Медербек Адылбек уулу

Очень плохоПлохоУдовлетворительноХорошоОтлично (110 голосов, средний бал: 4,79 из 5)
Загрузка...

Медербек Адылбек уулу (Кыргызстан)

Окончил школу, ВУЗ, побывал за границей, женился и даже стал отцом.

В прошлом году я написал книгу под названием «Потерянное сокровище нации» («Улуттун жоголгон байлыгы»). Речь идет о народе страны, который, по сути, является основным богатством государства. В истории, народ терял своих людей в результате разных исторических событий. Но, то, что происходит сейчас – когда почти половина трудоспособного населения страны покинула пределы государства в поисках лучшей жизни – это и есть самая большая потеря нации. Невосполнимая потеря.

_______________________________________________________________________________________________________

 «Улуттун жоголгон байлыгы»

 

(Узунду)

 

1-бөлүм. Үркүн

1916 жыл. Аяктап бараткан жай айларынын жамгырлуу күндөрүнүн бири. Асман булуттуу болгонуна байланыштуу, күн жүзү көрүнбөй, убакыттын түштөн ооп баратканы айлана чөйрөнүн караңгылай баштаганынан гана билинет. Жанааракта жаап өткөн нөшөр жамгырдын кесепетинен Пишпектен Балыкчыга карай кеткен топурак жол чылаага айланып кеткен. Ушул баткактуу жолду былчыйта баса, кош аттуу арабага чиркелген замбиректи коштой, катар-катар тизилип жүзгө жакын мылтыкчан жөө аскер Ысык Көлдү карай шашып баратты. Аскерлердин суу болгон кийимдеринен жана араба тарткан аттардын тумшугунан чыккан буу, жамгырдан кийинки туманга аралашып, бул жолоочу топту ээрчип бараткансыйт.

Бул аскерлер Орусия империясынын генералы Куропаткинге тийиштуу 11 батальондун бир бөлүгү эле.  Булардын башында генералдын өзү жана адъютанты экөө ат минип алышкан.  Аталган аскер бөлүгү, Ысык Көлдү көздөй сүрүлүп үркүп качып бараткан жергиликтүү кыргыздарды кечке чейин кууп жетип, көлдүн аркы тарабына өтүп кетүүлөрүнө мүмкүнчүлүк бербей жок кылуу максатында шашылыш жолго чыккан.

1873-1876 жылдардагы кыргыз көтөрүлүштөрүн басууда тажыйырбасы болгондуктан, генерал Куропаткин Орусия императору тарабынан Түркстан аймагынын генерал-губернатору болуп дайындалып, ага жергиликтүү калктын көтөрүлүшүн басуу  милдети тапшырылган болчу.  Азыр да тапшырылган милдетти кемчиликсиз ишке ашыраарына көзү жетип, бунтчуларды жазалап кайтып барып, Петербургда императордун жеке өзүнөн сыйлык алып жатканын ат үстүндө баратып кыялданып элестете баштады.

Кечке жуук генерал Куропаткиндин аскер бөлүгү Балыкчыга кирип барды. Качкан элдин кай тарапты көздөй кеткенин билүү үчүн, генерал Ысык Көлдүн жээктерин көздөй чалгынчыларды жиберди. Аскерлерге арабадагы жүктөрдү түшүрүп, ок дарыларды бөлүштүрүп чабуулга даярдануусуна буйрук берип, өзү аттан түшүп, портсигарынан чылым чыгарып чегип ары бери баса баштады.

Аңгыча көп өтпөй чалгынчылар кайтып келди. Көлдүн жээгин көздөй кеткен чалгынчылар, көрүнүп турган дөбөчөнүн ары түшө беришинде, көлдүн батыш тарабындагы жээгинде, калың топ көтөрүлүшчүлөр бир канча жыгач салдарга мал-мүлкүн жүктөп жатышканын айтып келди. Көз алдына Императордун сыйлыгы жана жогорку чин даражасы элестей түшкөн Куропаткин, аскерлерине ыкчам тизилүүгө буйрук берди. Адъютанты экөө картанын үстүнө бир саам үңүлүп карап чыгышкан соң, кыскача кайрылуу менен аскерлерине кайрылды: – «Орусия Императорлугунун эр жүрөк жоокерлери! Мекенибиз бизге жооптуу кызматты тапшырды. Бул жерде жашаган жергиликтүү жапайылар, улуу урматтуу Императорубуздун жарлыгына каршы чыгып, фронтко барып иштөөдөн баш тартып, анысы аз келгенсип Жети суудагы биздин дыйкандарыбызга кол салып өлтүрүп, үй-жайын өрттөштү. Биздин максат, бунтчулардын бирин калтырбай жок кылуу болуп эсептелет! Алардын колунда курал-жарактар бар, ошондуктан көтөрүлүш аёсуз басылышы керек. Бошотулган аймактарга Орусиядан дыйкандарыбыз келип отурукташат, башкача айтканда бул жерлер силердики болот!» деп ууртунан кытмыр жылмайды.

