Айдарбек Сарманбетов

Очень плохоПлохоУдовлетворительноХорошоОтлично (3 голосов, средний бал: 4,00 из 5)
Загрузка...

Сарманбетов Айдарбек (Кыргызстан)

 жазуучу, журналист

Аўгемеде советтик жана эгемендик доорлорго туш келген кыргыз жигити менен тїрк кызынын махабаты, єткєн тарых жана учурдагы глобализация маселелери, улуттук психология, дїйнєтааным ж.б. жагдайлар азыркы жаш адамдын турмушу, ички сезимдери менен чагылдырылат.

Чыгарма котормочу тарабынан англис тилине которулуп жатат.

_______________________________________________________________________________________________________

Дєбє

(аўгеме)

Єлїї болсок бир чуўкурда

Тирїї болсок бир дєбєдє бололук.

Кыргыз элинин согушка кирер алдындагы шерти

Тагдырдын тамашасына таў бербей койбойсуў! Нечен жылдап, алтургай бїтїндєй ємїр коротуп артынан сая тїшїп, салбуурун салып саргара жорткон менен жалган закымдай караан їзїп, жер кезген жел сымал жетпей жїргєн тилегиўдин сааты чыккан алеки заматта, бир кєз ирмемге жетпей капыстан астын-їстїн калайман тїшїп, єзї эле єтєсїнє чыгып калат тура. Адам тагдыры да аалам сыўары татаал, тїпсїз белем…

Аалам туўгуюгунун Жерге жакын четинде айланып учкан спутниктен караганда Азия материгинин дал ортосунда – айтылуу Кытайдын тїндїгїндє, Россия менен Казакстандын тїштїгїндє быгып жаткан токсон пайыздан ашык жери тоолуу, айтылган мамлекеттерге салыштырмалуу тырмактай єлкє биздин Кыргызстан, улутум кыргыз. Ага жакындай, самолёттун бийиктигинен караганда чокуларын миўдеген жылдар бою кєк муз, кїмїштєй жалтыр мєўгїлєр басып жаткан кабат-кабат тоолордун этегинде, єлкєнїн тїндїк жакасы болгон Чїй талаасынын дал ортосундагы борбор шаар Бишкектин тїштїк ныптасында быгып, тоо этектей чубалган бактуу бир айылдын мектебинде иштейм. Жогорку класстарга тарыхтан сабак берем. Орто жашка келип калдым. Єзїмдїн киндик каным таамп, туулуп-єскєн айылым. Самаган кесибим. Сыйлашкан жубайым, акыл-эстїї балдарым аман, заман тынч, кєкєй кескен санаам деле жок, кыскасы, менден бактылуу адам жок. Таў азандан кечке дейре кыйып кете албай машакат тартып, мектептемин. Кенен жашоого жаўы кадам таштап жаткан жаш адамдардын эл-жеринин, аламан дїйнє тарыхынан тереў, канык билим алуусуна аз да болсо шыпаа боло алсам дейм. Єз элинин тарыхын так билип, сыйлап, улантуусу ар бир инсандын жашоодогу ыйык милдети эмеспи. Адам – ошол їчїн жарык дїйнєгє жаралат. Єз милдет-тилегимди дурус эле орундап жатсам керек: кесиптештерим да, мурда-кийинки окуучуларым да сыйлап турушат…

– Сизди директор тезирээк келсин деп чакырып жатат.- деп калды бир кїнї тїш ооп калганда, эшиктен башын салган арык, кєз айнекчен бїтїк кєз секретарь кыз капыстан.

– Неге?- мен тїшїнбєй, алда кандай болуп кетти деп чочуркай да ага элейе карап суроо узаттым эле, ал:

– Билалбадым. Директорго чет элдик эки мейман келди. Кыязы ошого байланыштуу го.- деп, тырсылдай сїйлєп, шашыла караанын їзїп кетти.

Санаам саал тынчый тїштї. Сабагыман кынтык таап, же мен класс жетекчилик кылган бїтїрїї­чї­лєрїмїн арасынан бирди-жарымы тентектик кылып жибердиби деген коогалуу ой-санаа кеткен эле. Анын їстїнє баштыгыбыз аял киши. Богогу салаўдаган, кєзї бїтїк, семиз аял. Кыялы чатак, бетке чапма, туруп-туруп эле чагылгандай чартылдап кетет. Улуу, кичїїнї карабайт. Ошондон улам андан дайыма чочулап турабыз. Менден он жаштан ашык улуу.

