Аскарбек Мамбеталиев

Очень плохоПлохоУдовлетворительноХорошоОтлично (13 голосов, средний бал: 4,69 из 5)
Загрузка...

Аскарбек Мамбеталиев (Кыргызстан), 46 лет, закончил КГНУ в 1994 году, работал переводчиком в свыше 15 лет в международных проектах, автор нескольких книг, множества исследований по социальным проблемам, а также множества статей на английском, русском и киргизском языках. Новое исследование по истории несторианства в срединной Азии будет издана в этом году. Имеет диплом Магистра образования от Массачусеттского университета США, который успешно закончил в 2004 г. По окончанию университета, в течение 2005-2012 гг, работал директором Департамента по международному образованию КГУ им.И.Арабаева, а также преподавал социальную работу, политологию в данном университете. Работал в Нью Йоркском университете в США три года в качестве посещающего ученого и исследователя. Многократно выступал на международных конференциях США и Европы. В данное время является членом Наблюдательного совета при Министерстве образования и науки Кыргызской Республики. Политолог и эксперт по международному образованию.

_______________________________________________________________________________________________________

Перевод древнейшей поэзии евреев на кыргызский язык в стиле поэзии

 

СУЛАЙМАН ПАДЫШАНЫН МАХАБАТЫ

 

(Узунду)

Бул поэмада айылдык кыз Суламитанын (Суламифь десе да болот: аттын мааниси — момун) өзү сыяктуу эле жөнөкөй, койчу жигитке болгон махабаты баяндалат…

Кыздын ак кол өсүшүн каалабаган агалары, өздөрүнүн бакчасын кайтартып коюшат. Суламита табигатка суктанып, булбулдардын үнүнө, аңкыган бактын жытына мас болуп, табияттын кучагында эч нерседен бейкапар, жүзүмзардан чыгып, бейтааныш талааны аралап жөнөйт.Капыстан Сулайман падышанын аскерлери, падышалык арабаны коштоп өтүп бараткан жолго чыгат. Гүлдүү өрөөндөрдүн жымжырттыгында өскөн Суламита үчүн аскерлердин бул салтанаттуу, жер дүңгүрөткөн жүрүшү абдан кызык эле. Ошондуктан алардын зыңкыйган, шаңдуу аскербашыларын, жоокерлерин жол жээгинде туруп алып, суктанып карап калат. Кыздын сулуулугунан эстери танган аскерлер, өкүмдарынын аялдарга болгон көз карашын билгендиктен аны Падышанын гаремине алып келишет. (Сулайман падышанын жети жүздөй никелүү аялы болгон.) “өрөөндө өскөн жаңгак бак, көргөнү баргам мөмөсүн. Жер жайнаган жүзүмзар, татканы баргам жемишин. Катар-катар анарлар, байлады бекен бүчүр деп, байкаганы баргамын. Көрүүгө чолоом тийбеди, ой-боюма койбостон хандын арабасына ала качып кетишти,” — дейт Суламита кийин.

Сулайман кызды көргөндө анын сулуулугуна ашык болот: “Ханышадан алтымыш, токолдордон сексен бар, кыздарга болсо сан жетпейт, баары менин аялым. А бирок сага ашыкмын, көгүчкөнүм, артыкчам, жеткилең сулуум сен гана.”

Сулайман кыздын колун сурап, ак сарайда сонун жашоону, бай белектерди сунуш кылат. А бирок кыз жүрөгү бир гана койчу жигитке байланган. Аны эстеп, сагынычтан куса болот. Падышанын жанында турганы Суламитага оор, өзүн эркиндиктен ажырап, торго түшкөн куштай сезет. Падыша түшкү тамагын ичкени кеткен убакта гана, аз убакыт болсо да кыз кайрадан айлананы карап, эс алат: “Түш тамагын ичкени, падыша кетти сарайга. Жыпар жытым балкытып, буруксуп турду айлана.”

Мурдагы бейкапар жашоодон из калбады. Кыз бүт күчүн жыйнап, өзүнүн сүйгөн койчу жигитине ак болууга бел байлайт. Ошону гана самап, Сулайман канча сонун сөздөрдү айтса да көңүл бурбайт:

“Ашыгымды окшотом

Төшүмдөгү сайымда

Асылып турган миррага.

