Mederbek Kadyr

photoMederbek Kadyr Доктор философии по теологии. Является лауреатом международного конкурса «Золотая табуретка» в номинации «Лучшие стихи на кыргызском языке». В том же году опубликован его сборник стихов «Эне жана махабат» ( Мать и любовь). В рамках литературного конкурса «Мне близко» стихи автора были включены в альманах «Аалам. Акын. Кыргыздар» (Вселенная. Поэт. Кыргызы). Награжден дипломом (2 место) Национальной комиссией по государственному языку при Президенте Кыргызской Республики в конкурсе стихов «Моя мать». He holds Doctor of Philosophy in Theology. He is a laureate of the international competition "Golden stool" in the nomination "The best poems in the Kyrgyz language." In the same year, he published his collection of poems "Ene jana mahabat" (Mother and Love).In the framework of the literary contest "Mne blizko" (Close to me) the poems of the author were included in the anthology "Aalam. Akyn. Kyrgyzdar” (Universe. Poet. Kyrgyz people). He also awarded the 2nd place in the poetry competition "Menin enem" (My mother) organized by the National Commission on the Kyrgyz Language under the President of the Kyrgyz Republic.

Поэма "Кеч күздүн жомогу..."

Отрывок

Күндө күткөн энеме барайын деп, Кеч күз эле, Ата-Журтка аттанганмын. Саат санап, мүнөт санап, секунд санап, Стамбулдан Ошту көздөй сапар алдым.   Кирип келди учакка шашкалактап, Колуна комуз кармап, калпак кийип. Басып келип жанымдан орун алды, Бир боорум, улутташым кыргыз жигит.   Убакыт да өтпөйт калат күткөн кезде, Улам-улам саатты карайм шаштым кетип. Узак сапар башталды зеригичтүү, Учак жерден көтөрүлдү сааты келип.   Олтурат көзүн албай терезеден, Оң жагымдан орун алган кыргыз жигит, Сарык менен ооруган адамга окшоп, Саргайган жалбырактай өңдөн азган.   Маектешип, узун жолду кыскартуу үчүн, Муңайыңкы жигитти сөзгө тарттым. “Макул болсоң таанышалы замандашым, Медербек” деп кол узатып атымды айттым.   Мени карап жылмайып колумду алды, Максат экен ысымы ал жигиттин. Чет өлкөдө жүрүптүр жылдар бою, Четинен казып окуп көп илимдин.   Баарлашып бара жаттык Максат менен, Бойдок экен, жок экен сүйгөн жары. Окуу менен алектенип жүргөн экен, Отуз жашты ортолоп калса дагы.   Созулуңку жооп берип суроолорго, Сыр каткансыйт сүйлөгөн ар бир сөзү. Көп нерсени башынан өткөргөндөй, Күйүтүнжашыргансыйт муңдуу көзү.   Улутунуп, шуу үшкүрүп коёт кээде, Унчукпадым, байкадым зериккенин. “Эрмек болсун, окуганча кетээрсиң” деп, “Эне жана махабаттан” бирди бердим.   Баш көтөрбөй китепти окуп жаткан, Бир убакта Максат мынтип сөз улады: “Аянычтуу бир тагдырды айтып берсем, Аны дагы жазасыңбы?” деп сурады.   Бир саамга ойго батып туруп калып, Башымды ийкеп “жазамын, ооба” дедим. Оор күрсүнүп сапарлашым онтоп алды, Окуянын оор экенин дароо сездим.   Сөзүн бөлбөй кунт коюп угуп келдим, Стамбулдан Ошко чейин айткандарын. Максаттын өз оозунан укканымды, Мен ыр менен окурманга баяндайын.   ***   Миң тогуз жүз сексен жети жылынын, Муздак шамал ичиркенткен күзүндө. Оор толготуп бир жаш бийкеч көз жарды, Октябрдын сегизинчи түнүндө.   Жылдыз тарап таң сүрүлүп калган кезде, Жылуу ороп жалаякка ымыркайды. Көрүнбөй жан адамга жалгыз караан, Көчө бойлоп шашылып бара жатты.   Бала көрбөй жүрүшкөн жубайлардын, Берилген дарек менен үйүн тапты. Бозоргон дубалынан ашып өтүп, Бек турган каалгасына жакындады.   Бир күндүк наристесин кыя албай, Бооруна бекем кысып алып турду. Мончоктогон көз жашын тыя албай, Мүңкүрөп башын жерге салып турду...   Күкүк эне кат жазып ак кагазга Кошо ороп наристенин ороосуна. Күнөөсүз ымыркайын таштап кетти, Караңгыда, чоочун үйдүн короосуна...   Калтырып ымыркайын күкүк эне, Көрүнбөй сиңип кетти караңгыга. Кичинекей бөбөктү аяп турду, Кошо ыйлап кечки күздүн шамалы да...   *** Кыңшылаган кара күчүк эшик тырмап, Коркутуп үшүн алды үй ээсинин. Үрүл таңда ойготту уйкусунан, Үнү угулуп ыңаалаган наристенин.   Короого чуркап чыккан жаш жубайлар, Катып калды ишенип, ишене албай. Бир кабат бөзгө оролгон бир ымыркай, Босогодо ыйлап жатса жаагы тынбай.   