Директорго салам айтып шашыла кирип барсам ал, иш столунун капталындагы диванда мен курактуу каратору эркек, андан берирээкте огеле апакай жїздїї сулуу аял менен чай ичип, жай масилеттешип олтурган экен. Мени кєрє коюп директорубуз тигилерге жылмаўдай безилдеп кетти:

– Аа, кел, кел, мына биздин тарых мугалимибиз, – деп, анан мага кайрылды, – Касым Капашевич, бу меймандар алыскы Тїркиядан келишиптир. Кыргыз-тїрк элдеринин байыркы тарыхын, каада-салт, карым-катышынын эл ичине канчалык сиўгенин, анын биздин санжыра, уламыштарыбызда айтылышын изилдеп жїрїшкєн экен. Аны сиз жакшы билет эмессизби. Меймандарыбызга жакшылап айтып берсеўиз.

Мен тигилерге жїз бурганда эркеги:

– Насылсыўыз? Бенин исмым Орхан Инанды.- деп, анан жанындагы аялга кол жаўсап,- Назлы ханум,- деп, элпек учурашып, тура кала мага колун сунду. Ажарлуу аял кєздєрї жана мени жалжылдай карап турган эле, ал да кїлє багып мага:

– Орхан бей саламатсызбы деп сиз менен учурашып, таанышып жатат. Мен котормочумун.- деди коўгуроодой їнї менен.

– Тїшїндїм, тїшїндїм, тилибиз окшош эле турбайбы,- деп мен тїрк адамдарын, айрыкча аялзатын жакындан алгач кєрїп, ємїрїмдє биринчи ирет бетмаўдай сїйлєшїп жаткандан улам сїрдєп кеттим. Аял мага карагаттай мєлмїлдєгєн кєздєрї менен дагы сырдуу, сїйкїмдїї жылмайып:

– Ошентсе да которуп берип турайын.- деп койду. Кыргызчаны суудай билет экен. Таўданып алдым.

Аныкы чын экен, таанышканда тїркчєнї тїшїнгєнсїп, оўой кєрїндї эле, чоў сєзгє киргенде чала бучук жалпы тїшїнїк болгон менен бардык кепти канык тїшїнїї кыйын болуп калды. Анадолу университетинен келишиптир. Мындан нары казак, хакас, тува дагы-дагы кєп жерлерди кыдырышат экен. Назлы ханум ортобузда которуп, мен жетекчиси эмес, аны менен сїйлєшкєндєй кысылып, сїрдєп жаттым.

Аздан соў меймандарды сыртка, таза абага чакырдым. Мектебибиздин тегереги мырза теректер менен курчалып, короодогу арча, мажїрїм талдардын кєлєкє салып калган кези болчу. Май айынын аягы болгондуктан жайдын ысык илеби келип, бєлмєдє олтуруу оорлой баштаган. Анїстїнє деректирдин тике кєзї алдында болуу мен їчїн оор кыйноо эле. Ал ар бир сєзїмє кулак тїрїп, саксактап жаткан, кылдан кыйкым таап, кийин мени жемеге алары турган иш да.

Короодо кєлєкєлєй басып, жєн-жай сурашып, четтеги шактары чубала тєгїлгєн мажїрїм талдын кєлєкєсїндєгї орундукка олтура кеттик. Балдар да бул жерде чуркабай, ызы-чуудан алыс. Менден эркин сєз кїтїп, эки элдин алакасына, боордоштугуна байланыштуу эл арасындагы кептер, деги эле єзїм билген, уккан окуялар керек экенин билген соў єзїбїздїн Жусуп Баласагын, Махмуд Барскоондук-Кашкарий сыяктуу байыркы кылымдарда жашап єтїшкєн атактуу аалым-бабаларыбыздан баяндама берип келип сєзїмдї алыстан баштадым. Анїстїнє кєптєн бери кєкїрєгїмдї єйїтїп жїргєн эле, бул баян…

