайгыны көтөрө албай

Эсиңе түшүп күндөр эбак өткөн,

Ордуңдан уктай албай турар белең?..

 

Акырын басып келип терезеге,

Тыңшайсың бир далайга жамгыр ырын.

А бирок ким тынчыңды алгандыгын,

Биле албай көпкө убара болоруң чын.

 

Оо, курбум, эстесеңчи, эстесеңчи,

Курбуңду кызыл көйнөк, кымча белдүү.

Ыр жазган уктабастан айлуу түндө,

Жашаган жалаң кыял дүйнөсүндө…

 

 

 

Деңизди эңсөө

 

Көлдү бойлоп жөн гана баскым келди,

Толкундардын шыбырын тыңшап көпкө.

Көз жетпесе наркы жээк мунарыктап,

Көйнөгүмдүн этегин шамал серпсе

Ысык-Көлдү курчаган улуу тоолор,

Жанга жагым салкын бир илеп бүрксө.

Көк асманда кайкыса ак чардактар,

Жаралса деп жаңы ырлар көкүрөктө

Кыялдандым, кызым ай мен жөн гана,

Жатып алып жылуу үйдө, керебетте..

 

Ой көлү

 

Чыйрыктым үшүмдү алган сезимдерден,

Мынчалык жашоо көңдөй сезилбеген.

Токтоткум келсе дагы жылгыс кылып,

Аргасыз тең жарышам мезгил менен.

 

Турмушта жүрөк барбы эзилбеген,

Ооруга, сар-санаага  баш ийбеген.

Тагдырдын аласалган кайыгында,

Келемин ойго тунган башым менен.

 

Канчалык башка їйсє да турмуш шорду,

Жеўемин дагы далай тоскоолдорду.

Дем берген нечен кыйын мїнєттєрдє,

Дайым жаш алтын Музам аман болсун.

 

Жашоого жаралган соў жалгыз ирет,

Жыргалын кєрїп єтїш биздин милдет.

Куй, досум, жаркыратып чєйчєктєргє,

Кайгы эгер кїнєєкєр болсо, шарап-желдет!

 

Меланхолия

 

Мен бир кушмун канаттары кайрылган,

Ишенимден, їмїттєрдєн айрылган.

Кєздєн учуп кєксєгєн кєк жээктер,

Чоочун, муздак єлкєлєрдї жай кылган.

 

Жылдыздарга умтулганым умтулган,

Жетпей бирок умсунганым умсунган.

Эмнелер бар мен кєксєгєн жактарда,

Эмне кылсам бул жїрєктї булкунган?

 

Мен канчалык кылган менен далалат,

Алалбадым єз жашоомдон канагат.

Жаным туйлап, кєєдєнїмдї ургулап,

Чыгып андан учкусу бар сабалап…

 

Учалык

 

Єтпєй кїндєр узаргандан узарып,

Кєп толду го кєкїрєккє кусалык.

Кїтє бербей бир мезгилди саргайып,

Кел, жїрєгїм, эргип бїгїн учалык.

 

Ыр окуйлу, ыр жазалы сыр тєгїп,

Таркап кетсин тулку-бойдон кусалык,

Кел жїрєгїм, эргип бїгїн  учалык!…

 

Гїлдєргє

 

Тїнєрєт асман. Жайкы кеч,

Катуулап согот эскен жел.

Гїлдєрдї аяйм ичимден,

Кїз келсе кантээр экен деп.

 

Аз мезгил єтсє келет кїз,

Кїндєрїн суук белендеп.

Гїлдєрдї эстеп ичим тыз,

Кїзїндє їшїїр бекен деп.

 

Анттирбей коргоп каларга,

Кїн болуп кєктє жансамчы.

Азабын кошо тартарга,

…гїл болуп єзїм калсамчы!

 

***

Сурагым келди сенден,

Карегиў неге муўдуу?

Уйкусуз узун тїндєр,

Тынчыўды балким бузду…

 

Кыйнайбы сени дагы,

Єткєндїн элестери.

Максатка жетпей соолгон,

Махабат себептери…

 

 

Он тогуз

 

Мен ошол кездин кооздугун,

Сєз менен кантип жеткирем?

Айлана аппак, ай жарык,

А мезгил калган кеч кирип.

 

Дарактар кєєшїп магдырайт,

Жамынып кыштын ак тонун.

Жалынчын айтып шыбырайт,

Жаш жигит “Айым, чолпонум”

 

Сагындым ошол кыш кечин,

Махабат жанган алоолоп.

Кєўїлдє жалгыз кубаныч,

Сезимде жалаў сїйїї-от.

 

Канчалык кылба далалат,

Сєз менен айтып кооздогус.

Кубанчым, дєєлєт, сыймыгым,

Кайдасыў жашым он тогуз?

