Дамира Ашимова

IMG_ Дамира Ашимова_фотоДамира Ашимова (Кыргызстан)

Мне 48 лет, являюсь матерью четырех детей. Окончила Самаркандский кооперативный институт. Работала преподавателем в Балыкчинском социально-экономическом институте и в Центре обучения взрослых. Моё хобби: сочинение стихов, кулинария. Моё произведение «Ата конуш» было написано после трагических событий 7 апреля 2010 года.

_________________________________________

Ата Конуш

Айлананы боз туман каптап, күндүн көзү көрүнбөй, жамгыр себелеп жатты. Айылдын четинде жолдун бетиндеги көрүстөн тарапта бир караан кичинекей эстелик таштын маңдайында катып калган сымал олтурду. Бул караан жашы кырк бештерди чамалап калган Айжамалдын карааны эле.

Өңү өчүп бараткан эски жоолугунун астынан саамай чачтары куудай болуп мезгилинен эрте агарган, көзүнүн алдын, беттерин бырыш баскан, чүкөдөй болуп бүрүшүп отурган бул аялды көргөндөр 45 жашта деп айтпастыр.

Ал калтыраган арык колдору менен эстелик бетиндеги жазууну кудум наристе баланы киринткендей болуп эң бир аяр, эң бир кылдат сылагылап жатты. Эстелик бетинде болсо: “Азат уулу Эгемен

31 август 1991ж.

7 апрель 2010ж.” – деген жазуулар бастырылган эле.

Ушул тапта Айжамал денени ичиркенткен жаздын суугун дагы, себелеп төгүп жаткан жамгырды да сезбестен, эриндери алсыз ачылып өз алдынча бир нерселерди айтып күбүрөнгөндөй болду. Ким билет, ушул тапта бозоргон боз бейиттин жанында туруп, жандай көргөн уулунун кайсы кыял-жоругун эстеп жатты болду экен?

Көзүнөн аккан тамчы жаштар жаандын майда тамчыларына аралаш жерге сиңип жок болуп жатты. Он гүлүнүн бири ачыла электе ок жеп, ойрон болгон уулу Эгемендин жаркылдаган элеси көз алдына тартылып, эненин оюу алда-кайда чабыттап, өткөн өмүрү көз алдына тартылды.

***

Уулунун комузга ынтызар болуп жатканын байкаган Азат бир күнү Эгеменди маңдайына отургузуп алып кеп салды:

-                      Эген, эмне комуз үйрөнгүң келип жатабы? Азат Эгеменди “Эген” деп эркелетчү.

-                      Ооба, ата, үйрөтөсүзбү? – уулу кубанып кетти.

-                      Мейли, балам, үйрөтөм. Мага да комузду атам үйрөткөн. Азыр чоң атаң тирүү болгондо сени астына отургузуп алып, комузун күүлөп коюп, кыргыз элинин турмушун, басып өткөн тарыхын чагылдырган далай санжыра, уламыштарды айтып бермек. Чоң атаң санжыраны жакшы айтчу. – деди Азат.

-                      Чоң атам жок да эми, ошол уккандарыңызды мага айтып бериңизчи? – Эгемендин ого бетер кызыгы арта түштү.

-                      Макул, айтса айтып берейин:

“Байыркы, байыркы заманда кыргыз элинин ынтымактуу, бирдиктүү жашап жатканын көрө албай сырттан көз арткан душмандар кол салып турчу экен. Бир жолу четтен келген душмандардын ханы кыргыз элинин эң биринчи эле комузун жок кылмакчы болот. Ал ошол жерди жердеген кыргыздардын бардыгынын комузун “бөрк ал десе, баш алган” жигиттерине жыйнаттырат да, өрттөмөкчү болот. Ошондо жыйналган комуздар чоң тоодой болуп үйүлгөн дешет. Кыргыздын ак сакалдуу бир карыясы комузун колтугуна салып катып алган экен. Душмандар анын комузун да таап алып, өрткө ыргытышат. Комуздарды өрттөмөк болуп өрт койгон кезде, от жакшы тутанбай, ошол мезгилде кайдан-жайдан кара булуттар пайда болуп жамгыр шартылдатып төгүп, күйүп аткан отту өчүрүп салат. Ачуусу келип жаалданган хан бул комуздардын баарын аттар менен тебелеп, сындырып, жок кылгыла деп буюрат жигиттерине. Баягы карыя кыргыздын комузун жок кылгысы келген ханга мындай деп айткан экен:

-                      Сен комузду жок кыла албайсыӊ. Комуз деген ар бир кыргызымдын жүрөгүндө жашайт. Комүз күүсү жаңы төрөлгөн наристенин үнүндө, комуз күүсү кыргыздын шылдырап аккан тунук булагында, ак мөңгүлүү Ала-Тоонун чокусунда, комуз күүсү кыргыздын кызынын назик күлкүсүндө, кыргыздын аргымак атынын дүбүртүндө, комуз күүсү кыргызымдын токоюнун шуудурагында, көгүлтүр көлүнүн шарп-шурп эткен толкунунда, дарыяларынын оргуштап аккан сууларында, кыргыз жигиттин таптаган бүркүтүнүн канатынын кагышында жашай берет.

-                      Токтот сөзүндү, алжыган чал! – деп каарданган канкор хан карыянын сөзүн аягына чыгарбай жүрөккө сайган экен.

Чындап эле ошондо ак сакалчан атанын жүрөгү акыркы жолу “дирт-дирт” деп соккондо комуз күүсү угулган дешет. Өз кулагына өзү ишенбеген хан жигиттерин батыраак аттарыңар менен тебелегиле деп кыйкырат. Жаратылыш да бул көрүнүшкө жаны ачыгандай катуу шамал согуп кирет. Шамал соккондо жерде жаткан комуздун кылдары кыймылга келип, комуз күүсү уламдан-улам катуулап чыгат. Аттардын дүбүртү угулганда комуз күүсү дүбүрт менен кошулуп ого бетер бүт жерди жаңыртып чыккан экен. Ошондо жанагы канкор хан катуу чыккан комуз күүсүнөн кулагы керең болуп, катуу соккон шамалдан көзүнө кум толуп көрбөй калган дешет.

Көрдүңбү, уулум алакандай бир ууч биздин эл ушул аспапты – биздин комузду ушу күнгө чейин бизге сактап келген. Комуз алардын сырдашы да, муңдашы да, курдашы да болгон.”

***

Толкуган элдин арасында жүрүп Эгемен Бактияр байкесин таппай калды. Ушундай катаал мүнөттөрдө биздин каныбыз бир, түпкү атабыз бир экени билинди. Бир-бирин тааныбаган жигиттер ким жарадар болсо ага чуркап набыт болгондорун көтөрүп алып чыгышып боз үйдүн түндүгүнө сайылган ууктардай биригип бекем туруп, бир-бирине жардам берип жатышты. Ал Бактияр байкесин издеп эки жагын каранып жатты. Аңгыча “Эгемен, мен бияктамын!” деген кыйкырыкты укту. Караса Бактияр аркы тарапта турган экен. Ал колун көтөрүп булгалады да: “ Эгемен, сак бол, абайлачы!”- деп кыйкырды. Кыйкырыкка удаа эле “тарс” деп ок атылды да, Бактияр бети канга боёлуп жыгылды. “Бактияр байке”- деп кыйкырган бойдон Эгемен жардамга чуркады. Үч-төрт кадам аттап чуркаганча дагы октун үнү угулду. Жүрөгүнө ок тийген Эгемен чалкасынан жыгылды. Ал көзүн чоң ачкан бойдон асманды бир карады. Түнөргөн кара асманды, жабалактап курчап турган элди, бири кем бул дүйнөнү, айтылбай калган аруу махабатын, жетпей калган тилек-максатын, карегине чөгөргөн бойдон көзүн алсыз жумуп кете берди.

Аттиң арман! Эки жансыз дене эки жерде соолуп жатты. Кыргыздын желбиреген желегин кайтарганды эңсеген Бактияр менен адилет сот болгусу келген Эгемен бул жалган дүйнө менен түбөлүккө коштошту.