Мен бала кезде, мындан жарым кылымдай илгери, айлыбызда узун бойлуу, каратору Мустафа деген ширидей кара, арык тїрк абышка бар эле. Башында жайы-кышы эч тїшпєс ак, кийиз топу, коўкогой мурун, капкара, курч кєздїї, ээгинин алды кырылган чокчо сакал, бирок биздин абышкалардыкындай муруту жок болчу. Бизден ончакты їй тємєн жашачу. Єтє тамашакєй. Жаш-кары дебей оюндагысын уялбай ачык айтып, азилдеп, кїлкїгє чала сїйлєйт. Єзї да кошо карсылдай кїлїп, єз сєзїнє єзї маашырлана жымыўдап, жыргап калат. Аябай сєзмєр. Кєптї билет. Жанындагыларды тїк зериктирбейт. Ошондон улам анын айланасында дайыма кишилер тополоп, кайда болсо коштой жїрєт. Эч кимге орой мамиле, жамандык жасабай, сылык, нускалуулугунан эл ичинде сыйлуу. Анын улуту башка экени эч кимдин оюна да келбейт. Єз. Качан, кантип айылга келип калганын ким билсин.

Мустафа менен бизге кошуна Шаршемби аксакал єтє ынак. Жашташ. Жайкалган ак сакалдуу, кырдач мурун, мээрман сурма кєздїї, тартайган Шаршемби аксакалдын єзї айтканына караганда тїрк ынагынан їч жаштай эле улуу экен. Бирок аны єзїлєрї эске деле алышпагандай, ысык теўтуш катары тамашалаша беришет. Айыл этегиндеги дєбєгє келип, экєє кошулду дегиче бїттї, кыраан-каткы, узак кеп. Немистер менен согушка да бирге барышкан экен. Андагы окуя-жоруктарынан айтып олтурса биринен-бири кызык, кїлкїлїї. Улам бири сєз баштаса экинчиси аны коштой чаап, жиреп турат. Кээде шекшип калам, кантип эле кан кечкен согушта ошончолук обу жок, кїлкїлїї окуялар кєп болсун деп. Анын їстїнє сєз кызыганда экєє башкаларга байкатпай шектїї, кїлмїўдєй тиктеше калышат. Кийин ойлосом чын эле биздей бозбаш балдарды, талаа-тїздєгї иштен, кїндєлїк оокат-тїйшїктєн чарчап, кїлкї кїтїп келген улуу-кичилерди ыраазы кылыш їчїн ошондой ойдо жок окуяларды улам бири ойлоп таап, экинчиси сїрєєнгє алып, кєпчїлїктїн кєўїлїн кєтєрїшчї окшойт го.

Эки ынак абышка таў эртелеп кїнїгє айыл четиндеги кєк майсаў дєбєгє келишет. Кыргыз эли бийик дєбєнї эзелтен жакшы кєрїп, аздектейт. Журт башылары, аксакалдар, баатыр кол башчылар дєбєгє чогулуп элдик маселелерди чечкен, жоо каяктан келатат деп дїрбї салып, согуштарда бийиктен карап аскерлерин башкарып турган.

Ошол, аксакалдар дєбєгє келер жолдо алгач мен уюбузду беш-алты кой менен айдап чыгам. Анан менин їйдєн чыгышымды кїтїп кєчє четинде оттотуп жаткан койлорун Шаршемби аксакал биздикине кошуп коюп, єзї да алдыга тїшїп тємєн жєнєй берет. Андан соў жолдон кара, куйруктуу койлорун айдаган тестиер небереси (Азербайжандагы уулунун кызы, карыганда бизге жєлєк болсун деп алып алышкан) менен Мустафа кошулат да секелек кыз экєєбїз малды айдап, эки чал дєбє їстїндє кала беришет. Тїнї менен ачыгып калышкан уй, койлор кєк чєптєн бурдай сугунуп, саал токпейил тарта тїшкєндє биз да дєбєгє умтулабыз.

Дєбєдєгї абышкалардын кептери кызык. Кээде алар калбаат олтуруп, санжыра-уламыш, аттары тааныш-чоочун байыркы баатырлардын башынан єткєргєн не бир укмуштуу окуяларды, жоочалыш, каардуу замандардан кеп айтып калышат. Аны кєбїнесе дайыма сєєлєттїї, токтоо Шаршемби аксакал баштайт. Курчай олтурган кєпчїлїк мемиреп, тынч угат.