Ен-Геддинин багында

Өскөн кымбат хиннага.”

Кызга жигиттин үнү угулгансып, ал чакырып жаткансып, жатса-турса оюнда ошол гана. Акыры жаны кыйналып, чарчаганда Суламитанын көзү илинип кетет. Уйку-соо жатканда сүйгөнүнүн үнүн угат: “Оо Кудустун кыздары, өзү кааламайынча сүйгөнүм ойготпогула!”

Бул убакта Сулайман тойго даярданып жаткан болот. Кызга жакшы сөздөрдү айтып, сүйө турганын кайталайт. Кыз анын сунушун четке кагат: “Ойгон түндүк шамалы, түштүктөн сок желаргы! Менин багымды капта, жытын туш-тушка тарат. Сүйгөнүм келсин багыма, мөмөсүнөн ооз тийсин.” Кыз кайрадан уйкуга кетип, кайрадан түйшүктүү түштөрдү көрүп, сүйгөнү келгендей, ага эшигин ачып берип жаткандай болот. Эшигин ачса… эч ким жок. Шаарды айланып, кыдырып издеп, сакчыларга туш болгондору түшүнө кирет. “Оо, Кудустун кыздары, бир сураныч силерден: сүйгөнүмдү көрсөңөр, ашыктыктан алсырап, азып калды дегиле”. Кудустун кыздары

Суламитага кайдан түшүнмөк. Айылдык кыздын падышанын сунушуна көнбөгөнү алар үчүн акылга сыйбаган нерсе болуп жатпайбы: “Оо, сулуулардын сулуусу, мынчалык ашык болгудай сүйгөнүңдүн неси бар? Бизден шунча сурандың, башкалардан неси артык?”

Акырында Сулайман терең кайгы менен кыздын жүрөгү башкада экенин түшүнөт. Сулайман кыздын сулуугуна ашык болуп, аны аялдыкка күч менен деле алса алып алмак, бирок ушул убакка чейин нечендеген атактуу аялдардан “жок” дегенди укпаган ал, карапайым кыздын таза сүйүүсүнө тан берет, ичинен сыйлайт. Кыздын өз сүйүүсүнө актыгы, бекемдиги жана жигитине ишенимдүүлүгүнө таазим кылып, максатынан кайтат. Кыз эч качан ага сүйүүсүн арнабастыгына көзү жетет: “Карындашым колуктум, коруктагы гүлбагым, кулпуланган кудугум, түшүүгө болбос фонтаным.”

Суламита өзүнө падышаны жакындатпады, падыша кыздын сулуу гана эмес, абийирдүү, ар-намыстуу экенин да түшүндү: “Ашыгым сен сулуусуң, көрүнүшүң Фирцадай6 , сүйкүмдүүсүң Кудустай. Көркөмдүүсүң, шаңдуусуң туу көтөргөн кошуундай. Сүрдөтпөчү тик карап, уялып көзүм жалтанат.”

Ошентип, Сулайман кызды кое берүүгө аргасыз болот. Кетип жаткан кызды, падышанын ак сарайынын кызматкерлери, нөкөрлөрү, падыша өзү, дем чыгарбай узата карап турушат. Ошондо падышанын оозунан эрксизден үшкүрүк аралаш, мындай сөздөр чыгып кетет: “Суламита, кайрылчы, кайрылчы эми, Суламифь. Жамалыңды көрсөтчү, суктана карап алалы.” Акыркы жолу…

Суламитанын ою болсо сүйгөнүндө: “Суктана карап тургандай, эмне, бийчи бекен Суламифь!” дейт өзүнчө ал.

Китептин сегизинчи бөлүмү ак сүйүүнүн салтанаттуу жеңишин даңазалайт. Суламита ар кандай азгырыктардын, кыйынчылыктардын чөлүнөн өттү, азыр болсо сүйгөнү менен кайрадан бирге: “Сүйгөнүнө сүйөнүп, чөлдөн келе жаткан ким?” Китептин башындагы “өзүмдүн багымды болсо, кароого чолом болбоду” деген арман китептин аягындагы “А меники кашымда” деген салтанаттуу кубанычка айланды. Башындагы сүйгөнүн жоготкондогу кайгы, китептин аягында аны кайра тапкандагы кубанычка айланды. Сүйүшкөндөр кайрадан чогуу. Сулайман падышанын байлыгы, атак-даңкы кыздын жүрөгүн жеңе албады: “Эгерде бирөө элирип: “Бүт байлыгым берейин, сүйүүңдү мага сат!” десе, кагуу жеп, четке кагылмак.” Ооба, Суламита бактылуу, анткени ал кыз намысын сактады, сүйгөнүнө ак болду.