Сүйлөп бүтүп, Куропаткин аскерлердин бир бөлүгүн замбиректи атка сүйрөтүп тез арада көтөрүшчүлөрдү  айланып өтүп, болжол менен салдар сүзүп өтө турган булуңдан орун алууларына буйрук берди. Куропаткиндин планы боюнча, бунтчулар салдарга отура баштаганда өзү баштаган топ аскер жээктен кол салмак, а берки замбирекчен топ аскер болсо сүзүп качып бараткан салдарды нарыраактагы булуңдан тосуп алып, атып жардырып жок кылмак. Анткени эгер көтөрүшчүлөр жээкте турганда кол салынса, тигилер каршылык көрсөтүшү мүмкүн жана кээ бири тоо-ташты, токойду аралап качып кетиши ыктымал. Өзүнүн жеке абройуна көө түшүрбөш үчүн, өзүнө дайындалган кызматты так аткарышы керектигин ойлоп жатты.

Ушул эле учурда, көл жээгинде эркек-аял, жаш-кары болуп жүзгө чукул кыргыз, шашылыш түрдө жыгачтан даярдалган салдарга боз үй эмеректерин, кой-эчки, уй-жылкы дебей болгон мүлкүн жүктөп жатышты. Узундугу он беш метрдей келген карагайлар аркан менен бири бирине тыгыз байланып, болжол менен сегиз-он кадам  кенендикте  жасалыптыр салдар. Өмүрүндө мындай нерсеге чыгып көрбөгөн аттар кишенеп үркүп салга чыкпай, аларды жетелеп түрткөн адамдарды убара кылып жатты.

Мал-жандык менен бирге, алгачкылардан болуп салдарга карыларды, аялдарды жана жаш балдарды да отургуза башташты. Жаш балдардын арасында алты жашар Бакыт да бар болчу. Жамгырда суу болгон тондун ичинде жакшы көргөн козусун кучактап, жайдын кечки салкын шамалына азыраак чыйрыгып  салдын четинде, жээкте бир канча чоң кишилер менен бирге башка салдарга жүк жүктөшүп жаткан чарчап-чаалыккан атасын аяп карап отурган. Атасы анда-санда Бакытты карап, ичиндеги кабатырлануусун, чарчаганын билдирбейин дегенсип жылмайып койсо да, баарыбир кандайдыр бир нерсе тынсыздандандырып жатканы байкалып турду.

Күүгүм кирип калганда жүктөр жүктөлүп бүтүп, жээктегилер салдарга чыга башташты. Бакыттын атасы да «мына баары бүттү” дегенсип жеңил үшкүрүп, үй-бүлөсү отурган салды карай суу кечип жөнөдү. Аңгыча болбой токой жактан бөтөн тилде «огонь» деген кыйкырык чыгып, аны коштой жапырт тарсылдаган мылтыктын үндөрү угулуп, жээктеги адамдар, жерге, сууга кулап, элдин арасында ызы-чуу, кыйкырык-өкүрүктөр пайда болду. Эмне балекет башталганын жаш бала Бакыт түшүнбөсө да, салга чыкканы келаткан атасы жакшы түшүнгөндөй туюлду ага. Атасы салды жээктен алыстатып түртүп жатып: «Сүзүп кеткиле батыраак» деп атайын сүзүүгө даярдалган калак кармаган улуу уулдарына кыйкырды. Өзү болсо жээкте жаткан союлдардын бирин көтөрө калып ок аткандарга карай өзү курактуу бир топ киши менен кыйкырып бет алды. Мылтыктарга карай союл кармап чуркаган эл, салдардагы үй-бүлөөлөрү сүзүп кеткиче аз убакытка болсо да кол салган аскерлерди алаксытып токтотуп турууну көздөдү сыягы.  Бирок, алыстан ок бышкырткан жаңы курал-жарак менен жабдылган аскерлерге союлчан адамдар эмне кыла алмак эле? Кайра-кайра «огонь» деген кыйкырык менен кошо мылтыктар тарсылдап, жээктеги сууну-жерди канга боёгон алаамат көпкө узабай, душманга карай жүгүргөн кыраан жигиттердин саны суюлуп, мылтыктардан чыккан түтүн таркай баштаганда Бакыттын атасы баш болуп жээкте калган адамдардын баары жер кучактап жаткан болчу.

Салда бараткан келиндер, энелер жээкте болуп жаткан кыяматка түздөн-түз күбө болуп, кимисинин күйөөсү, кимисинин уулу болгон жигиттердин шуулдап учкан ажалдан мерт болгонун көрүшүп чырылдап ыйлай башташты. Бакыттын апасы да бир колу менен Бакытты бооруна кучактап, экинчи колу менен салдын тактайын койгулап өксүп ыйлап, балдары болбосо салдан сууга ыргып түшө калып, күйөөсүнүн жанына жетип барып кучактап жыгылчудай болуп турду.

