Айсулуу Кокоева

Очень плохоПлохоУдовлетворительноХорошоОтлично (25 голосов, средний бал: 4,40 из 5)
Загрузка...

Айсулуу Кокоева (Бүбү Токоева)  (Кыргызстан)

По профессии журналист. Закончила факультет журналистики КГНУ им. Жусупа Баласагына в г.Бишкек. Также выучилась в Москве на Курсах литературного редактирования Литературного института имени М. Горького.

Работала в нескольких государственных и неправительственных газетах и сайтах. Являюсь членом Союза писателей и Центрально-Азиатского ПЭН-клуба. Пишу стихотворения и прозаические произведения под псевдонимом “Айсулуу Кокоева”.

В данное время работаю на радио «Алмаз» и в журнале «Ден соолук kg».

В 2006 году выпустила книгу “Аялдын күндөлүгү” (“Дневник женщины”).

Мои произведения и статьи печатаются в СМИ и звучат на радио.

Перевожу прозу и авангардические стихи с русского, казахского языка на кыргызский.

_______________________________________________________________________________________________________

Перевод произведения Харуки Мураками “История бедной тетушки”

БЕЧАРА ЭЖЕНИН ТАРЫХЫ

(Узунду)

Баары жаркыраган июлдун түш чендеринде башталды. Дем алыш күндүн сонун бир чак түшүндө. Жада калса шоколаддын бырышкан кагазы да көлдүн түбүндөгү айтылуу кристаллга окшоп, июль айынын падышалыгында өзүнүн мырзапейилдиги менен жарык чачып жатты. Күндүн жарыксыз жана көркөмдүү чаңчасы уялыңкы тартып, жай      гана жердин үстүнө каалгып конуп жатты.

Мен сейилден кайтып баратып, кинотеатрдын алдындагы аянтчанын алдына дос кызым менен отура кеттим, тумшугунда мүйүз сыяктуу бир тиши бар деңиз айбанды карай баштадым. Жамгыр маалы бүтүп, элкин шамал дарактын сабактарын чайпап, жасалма көлмөнүн үстүнө бир аз толкун айдап жатты. Тунук суунун ичиндеги кока-коланын саргыч калайлары чөгүп жатат – алар алыстан караганда ал жерден чалдыбары чыккан шаарлардын сүрөтүн элестетет. Мен дос кызым менен отурган чакта, так түбүбүздөн окшош форма кийген бейсбол командасы чуркап өтүүгө жетишти, прокаттан алынган велосипед менен жарыша чуркаган ит, спорттук шорта кийген чет мамлекеттиктер өттү. Газондо бирөөнүн унутуп калган радиоприемнигинен жеңил-желпи модалуу музыка жаңырып жатты. Келе жатканбы же жоготулганбы, сүйүү жөнүндө. Мелодиясын го, тааныдым, бирок мен муну мурда уктум бекен? Балким, башка ырга окшоштур. Күндүн нурунун бири да калбай менин колума сиңип жатты.

Билбейм, эмне үчүн менин бечара эжем ушундай күнөстүү күндө менин жан дүйнөмдү дүрбөлөңгө салды экен. Жанымда андай бечара эжелер жок эле да – анан эмнеге аны элестетиш керек? Бирок ал менин көзүмө тартыла калды да, жоголуп кетти. Жүрөгүмдө бир аз кармалды да, өзүнүн артынан түбөлүккө адамдын жүзүндөгү кызыктай болгон муздуу боштукту калтырып кетти. Бирөө терезеден учуп өткөндөй.

Бечара эжеке?

Мен дагы бир жолу кайрылып карадым да, кандай болсо да жайкы күндүн асманына көз жүгүрттүм. Сөздөр шамалдай же октун көрүнбөгөн траекториясындай дем алыш күндүн түшүндө өчтү. Баары ушинтип башталат. Канчадыр бир убакыт бою болот да, анан шак этип эле  баары жоголот.

— Мен бечара эже жөнүндө бир нерсе жазгым келип турат, – дедим дос кызыма. Мен окуяларды жазгым келип жүргөндөрдөнмүн да.

— Бечара эже жөнүндө? — бир аз таң калып ийнин куушуруп койду ал, “бечара эже” деген сөздүн өзүн колуна алып, аны ары-бери калчап, эч нерсесин түшүнбөй туруп, – эмнеге бечара эже жөнүндө? – дейт.

Эмнеге, аны өзүм да билбедим. Менин көңүлүмдү мен түшүнбөгөн нерселердин баары этектеп турат. Учкул сезим — булуттун өтүп кеткен көлөкөсүндөй эле, болгону ошол.

— Жөн эле ошол жөнүндө ойлоп койдум. Байкоосуз.

Биз сөздөрдү издегенче бир топко чейин пауза болду. Биздин жүрөктөрүбүздү Жердин жумшак айланышы гана байланыштырып турду.

— Анда эмне, сен бечара эже жөнүндө жазасыңбы?

— Ооба, мен.

— Аны кимдир бирөө окуйбу?

— Балким, окушу да мүмкүн, — деп жооп бердим мен.

— Бирок сен баары бир жазасың?

— Эч нерсе кыла албайсың,  — актанганга аракет кылдым мен. — Сага кантип түшүндүрүүмдү да билбейм…  Балким  чын эле мен бөлөк кутуну ачкандырмын. Бирок акыр аягында, муну өзүм жасадым. Ушундай го.