Көз жарып, өзү төрөп алган өңдүү, Кулаалыдай, эне байкуш учуп жетти. Жаңы эле таап алган жаш бөбөктүн, Жытына тойбой улам жыттай берди.   Бозоруп, ата кургур өңдөн азган, Бөбөгүн колуна алып жаңы тапкан. Бата кылды алаканын кенен жайып: “Бергениңе ыраазымын Оо, Жараткан.”   Чагарактап, куйругун шыйпаңдатып, Четте карап турбады кара күчүк. Жаңы курбу тапкансып жагалданат, Жаагын жанып борсулдап улам үрүп.   *** Жалаяктын арасына кыстарылган, Жаш жубайлар таап алышты ак баракты. Жаңы эле көз жарган эне менен, Жазылган жаш бөбөктүн таржымалы: “Кичинемден жокту билбей эрке өскөн, Кызы элем кадыр-барктуу үй-бүлөнүн. Шайыр элем, жигиттердин көөнүн бурган, Шапар тээп көңүл ачып көп жүргөмүн.   Жаштыгымдын жалындуу күндөрүндө, Жигит мени сүйөм десе алдангамын. Жалынып, жылуу сөзүн айтып турса, Жаш элем, жаман оюн байкабадым.   Кеченин, олтуруштун көркү болуп, Көп ойноп жаман жолдо жаңылгамын. Билинсе ата-энем менден кечмек, Боюмда бар экенин жашыргамын.   Атасы билинбеген бөбөк менен, Агайын-туугандарга бара албадым. Өз канымдан жаралган наристемди, Өзүңөрдүн корооңорго таштап салдым.   Бөбөктүн таржымалын окудуңар, Бапестеп, балким багып алаарсыңар. Кымындай күнөөсү жок ымыркайды, Көзүңөрдүн карегиндей сактаарсыңар...”   Узун түнгө сиңип кеткен өз эненин, Ушундай аяктаптыр жазган каты. Барактагы тамгаларга аралашып, Бир тамчы көз жашынын калган тагы...   *** Зарыккан наристеге жаш үй-бүлө, Заркөкүл деп кызынын атын койду. Той берип дос-тааныш, туугандарга Төрт түлүк малдарынан тандап сойду.   Эч нерседен кем кылбай бакма кызын, Энекеси мээримин аябады. Караанына жалынып атасы да, Көзүнүн агы менен тең айланды.   Мектепте Заркөкүл кыз жакшы окуду, Мугалими ар дайым мактап калат. “Алла Таалам узун өмүр бере көр” деп, Ата-энеси ичинен алкап калат.   Күн ордун түнгө таштап, айлар өтүп, Күтпөйт экен, жылып кетти жылдар дагы. Уланып өмүр көчү токтоп калбай, Убакыт учкан куштай зымырады.   Балдар менен кубалашып ойноп жүргөн, Балалык кез арт тарапта калып кетти. Көргөндүн көзүн алган сулуу болуп, Керилип Заркөкүл кыз бойго жетти.   *** Кеч күздүн бир күнүндө Заркөкүл кыз, Кызарган Күн уясына баткан кезде. Колуна шыпыргысын кармап алып, Короосун тазалап жаткан эле.   Колун булгап чакырды апакеси: “Каралдым, Закинтайым келчи бери.” “Эмне болду апаке” деп шашкалактап, Эшиктен Заркөкүл кыз кирип келди. Жайылган дасторкондун чекесинде, Жарымынан чай куюлган чыны кармап. Орун алып төр тараптан конок үйдө, Олтуруптур бейтааныш бир аялзат. Кыжаалат болгон сымал апакеси, Күнөөлүдөй башын ийип жерге салды. Уурусу кармалып калган өңдүү, Улутунуп көздөрүн алып качты. Жанындагы бейтааныш чоочун аял, Жаш толгон көзү менен муңдуу карайт. Тапкансып, бир убакта жоготконун, Теше тиктеп Заркөкүлдөн көзүн албайт. Тилге келип апасы мындай деди: “Тааныштырып койгум келди өз апаңды.” Түшүнбөй эч нерсеге Заркөкүл кыз, Таңыркап апакесин карап калды. Кайсыл жылы, кайсыл күнү, кайсыл саатта, Кантип таап, кантип багып алгандарын. Тарыхын, таржымалын Заркөкүлдүн, Төкпөй-чачпай, калтырбай айтты баарын. Кургур апа өз сөзүн жыйынтыктап, Көрсөтүп колу менен тиги аялды. “Келиптир, сени менен сүйлөшүүгө. Кечирээрсиң балким сен өз апаңды.” Сөз кезегин бейтааныш аял алып, Сүйлөй албай мукактанып тили буулуп. “Жалгызым... кечир мени” деп жалынып, Жалдырап карап турду кол куушуруп. “Адашып ак жолумдан жаштыгымда, Алланын каргышына калыптырмын. Канча жолу турмушка чыксам дагы, Кантейин... жыттабадым бала жытын.” Айтып бүттү... Унчугушпайт эч кимиси, Апасы да, бейтааныш аял дагы. Үн-сөз жок... табышмактуу бир жымжырттык, Үйдүн ичин бир саамга ээлеп алды... Жарып кетти жымжырттыкты Заркөкүлдүн, “Жоголгун!” деп чаңырган ачуу үнү. Жүрөктү титиреткен чаңырыкка, Жер дагы жердигинен араң түттү. Жан дүйнөсү кыйраган Заркөкүлдүн, Жарып чыккан көкүрөгүн, ачуу үнгө. Көзүн ачып бул дүйнөгө келген күндөй, Кечки күздүн күүгүмү болду күбө... Автордун ыр жыйнагы Очень плохоПлохоУдовлетворительноХорошоОтлично (121 голосов, средний бал: 4,46 из 5)
Загрузка...