Динара Абакирова

Очень плохоПлохоУдовлетворительноХорошоОтлично (15 голосов, средний бал: 4,73 из 5)
Загрузка...

Dinara Abakirova
Kyrgyzstan
English language teacher and freelance translator (English-Kyrgyz)
22 years old
«Translating was my favorite hobby before, and now it became my lovely job. I believe that translation is an effective way of enriching a language».

_______________________________________________________________________________________________________

Автор: Саки
Которгон: Динара Абакирова (Кыргызстан)

Жомокчу

Түштөн кийинки аптап болчу, темир жолдо бара жаткан купе да калышпай куйкалачудай ысып кетип баратты. Кийинки токтоочу жайга, Темплкомго, дагы бир саат калган болчу. Купенин убактылуу жашоочулары кичинекей кыз, андан да кичинерээк дагы бир кыз жана кичинекей бала болчу. Аларды карап келе жаткан таежеси бурчтагы орундукту ээлеп, анын тушунда бул топко жат болгон бир жолоочу да келе жатты. Бирок кичинекейлер жатыркабастан купени толугу менен ээлеп алган болчу. Аял да, балдар да сөз сүйлөгөндө өздөрүн чектеп же көпкө үн катпай келатты, бул абалдан пайдаланган чымын бардыгынын көңүлүн өзүнө буруп жатты. Таеженин эскертмелери «кылба» деген сөздү камтыса, балдардыкы «Эмнеге?» менен коштолуп жатты. Алардын жанындагы жолоочу оозунан үн чыгарбай келатты. «Кирилл, андай кылба!» деди таежеси кичинекей бала урган сайын чаңы булуттай буркурап чыгып жаткан балышты кайра урганда.

«Кел, терезеден сыртты карап кет», деди таежеси.

Бала көңүлдөнбөй терезеге жанашты. «Неге тиги койлорду талаадан айдап кетип жатышат?» деп сурады кичинекей бала.
«Аларды чөбү көбүрөөк талаага айдап баратышат окшойт», деп таежеси алсыз жооп берди.
«Бирок бул талаада деле чөп көп экен го», деп бала каршы чыкты: «Бул жерде чөптөн башка эч нерсе жок. Таеже, бул жерде чөп көп го».

«Аркы талаанын чөбү жакшыраак окшойт да», деп таежеси болбогон жоопту берди.

«Неге жакшы?» деген качып кутулгус суроо кайра бат келди.

        «Ай, тиги уйларды карагылачы!» деп аял үнүн көтөрүп айтты. Поезд өтүп бара жаткан ар бир талаада эле уйлар, өгүздөр жайнап турган, таеже болсо сейрек болгон бир нерсени айткансып кыйкырды.

«Неге аркы талаанын чөптөрү жакшы?» деп Кирилл өжөрлөнүп туруп алды.

Жолоочунун салынган кабагы барган сайын ачуулуу жүзгө айланып баратты. Таеже аны катуу жана таш боор адам деп ойлоду ичинен, дагы эле аркы талаанын чөптөрүнө ылайыктуу жооп таппай жатты.

Бул тартышууну кичинекей кыз «Манделейге карай» деген ыры менен бузуп жиберди. Ал биринчи сабын гана билчү, бирок бул ирет баарын толук айтканга аракеттенип жатты. Билген сабын кайра кайра балдырап жатты, бирок анын үнү өзүнчө чечкиндүү жана уккулуктуу чыгып турду. Жолоочуга ал кыз билген сабын эки миң жолу токтобостон айта алышына таймашкансып айтып жаткандай сезилди. Ким менен таймашкан болсо да, ал даана жеңилди.
Кызды кайра кайра карап, купедеги өзгөчө кырдаалда басылуучу баскычка назар сала калган жолоочуну көргөн таежеси кичинекей кызга: «Бери кел, жомок айтып берем», деди.

Балдар кош көңүл менен таежеси тарапка жыла баштады. Балдардын аны жакшы жомокчу деп эсептебегени ачык эле көрүнүп турду.
Мезгил мезгили менен катуу, кыжырданган үн менен чыккан суроолор бузбаса таежеси акырын, ишеничтүү үн менен кызыксыз  жомогун айтып жатты. Жакшы, үлгүлүү адамгерчилиги аркылуу бардык адамдар менен дос болгон, акырында кутурган букадан анын мүнөзүн жактырган адамдар тарабынан куткарылып калгандыгы тууралуу өтө эле кызыксыз жомок болчу.

«Эгер ал кыз жаман болгондо, алар сактап калышмак эмеспи?» деп кыздардын улуусу сурай калды. Дал ушул суроону жолоочу да сурагысы келип турган.

«Сактап калышмак», деп мойнуна алды таежеси, «бирок аны жакшы көрбөгөндө анчалык катуу чуркамак эмес», деди.