Ал унчукпай жылмайды. Мен чөнтөгүмдөн  бырышкан тамекини алдым да чеге баштадым.

— Баса, сенин туугандарыңдын арасында бечара эжең барбы? – сурады ал.

— Жок.

— А менде бар. Чыныгы. Мен аны менен бир нече жыл чогуу жашаганмын.

— А-а. – деп койдум мен.

— Бирок мен ал жөнүндө эч нерсе жазууну көздөгөн эмесмин.

Радиоприемниктеги музыка алмашты — биринчиге абдан окшош, бирок мен аны такыр тааныган жокмун. Бүткүл дүйнө жоготулган жана келе жаткан сүйүүгө толуп кеткенсиди.

— Демек, сенде бир дагы бечара эжең жок тура? — улантты кыз. — Бирок ошого карабай ал жөнүндө бир нерсе жазгың келип жатат. Кызыктай эмеспи?

Мен башымды ийкедим:

— Кызык, эмнеге?

Ал башын ийнине койду да, бирок эч нерсе деген жок. Менин суроомдон анын суу алдындагы баткак соруп жаткан колдору карышып кеткендей болду. Менин суроо белгим гана кадимкисиндей көлчүктөгү жылмаланган темирдей болуп күнгө жаркырап жатты. Жататтыр астында, жанындагы кока-коланын калайларын ошол эле суроолор менен тажатып.

Эмнеге? Эмнеге? Эмнеге?

— Мен билбеймин, — деди бир кылым өткөндөн кийин мукактанып кыз.

Мен жаагымды таяндым да, оозумдагы тамеким турган калыбымда, тумшугунда мүйүз сыяктуу бир тиши бар деңиз айбандарды дагы бир карап койдум. Эки жаныбар төрт буту менен тура калышып, кайдадыр бир кетип калган убакыттын артынан кош айтышып жаткандай болушту.

— Мен башында батынысы бар адам асманга башын көтөрө албасын гана билем. Мен сен жөнүндө айтып жатам.

— А тагыраак айткандачы?

Суу колун жеңине аарчып жатып, ал менин жүзүмө тик карады.

— Чамамда, мен азыр сага эч нерсени түшүндүрүп бара албаймын. Эч нерсе.

Мен үшкүрдүм.

— Кечир.

— Эч нерсе эмес. Кебетеси, азыр мага ойлонгуч-жаздык да кеңеш бере албайт шекилди.

Ал кайра жылмайды:

— Анан да, жада калса сенин бечара эжең да жок экен.

 

Ооба.

Менде

Жада калса бечара эжем да жок…

 

Ыр саптар эмес бекен?

Балким сенин да бечара эжең жоктур? Мындай болсо, демек, “бечара эженин жоктугу” — экөөбүздүн жалпы окшоштугубуздур. Кызыктай болгон жалпы окшоштук! Эртең мененки чалчыктай болгон жалпы окшоштук.

Бирок сен бечара эжени бирөөлөрдүн тойлорунда көрбөй койбогондурсуң.

Китеп текчесинде кандайдыр бир көп мезгил бою окулбай турган китептей эле, кайсы болбосун кийим шкафта көп убакыт бою кийилбей турган көйнөктөй эле – баардык тойлордо эле жок дегенде бир бечара эже бар.

Эч ким аны эч ким менен тааныштырбайт, эч ким аны менен сүйлөшпөйт. Эч ким аны тост сүйлөп коюусун суранбайт. Ал эски сүт бөтөлкөсүндөй болуп акырын столго отурат да, жүгөрү шорпону мазасыз, шоркуратып ичет, салатты балык жечү вилка менен жейт, буурчакты идиштен кубалап ичет, акырында ага балмуздак жеш үчүн кашык жетпей калат.  Анын берген белектери жолу болуп калса антресолдун тереңинен орун алат, багы ачылбаса башка жерге көчкөндө кегельбандын байге кагаздары менен бирге таштандыга ыргытылып кетет.

Ал жада калса кээде ачылып көрсөтүлгөн той альбомдордогу сүрөттөрдүн арасында да көрүнө калат, бирок жыйнактуу, чөккөн кишиче да ишеним жаратпайт.

— Могу аял ким? Карасаң, тээ тиги, экинчи катардагы, көз айнекчен…

— А-а, эч ким деле эмес, — дейт жаш күйөө. — Жөн эле бир бечара эже.

Анын аты жок. Жөн эле бечара эже. Болгону.

Албетте, адамдын атынын качандыр бир, эртели кеч жок болуп кетерин айтса болот.

Бирок бул ар кандай жагдайда болот. Биринчи түрү —өлгөндөн кийин аты шак унутулганда. Баары жөнөкөй. «Дарыя соолуду. Балык өлдү». Же болбосо: «Токойду жалын жалмады, чымчыктар күйүп кетти»… Биз алардын өлүмүн жоктоп ыйлайбыз. Экинчи түрү — эски телевизордой: өлгөндөн кийин бетине ак чийимдер пайда болот да, бирок акыры толук өчөт. Бул да жаман эмес. Адашкан индиялык пилдин таманындагыдай, бирок бул да жакшы. Эми акыркы түрү — өзү өлгөнгө чейин эле аты жоголгондо. Мындайча айтканда бечара эжелердикиндей.