Китеп негизинен Сулайман менен Суламитанын диалогунан куралса да, бул диалогдун ар жагында, ар бир куплеттин кычыгында үчүнчү инсан — кыздын сүйгөнү көрүнбөстөн катышып турганын байкайбыз. Көп окумуштуулар Суламита менен анын сүйгөнүнүн ортосундагы мамиледен Машаяк менен ага ишенгендердин жамаатынын мамилени көрүшөт. Суламитанын сүйгөнү бул ырда ачык көрүнбөгөндөй, Жамааттын сүйгөнү — Машаяк да көрүнбөгөнү менен талаш-тартыштын чордонунда. Сулайман сыяктуу бул дүйнө да Жамаатты ар кандай нерселер менен азгырууга аракеттенет. Ошондой болсо да Жамаат өзүнүн сүйгөнүнө ак болуп, келечекте аны менен түбөлүккө кошулат.

Бул китеп чынында мааниси абдан терең, көптөгөн традицияга айланган түшүндүрмөлөрү да бар, дегеле түбүнө жеткен адам жок, бирок баардык окумуштуулардын пикири ак сүйүү темасында жолугушат. Биз да, кыргыздар, бул китептен көп сабак алсак болот. Анткени “чыныгы сүйүү барбы?” деген мектеп партасындагы маанилүү суроого жоопту ушул китеп так берет. Андыктан ак сүйүүнү абийирсиз басылмалардан эмес ушул ыйык китептен үйрөнөлү.

Суламита сүйгөнүнө:

Өпкүлөчү аймалап,

Эриндериң махабат.

Мыктысындай шараптын,

Сүйүүң мени мас кылат.

Аңкыган жыттуу жыпарың

Магдыратат балкытып,

Андан да сүйкүмдүү атың,

Шондуктан кыздар сага ашык.

Мени алып кетчи эми,

Тездетегөр суранам.

Бирок кыз капысынан хандын нөкөрлөрүнө туш болуп, алар падышанын гаремине алып кетип калат

Падыша мени апкелип,

Ак сарайга киргизди.

Падыша сарайындагылар:

Кубанабыз, жыргайбыз

Шарапты койчу а көрө

Махабатың даңктайбыз.

Сага мактоо жарашат.

Кыз гаремдеги аялдарга:

О Кудустун кыздары!

Тотугуп, күнгө күйсөм да,

Кедардын чатырларындай,

Хандын пардаларындай,

Сулуулугум башкача.

Кара тору бетиме

Кадала тиктебегиле.

Ысыктан улам карардым,

Күндөн улам тотуктум.

Ачууланган агамдар,

Бак кайтартып коюшту,

Өзүмдүн багымды болсо

Кароого чолом болбоду.

Кыз өзүнчө койчу жигитке кайрылат:

Айтып койчу ашыгым

Коюңду кайда жаясың?

Күн төбөгө келгенде

Кай жакка айдап барасың?

Көчө аялы өңдөнүп,

Көрүнгөн жерде самсаалап,

Досторуңдун малынын

Артынан жүрө беремби?

Кимдир бирөө:

О сулуулардын сулуусу!

Билбесең жолду сен эгер,

Койлордун салып изине,

Чабандардын чатырын,

Пааналап айдап келгин да

Улактарың жая бер!

Падыша Суламитаны көргөндө:

Ах эркем сени окшоттум

Хандын арабасына

Кошулган бээнин бирине.

Саамайыңда салаңдап,

Сөйкөлөрүң керемет.

Моюнуңда мөлтүлдөп,

Шуруларың термелет.

Гаремдеги аялдар Суламитаны сооротушат:

Күмүш илгич алтын көз,

Сөйкө жасап беребиз.