 

Жаўы ємїр

 

Кїн кирип тїндїн койнуна,

Жылдыздар жанды жыбырап.

Оролуп колум мойнуўа,

“Сагындым” дедим шбырап.

 

Сергитип бойду жел жїрєт,

Шуудурайт мырза теректер.

Кєзїмдєн аста єпкїлєп,

“Ардагым” дедиў эркелеп.

 

Ай карайт бизди кїлїўдєп,

Шаар уктайт сунуп кол-бутун.

Улантуу милдет бизге эми,

Тирликтин бїтпєс болмушун.

 

Кышкы кечте

 

Ошол кечте кар жаап турган азыркыдай себелеп,

Келе жаттык кеў кєчєдє табигатка эркелеп.

Он тогузда менин жашым – сен кєркємдїї жаш жигит,

Ойлогомун сїйєм, сїйєт – мындан башка не керек?

Алтын канат Музам дайым коштоп жїрєт жанымда,

Муза… Сїйїї… экєє болсо жашоо деген керемет.

 

Жумшак карга тосуп бїгїн алаканды кубандым,

Жанда жоксуў жаным кїйїп, єзїў їчїн муўайдым.

Эртеў толом жыйырма экиге, балким чыгам миў бирге,

Санаа чегип жаўылыштым эсебинен жыл, айдын.

Алаканда апакай кар ээрип, єлїп баратып,

Кєз уялта жылт-жулт этип, эмнеликтен жылмайдыў?

 

Кїндєр супсак, кїн узун, єткєндїгї билинбейт,

Тїндєр узак, тїн узун, кирпиктерим илинбейт.

Кышкы кечте карды тиктеп келет кєпкє ыйлагым,

Кышка калган бариктеймин турган їшїп, дирилдеп.

Эр жигиттин кылар иши эместиги жалганбы,

Кыштын кечи кызыл гїлї соолуп турса сїйїнмєк…

 

 

 

Чочуймун

 

Чочуймун башкаларга,

Зыяным тийбесе экен.

Сєз кылып кєрпенделер,

Шылдыўдап кїлбєсє экен.

Байкоосуз жасап кылмыш,

Намысым кїйбєсє экен.

Ийиним арамдыктын,

Чапанын кийбесе экен.

 

***

Шыўгыр этти кїмїш кїлкїў,

Угар замат мен жїгїрдїм.

Кїлкї ээси чоочун жигит,

Мен кїйїттїї їшкїрїндїм.

 

Издеп жїрєм кээде сурап,

Дайыныўды булуттардан.

Балким сїйїп башка кызды,

Балким мени унуткардыў…

 

Махабат тїндєрї

 

Жанымды эргитет жагымдуу музыка,

Кыялдын куштары сабалап сызууда.

Ойлоймун сен менен єткєргєн кїндєрдї,

Аймалап жїзїмдєн бек кысып сїйгєндї.

 

Сезилген кеў талаа биз болгон тар бєлмє,

Сеўселген шамалга биз элек жаш кєчєт.

Тїн бою єбїшсєк кумарлар таркабас,

Оо, анда экєєбїз сїйїїгє элек мас.

 

Жанымды сыздатат кайгылуу музыка,

Сагыныч куштары сабалап сызууда.

Жалындап от денеў, кыналып чок денем,

Моюнга ал! Ошондо сен сїйгєн жок белеў?

 

***

Жаўы ырлар, жагалданган жашыл ырлар,

Бїткєндєй бїт келбети жарык нурдан.

Кїттїрїп, зарыктырып окурманды,

Жарыкка неге келбей жатасыўар?

Шамалдай эркин болбой калганыма

А балким, силер менден капасыўар…

 

 

Бук

 

Же куш болуп канат жайып учалбай,

Кеў асманда каалагандай сыза албай.

Же чыныгы адамча бир жашабай,

Ушул кєўдєй турмушумдан тажабай.

Жїргєнїмє єзїм дагы таў калам.

Жаным бирок алда качан чарчаган,

Жарпын жазып, кубанта албас бир да жан.

 

Сїйїї

 

Жїргєнїмдє жалгыз жанган шам болуп,

Келип калдыў апапакай таў болуп.

Жашынууга жай табалбай апкаара,

Карап калдым жарыгыўды дал болуп.

Карап калдым жарыгыўды дал болуп,

Жок элем мен. Эми калдым бар болуп.

 

Сага

 

Жазда жаркып кезиккен жашыл сїйїїм,

Бїчїр байлап тезирээк ачыл сїйїїм.

Кубанычын, кууралын теў бєлїшїп,

Бир сїрєлї ємїрдїн асыл кїнїн.