«Бул мен уккан эң жаман жомок болду» деди кыздардын чоңу баарын ынандырган үнү менен.

«Мен кичине угуп эле укпай койгонмун, келесоо жомок экен», деди Кирилл.

Кичинекей кыз жомок тууралуу эч кандай оюн айткан жок, бирок эчак эле жакшы көргөн ыр сабын күңкүлдөп кайталап баштаган.

          «Жомок айтканда ийгиликтүү эмес көрүнөсүз», деди жолоочу бурчтан.

Таеже бул айыптоого дароо ачууланып актана кирди:

«Балдар түшүнө турган, ошол эле учурда жактыра турган жомок табуу кыйын», деп эби жок жооп айтты.
«Мен сизге кошулбайм», деди жолоочу.
«Балким, аларга сиз жомок айтып берерсиз», деп жооп берди аял.
«Бизге жомок айтып бериңизчи», деп талап кыла баштады кыздардын улуусу.
«Илгери, илгери», деп баштады жолоочу «Берта деген өтө эле жакшы кыз болуптур».

          Балдардын бир заматта көтөрүлгөн кызыгуусу дароо түшө баштады, ким айтса да, бардык жомоктор аябай бири бирине окшош.

«Ал кызга эмне айтса, баарын кылчу экен, эч качан жалган айтпачу экен, кийимдерин дайым таза кармачу экен, сүттөн жасалган таттууларды варенье таттуусу сыяктуу жеп койчу экен, анан баарына ар дайым жакшы мамиле кылат экен».
«Ал сулуу бекен?» деп сурады кыздардын улуусу.
«Силердей сулуу эмес экен», деди жолоочу: «Бирок өтө эле жакшы экен».
Жомоктун жагышына түртө турган бир нерсе сезиле баштады; «өтө эле» деген сөз «жакшы» менен бир нерсени сездирип жатты. Бул таежесинин аңгемелеринде жок болгон бир чындыкты көрсөткөндөй болду.
«Ал өтө жакшы кыз болгон экен, жада калса, жакшылыгы үчүн бир канча медаль утуптур, анан аларды ар дайым көйнөгүнө илип алчу экен. Чоңдорду уккандыгы үчүн бир медалы, баарын убагында кылгандыгы үчүн дагы бир медаль, жакшы жүргөндүгү үчүн жана бир медалы бар экен. Ал медалдар чоң болгондугу үчүн баскан сайын бири бирине тийип шыңгырап турчу экен. Ал кыз жашаган жерде эч кимдин анчалык көп медалы жок экен, ошондуктан, баары анын аябай жакшы кыз экенин билчү экен».
«Өтө эле жакшы» деп кайталады Кирилл.

“Бардыгы ал кызды жакшы кыз деп мактачу экен, анан ошол жердин канзаадасы да бир күнү ал жөнүндө угуп калыптыр да: “Мен ал кызга шаардын четиндеги бакчама ар жума бир жолу киришине уруксат берем”, дептир. Ал бакча аябай кооз экен, балдарга ал жакка кирүүгө болбойт экен. Ошондуктан, Бертанын бул бакчага кирүүсү чоң сыймык болуптур”.

“Бакчада койлор бар бекен?” деп сурады Кирилл.

“Жок”, деп жооп берди жолоочу: “ал жерде эч кандай кой жок экен.”
“Неге кой жок экен”, деген качып кутулгус суроо коштоду.
Аял өзүнө жылмаюуга уруксат бергенсиди, бирок бул жылмаюу да тиштерин ырсайткандай гана көрүндү.

          “Бакчада эч кандай кой жок экен, себеби бир жолу канзааданын  апасынын түшүндө канзааданы кой өлтүрөт же башына саат түшүп кетет дептир. Ошондуктан, канзаада э качан кой бакпаптыр, сарайына да саат койдурбаптыр.”

Аял жактыргандай карады.

“Анан канзааданы кой өлтүрүптүрбү же саатпы?” деп сурады Кирилл.

“Ал азыр да тирүү. Апасы көргөн түш туура чыгабы, чыкпайбы билбейбиз”, деди жолоочу көңүл кош. “Ошентип, бакчада кой жок экен, бирок ал жерде көп чочколор бар экен, алар сарайды айлана чуркап жүрө берет экен”.

“Алардын түсү кандай экен?”

        “Кара жана ак беттеринде кара тактар бар экен, калган жагы капкара жана ак тактары бар боз түстө экен, а кээ бир жерлери гана ак экен.”

Жолоочу балдар бакчанынын баалуулуктарын көз алдында толук элестетип алышы үчүн кичине токтой турду да, бираздан кийин кайра улады:
“Берта бакчада гүлдөр жок экен деп кичине капаланыптыр. Ал эжелерине канзааданын бакчасынан гүл алып келем деп сөз берген экен, анан ал жакта гүл жоктугун көрүп көзүнө жаш алып сөзүндө туралбастыгы үчүн ыйлаптыр. Албетте, бакчадан бир да гүл таппагандыгы аны капаландырыптыр”.