Генерал Куропаткиндин аскерлери жээктеги элди атуу менен алек болуп жатканда, салдар жээктен бир кыйла алыстап кетүүгө үлгүрдү. Ошентсе да жээке келген Куропаткин, аскерлерине салдарды көздөй ок атууну уланта берүүгө буйрук берип, өзү болсо замбирекчен бөлүк жайгашкан булуңду карай чапкылап жөнөдү. Октор ызылдап абада учуп, кээ бирөөлөр ачуу айкырык менен салдан кулай башташты. Бир салдагы аттын жамбашына ок тийип, ат үркүп сууга секирип, өзү менен кошо салды да чөктүрүп кете жаздады. Ат байланган салдын устуну сынып, ат менен сууда калып кетти.

Салга түшүп жан куткарып бараткан кыргыз эли үчүн каргашалуу окуянын бул болгону башталышы болчу. Алды жактагы булуңдагы токойчонун ичинде, замбиректи ок атууга даярдап, мылтыктарын мелжеп Куропаткиндин аскерлеринин экинчи бөлүгү аңдып турган.

Бөлүктүн башчысы болуп дайындалган жаш офицер, оң колуна маузерин кармап, сол колун атууга буйрук берүүгө даярдап жогору көтөрүп, сол капталдан сүзүп келаткан салдардын жакын келүүсүн күтүп турган. Бирок салдар замбирекчен бөлүктүн жанына жакындап сүзүп келгенде, жаш офицер колун көтөргөн бойдон эмне кылаарын билбей дендароо болуп катып туруп калды. Офицердин салды көздөй мелжеген тапанчасынын так тушунда, бир колу менен апасынын этегине жармашып, бир колу менен козусун кучактап,  жашка толгон алаң көздөрү менен түз эле жээктеги офицерди тиктеп, салдын четинде кичинекей өспүрүм олтурган болчу…..

 

***

 

Өткөн жумада география сабагында Кыргызстандын суу байлыктары тууралуу тема каралып, айрыкча Орто Азиядагы көздүн карегиндей баалуу болгон Ысык-Көлгө мугалим тарабынан өзгөчө көңүл бурулду. Көрсө Ысык Көл деңиз деңгээлинен 1600 метр бийиктикте жайгашып, бийиктикте жайгашуусу боюнча Америкадагы Титикакадан эле кийинки орунда турат экен. Ысык Көлдүн дагы бир касиети, кышкысын да тоңбойт, окшош климаттагы башка көлдөргө салыштырмалуу, ошондуктан Ысык Көл деп аталып калган сыягы.  Мындан тышкары, Максаттынерсе, Ысык Көлгө 80 ден ашуун чоң-кичине дарыя келип куйганы менен бир дагы дарыя көлдөн агып чыкпайт экен. Илгери, Чүй дарыясына куйчу дешет көлдөн агып чыккан суу, бирок кийинчерээк негедир агып чыкпай калыптыр. Бул факты, Максатты көп ойлондура турган болду. Эгер көлгө 80 ден ашуун дарыя куюп, бирок бири да агып чыкпай калган болсо, демек, жер асты дарыялары аркылуу суу башка тарапка агып кетип жатат болуш керек. Ушул ойлор Максатка эч эле тынчтык бербегендиктен, ал жайкысын Ысык Көлгө барып, дайвер жабдыктары менен көлдүн түбүн изилдөөгө чечим чыгарды…..

***

 

– Ассалому алейкум? – деп саламдашты кадимки кылыч салынган кур асынган мурутчан улуураагы.

– Алейкум салам – деп Максат шашкалактап ордунан тура калып учурашты чоочундар менен.

– Жакшы эс алдыңыздарбы жигиттер? – деп суроо узатты жанагы мурутчан.

– Жакшы эле… Бирок мен жигит эмесмин  – деп жаткан жеринен түзөлүп жатып жооп берди Гүлайым.

Чоочундар таң калган көздөрү менен бир сыйра кызды карап чыгышкан соң, Гүлайымды жигитке окшоштурганы ыңгайсызданып: -Кечиресиз, чачты алдырып, эркектей шымданып алсаңыз жигит го деп ойлогонбуз.

– Чачты албай эле, мына  –  деп башындагы капюшонун чечип:  – Бул атайын суучулдардын костюму да, эмне, шымданган кыздарды коро элексиңерби? – деди Гүлайым.

“Эркек” деп ойлошкон неменин заматта кызга айлана түшкөнүнөбү же Гүлайымдын сулуу чырайынабы, айтор тигилер таңыркап ооз ачып карап калышты.

Азыраак созулган тынчтыкты Максаттын сөзү бузду:

– Айтыңыздарчы, бул жер Балыкчыга жакын элеби?

– Тилекке каршы биз билбейбиз – деди жигиттердин жашыраагы.

– Ойее!.. Ысык-Көлдө жашап Балыкчыны билбейсиңерби? – деп какшыктады Гүлайым.

***