Болсоў болгун тїбєлїк сен жанымда,

Боло албасаў эртелеп басыл сїйїїм!…

 

Сен дїйнє

 

Жанымды эзип жоопсуз жалдыратпа,

Бїткєн бойду їшїтїп калтыратпа.

Кимге айтамын кєўїлдє турган кайгым,

Сїйїп калсам алдыўда барбы айбым?

 

Караўгыда жарк эткен чагылгандай,

Жарыгыўа кабылып калдым кайдан?

Сагынычтын саргїлїн тергим келбейт,

Мен сени эми башкага бергим келбейт.

 

Кїтїїлєрдїн кєп жылдык жемишисиў,

Ушул кїндєн тартып сен меникисиў!

 

Жалган элес

 

Ар бир мїнєт, ар бир саат болуп кайгы,

Жолукпайбыз жарыкта, жолукпайбыз.

Бул ємїрдє бир келер махабаттын,

Ордун эми не менен толуктайбыз?

 

Мїмкїн эмес. Таптакыр мїмкїн эмес,

Унутууга. Неликтен турмуш мерез?

Кездешпесек эгерде а дїйнєдєн,

Анда жашоо єзї да жалган элес.

 

 

***

Кїтїїлєрдї мендеги алып салчы,

Кайгы-муўдун шишигин жарып салчы.

Арзып кїткєн ардагым, аткан таўым,

Їлїўдєбєй алоолоп жарык жанчы!

 

Їлїўдєбєй їмїтїм жарык жанчы,

Басар жолум шул бїгїн аныкталсын.

Айландырып майрамга жашообузду,

Жїрєгїмдє тїбєлїк калып калчы!..

 

Жаз

 

Кїттїргєн жаз да келди, жамгыр жаады,

Кєўїлдєн сїрїп сары санааларды.

Жер эне силкип салып кыштын тонун,

Жамынат эртеў баркут, парчаларды.

 

Толтуруп сагынычты жїрєгїнє,

Кайтууда келгин куштар тїнєгїнє.

Адаммын, адамдыгым анык їчїн,

Менин да сїйїї єнєт жїрєгїмдє…

 

Аптап. Жалгыз кайыў жана мен

 

Ийилтип жерге шактарын,

Шуудурайт жалгыз ак кайыў.

Тургандай болот келбээрсип,

Кайгыга балким батпасын?

 

Ичинен кїйїп, камыгып,

Болсо деп шерик жанында.

Ойлорун айтар бир жан жок,

Ысылайт жайдын таўында.

 

Кєп кєрїп турмуш аптабын,

Салкын жер такыр таппадым.

Сырымды айтар дос-жар жок,

Жалгызмын мен да ак кайыў.

 

Акынга

 

Тургунбай деп шыбырашып толкундар,

Тургунбайлап жээкке келип урунат.

Єзїў менен сыр тєгїшїп толкундап,

Кєк деўиздин жээгинде бир тургум бар.

 

Каршылыктар жана ушактар тїртїшїп,

Ємїрїўє кайра жангыс тїн тїшїп

Турганда да оо, ишенем, билгенсиў,

Теўдеши жок сый экенин тирїїлїк.

 

Сєзїбїзгє кїбє болуп толкундар,

Жайпап єтїп жээкти бизге урунсун.

Поэзия дїйнєсїндє ордуў бар,

Їнїў сенин кылымдарга угулсун.

 

… Тургунбай деп шыбырашып толкундар,

Тургунбайлап жээкке келип урунат.

 

 

Єзбек жигитке

 

Себелеп кєктєн аппак жылдызчалар,

Конууда жерге келип жайбаракат.

Кєрїнбєйт кєктїн бети туман чулгап,

Бак-дарак оронуптур кардан чапан.

Єзїўє айткым келди кыргызчалап,

“Сїйємїн жалгыз сени, ишен маган”.

Кубанып жааган карга жїзїў тосуп,

Кєўїлїў куунак эле, шаўдуу эле.

Жїрєгїм эмнегедир кеткен толкуп,

Єзїмдї ишенимдїї, чыйрак сезип.

.. Бєлїндїк. Ичтен сызып эми издейбиз,

Кайда деп ошол кардай аппак сезим?

 

Акыркы кездешїї

 

Тїнєрєт кїздїн кечи.

Кайгылуу єўїў мынча?

“Ємїрлїк гїлїм десем,

Сїйїпсїў убактынча…”

 

Унчукпай туруп калдым,

Жоготуп айтар кебим.

Ичимден кїйїп жандым,

Тышымдан мелтиредим.

 

Артыўды салып мага,

Сен узап бара жаттыў.

Ушактын кїчїн кара,

Жоготтук махабатты.

 

Шамалдай желип-жорткон,

Ушакты кєтєрє алгыс,

Кызганган, шекшип корккон,

Тун сїйїї мынча алсыз!