“Неге ал жерде гүл жок экен?”

“Анткени чочколор баарын жеп салыптыр”, деди жолоочу дароо. “Багбандар канзаадага айтыптыр: “Чочколор менен гүлдөрдү бирге кароого болбойт. Же чочколорду кармоо керек, же гүлдөрдү” дептир. Канзаада чочколорду тандаптыр”.

Канзааданын бул чечимин балдар жактыргандай күңкүлдөй калышты, анткени көпчүлүк гүлдөрдү тандамак.”

“Бакчада башка укмуш нерселер бар экен. Алтын, көк жана жашыл түстөгү балыктар менен толгон көлмөлөр бар экен, керектүү нерселер жөнүндө накыл сөздөрдү айткан тоту куштары жана ошол убактагы белгилүү мелодияларды сайраган колибрилери бар дарактар бар экен. Берта булардын баарын жыргап айланып жүрүп минтип ойлонуптур: “Эгер мен мынчалык жакшы кыз болбогонумда, бул кооз бакчага кире алмак эмесмин, мындай сонун нерселерди көрө алмак эмесмин”. Ошентип басып жүрсө анын чындыгында канчалык жакшы кыз экенин эскерткен медалдары бири бирине тийип шыңгырап туруптур. Дал ошол убакта чоң карышкыр түшкү тамагына чочко кармаганы бакчага кирип калыптыр”.

           Ылай түстөгү денеси, кара тили, таш боордугу көрүнүп турган жанган боз көздөрү… Бакчага кирер замат ал биринчи Бертаны көрүптүр, кыздын эч кандай тагы жок, таптаза алжапкычы алыстан эле көрүнчү экен. Берта да карышкырды көрүптүр, карышкырдын ага карап келе жатканын көрүп “мага бул жакка киргенге уруксат бербесе жакшы болмок эле” деп ойлонуптур. Берта алынын жетишинче катуу чуркаптыр, артынан карышкыр да чоң чоң кадамдары менен кууптур. Берта мирт бадалдары бар кырчынга жетиптир да, бадалдардын эң тыгыз жерине жашынып калыптыр.  Карышкыр шактарды аралай жыттап кириптир, капркара тили оозунан салаңдап, бозоргон көздөрүнөн ачуусу чачырап кызды издеп жатыптыр. Берта аябай коркуптур да, дагы ойлонуп кетиптир : “Эгерде мен өтө жакшы кыз болбогонумда, азыр шаарда коркунучсуз жерде отурмакмын”.  Бирок, мирттин жыты өтө күчтүү болгондуктан карышкыр Бертанын отурган жерин жыттап биле албай, ал жердин бадалдары да өтө жыш болгондуктан карышкыр Берта отурган жерге оңой менен жете албаптыр. Ошентип, карышкыр аны издегенче барып чочко кармап жеймин деп кеткени камданыптыр. Ошол учурда карышкырдын жыттап жатканынан коркуп титиреп калган Бертанын чоңдорду уккандыгы үчүн алган медалы убагында аткарганы жана жакшы кыз болгондугу үчүн алган медалына тийип кетип шыңгырап кетиптир. Эми гана бурулуп кеткени жаткан карышкыр медалдардын шыңгыраганын угуп калып токтоп калыптыр. Ал үн жанындагы бадалдан чыгып жатыптыр. Карышкыр дароо кырчындын ичине атырылып, каары чачыраган боз көздөрү менен Бертаны таап чыгып, эч нерсесин калтырбай жутуп жибериптир. Бертадан жалгыз гана анын бут кийимдери, кийиминин жыртыктары жана жыкшы болгону үчүн алган медалдары калыптыр”.

“Кичинекей чочколор да өлүптүрбү?”
“Жок, алардын баары качып кетиптир”.

“Жомок жаман башталды эле” кыздардын кичинеси айтты “бирок сонун бүттү”.
“Бул мен уккан эң жакшы жомок болду”, деди кыздардын улуусу, катуу чечимге келгенсип.
“Бул мен уккан жалгыз сонун жомок”, деди Кирилл.

          Айтылгандарды колдобогон ой балдардын таежесинен чыкты.
“Балдарга ылайыксыз жомок! Канча жылдан бери этияттык менен берген тарбиямды буздуңуз”.

“Эмне болсо да”, деди купеден чыгууга өз нерселерин топтоп камданып жаткан жолоочу: “балдарды он мүнөт тынч кармап келдим, бул да болсо сиз кармай ала турган убакыттан узагыраак болду”.

“Бактысыз аял!” деп Темплком станциясынан түшүп бараткан жолоочу өзүнчө ойлонду: “эмки алты ай чамасында бул балдар таежесине адамдардын алдында ылайыксыз жомок айтып бер жабышышы анык!”