Аттиң арман! Чырактай жанган жаш өмүр жалп деп өчтү, мөлтүр булактын таптаза суусундай агып аткан өмүр тып токтоду, жаздын татына гүлүндөй ачылып келаткан өмүр соолуп, жок болду. Чындык издеп чыркыраган жигиттердин жанын ачуу чыккан октун добушу алып кетти.

Бул алааматка күбө болгон төбөдө күн ыйлап, төмөндө Жер эне сыздап жаткандай туюлду. Күндүн ыйын, Жер эненин онтогон үнүн, асман менен жердин ортосунда соккон жел угуп, шамал улуп ай-ааламга таратып жатты:

Алда чырагым ай! Сенин комуздун кылдарын тилге киргизген манжаларың, күжүрмөн эмгекчил колдоруң түйүлгөн бойдон кетти го!Оттой балбылдап жанган курч көздөрүңө арманың толтура кетпедиби, жарыгым ай! Жаш өмүрүң өчүп бараткан акыркы көз ирмемде кайсы ойду ойлодуң экен? Мекенге болгон сүйүүң, элиңе болгон сүйүүң, оорукчан апаңа болгон аёо сезимиң, Жибекке арнаганга үлгүрбөй калган алгачкы тунук махабатың жүрөгүңдүн түпкүрүндө кетпедиби, кулунум ай!

Сен... Эгемен асыл максаттарыңа, аруу тилектериңе жетпей калдың... Сен өзүң сүйгөн кыздын жок дегенде чачынан сылап, махабаттын отуна балкыган жоксуң... Сен... бирөөнүн асыл жары, баланын атасы болгон жоксуң... Ыңаалаган ымыркайыңдын үнүн угуп аталык ыйык сезимди, ошол кубанычты туйбай калдың!... Өзүң тилек кылып жүргөндөй, ак сакалчан кары болуп, төрдө отуруп небереңе комуз үйрөтүп, ата-бабадан келаткан уламыштарды айтып бере албай калдың... Күндүн кызарып батканын суктанып караганды жакшы көрчү элең, эми күндүн батканын эртеси кайра агарып сулуу таң атканын көрбөйсүң, арман... Сенин өмүрүңө, сендей жигиттердин өмүрүнө балта чапкан ажыдаарды бүт ай-аалам каргап жатты...

Төбөсү бийик көк урсун

Төшү түктүү жер урсун!

Аркырап аккан суу урсун

Айдарым соккон жел урсун!

Агарып аткан таң урсун

Кызарып баткан күн урсун!

Айсыз караңгы түн урсун!

Ушунча азаматтарды төрөп, эрезеге жеткирген энелердин эмчек сүтү урсун!

Бул каргышты асманда эркин учкан куштар да, жер үстүндөгү жан-жаныбарлар да кайталап айтып жаткандай болду.

***

Түн кирип эл уйкуга кирген кезде, Айжамал да жатмакчы болду. Ал илинип турган комузду кармагылап, акырын кылдарын дирилдетип кыймылга келтирди да, анан кайра ордуна илип койду. Андан кийин комуздун жанында илинип турган Эгемендин тумарын алды да, көзүнө жаш тегеренип аны жыттады. Бул тумарды Эгемен өлгөндөн бери жатаарда бир жыттап туруп жатканды Айжамал адатка айландырып алды. Тумарда баласынын араба сүйрөп жүрүп, баткак чылап жүрүп, кафеде тамак ташып жүрүп тердеген теринин жыты сакталып калган эле. Айжамал тумарды алаканына салып көпкө ойлуу тиктеп турду. Күндө тумарды ордуна илип коюп жатчу эле, бүгүн эмнегедир анткен жок. Алаканына салып тумарды бооруна бек кысып жаткан бойдон уктап кетти.

 Түшүндө Айжамал мүрзөлөрдү аралап жүрүптүр. Эгемендин эстелигинин жанында башын тизесине коюп алып өпкө-өпкөсүнө батпай ыйлап жаткан экен.

Бейиттер дүйнөсү жымжырт да, сүрдүү да, муңдуу да болуп туруптур.

Ангыча асмандан куштардын үнү угулат. Айжамал селт деп чочуп кетип асманды карайт. Асманда бир да булут жок көпкөк, бир башкача тунук болуп турган экен. Так эле үстүнөн үч бурчтук болуп тизилип учуп өтүп бараткан турналарды көрүп Айжамал ордунан ыргып туруп таң калып карап калат.

Айжамалдын төбөсүнөн айланып учуп аткан турналардын бирөө үн катат:

-                      Апа, бул менмин. Таанып атасыңбы? Үстүндө жакындап тегеренип учуп аткан турналардын бирөөсүнөн Эгемендин элесин көргөн Айжамал сүйүнүп кетет:

-                      Ооба, тааныдым сени. Силер эмне үч бурч болуп алгансыңар?

-                      Апа, бизди жакшылап карап алсаң. Биз баарыбыз шейит кеткен балдарбыз. Элибиздин биримдигин, ынтымагын, тынчтыгын тилеп биз ажырабай үч бурч болуп асманда учуп жүрөбүз. Көк мелжиген Ала-Тообуздун чокуларын, ата-бабабыз аздектеп кийип келген ак калпагыбыздын келбетин элестетип үч бурч болуп алганбыз. Комузубуздун да кылы үчөө да, апа.

-                      Туура айтасың уулум! Мен сени сагындым балам. Жаныма келчи, жок дегенде бир кучактап алайын, кулунум! – деп Айжамал шолоктоп ыйлап кирет.

-                      Апаке, ыйлабачы! Биз өлгөн жокпуз. Биз эркиндикти сүйгөн айкөл элдин жүрөгүндө түбөлүккө жашай беребиз. Санаага батып чөкпөчү, башыңды өйдө көтөр, апа! Сен жарык дүйнөгө баатыр уулду жараткан ыйык ЭНЕсиң! Апа, муну жаңы төрөлгөн Эгемендин бешигине байлап койчу, колуңду ачып тосуп алчы. Эми баары жакшы болот, апа! Элдин жашоосу оӊолот! – деп Эгемендин элеси асмандан бир нерсени ыргытты да күлүмсүрөп апасына жылмайган бойдон алыстай баштады. Айжамал учуп келаткан нерсени тосуп алып караса, ал Эгемендин жети жашынан баштап тагынып жүргөн Жибек берген тумар экен. Тумарды колуна бек кысып Айжамал асманды карады. Үч бурч болуп тизилген турналар асманга бийик көтөрүлүп бир-бирине ыкташып учуп баратышты.

-                      Эгемен, балам алыстабачы, кетпей коё турчу – деп турналар учкан жакка карбаластап чуркап баратып Айжамал жыгылып кетти. Азыр эле сүйлөшүп аткан баласы алыстап учуп кеткенине өкүттө калган Айжамал:

-                      Эгемен, Эгемен - деп кыйкырып баласын чакырып ыйлап жатып, өз үнүнөн өзү чочуп ойгонуп кетти. Көзүнөн салаалап аккан жашка жаздыгы суу болуп, солкулдап ыйлап атып үнү да кардыга түшкөн экен. Тумарды кармап жаткан оң колунун алаканы ысып тердеп чыгыптыр. Айжамал ордунан козголуп терезени карады. Таң ата элек экен. Терезеден түшкөн айдын жарыгында ал уктап жаткан кыздарына көз жүгүрттү. Экөө тең мемиреп тынч, бейпил уйкуда жаткан экен. Кыздарын кымтылап жаап коюп, Айжамал ордуна келип жатты.

Ал Эгемендин элесин түшүндө эмес эле, өңүндө көргөндөй сезди.

-                      Элдин жашоосу оӊолот!

-                      Муну жаңы төрөлгөн Эгемендин бешигине байлап койчу! деген уулунун сөздөрү кулагына кайра-кайра жаңырып, тумарды алаканына бек кармаган бойдон эртеңки күндөн жакшылыктын жышаанын сезип, Айжамал таңдын атышын чыдамсыздык менен күтүп жатты...