Турдиев Талаай

SONY DSCУвлекаюсь чтением художественной литературы. Творчеством занимаюсь давно и пишу, в основном, художественную прозу. Родился и вырос в Кыргызстане. Имею высшее образование. Живу и работаю в Кыргызстане.

I am engaged in literary work for a long time and I write prose. I enjoy reading fiction. I was born in Kyrgyzstan. I have higher education. I live and work in Kyrgyzstan.


Ак-Төш

Кеч күздө, асманы бүркөк күндөрдүн биринде, шаардын көп кабаттуу имараттары аяктап бир кабат турак үйлөр башталган жердеги ишкана короосуна күрөң-кызыл жолбун ит келип, кетпей, калып калды. Иттин баскан-турганы өтө этият, куйругун бүкүрөйө түйгөн жүдөгөн арык канчыкты ар жерден таш-келтек менен уруп кууй беришкен го, диртилдеп коркунчаак. Күрөң-кызыл иттин кантип короого байкатпай кирип келгенин эч ким айталбайт, кезеги менен алмашып ишкананы дайым кайтарган кароолчулар да.

 Канчык ит келген күндөрү коркоктук кылып, короонун төрүндөгү кыркылгандан калган кары терек дүмүрүнөн чытырмандап өскөн кашеки тегерек-топ өсүндү сабактардын ары жагында бекинип, жата берди. Үрбөйт, эч кимге шыйпаңдап эркелебейт. Кимдир бирөө аны капа кылып, ал көгөрүп коркутуп жаткандай. “Короого өзү келген итти айдабайт” деген сөздөн улам жана “канчык иттен жакшы корукчу чыгат” деген пикирге таяна эч ким ишкана короосунан келгин итти айдабады. Ит бара-бара көнүшүп кетти; көп өтпөй арсылдап үрүп, короо ээси болуп калды. Ишканада иштегендердин баарын таанып алды да кимди көрүп калса ошого шыйпаңдайт. Иштеген адамдар да үйдөн сөөк-сак ала келишип итке таштап берчү болушту.

Ишкананын чарба иштерин тескеген, пенсия курагына жакындашкан, Алексей Петрович келгин канчык итке Герда деп ат койду; ит бул атка тез көндү. Кимдир бирөө “Герда” деп чакырса куйругун шыйпаңдата, көздөрү күлмүңдөгөнсүп, жетип келет. Герда ишкананын эрке жандыгына айланды; итке деп иштегендердин көпчүлүгү эскире түшкөн бышкан эт, отко какталып бышкан тоок этинин сөөктөрү сыяктуу азыктарды апкелип беришет да иттин качырата сөөк жегенин карап калышат. Кийин-кийин, “чукуру толо, кыйшыгы түзөлө”, сымбатына келе семирген Герда тамакты тандап жечү болду.

Ишкана короосун тосуп турган төркү кам кыш дубалга узун-туурасы бир жарым метрге тең жыгачтан жасалган төрт бурчтуу калканч илинген. Жыгач калканч кызыл боёк менен сырдалып, ага өрт өчүрүүгө керектүү, даярдык катары, шаймандар илинген: кызыл балта, күрөк, чака, бир учу сайып түрткөнгө жана илип тартканга башка учу кармаганга ыңгайлуу жасалган жоон эмес узун арматур-темир. Өрт коркунучуна каршы даярдалган бурчта, атайын жасалган чоң үкөктө, кум дагы бар. Мына ошол бурчка жандай, Гердага деп, кароолдор атайын жай даярдашты. Чоң дубалга тикелей кум салынган чоң үкөктүн каптал тосмо жыгачына жарыштыра бышык кыш тизе коюшту эле – үч тарабы тосулуу чакан мейкиндик пайда болду. Ал мейкиндиктин үстүн шиферди кыйгачтата тосуп салышты да үшүбөсүн деп жерге эски жашыл паласты эки бүктөп салып коюшту.

Герда кышты ошерде жатып чыгарды. Түлөгөн соң калың жүнү өсүп чыккан Герда ишкана короосунан алыстабай кыштады. Ит кышта үшүп-тоңуп же ачка калып кыйналбады; адамдар Герданы эстеринен чыгарбай итке азык апкелип турушту. Курсагы ток Герда анча-мынча сөөк-сакты короонун ар кайсы жерине бекитип алчу болду. Короо ичин өз энчиси деп калган канчык ишкананын өтө аяр, кыйды, күйүмчүл жана чечкиндүү корукчусуна айланды. Кар калың жаап, кароолчулар таң эртеде кар күрөгөндө Герда шыйпаңдап алардын жанында болот; күрөк кармай алса кар күрөп жардамдаша койчудай. Кээ-кээде канчык ит короонун ичинде чымын-куюн болуп кар малтай чуркап ойноп калат...

Кыш эми такыр чыкпай, анын суугу түбөлүк орноп кала тургансып, канчалап кар улуу жаап, туман коюу түшпөсүн кыш мезгили дагы алдан тайды. Күн, жылуу нурларын жаркырата чачыратып, көпкө асманда кармалып калчу болду; түндүн кыскарганы даана байкалат. Кыш ичи ой-чукуру көбөйгөн асфальт көчө чалчыктанып, автомашиналардын боорлору киргилт кара чалчыкка боёлгон; күрөп-сүрүп чогултулган карлар эрип жукарган, кир. Кечинде, түнү жана эртелеп аба, баары бир, суук. Бирок алдан тайган кыш, анча-мынча сары кар жаадырганы эле болбосо, өзүнө таамай келалбады. Ошентип, кыш кетип жаз келди.

Жазды ортолой Герда ишкана короосунда көрүнбөй калды. Короо, Герда жок, ээнсирей түштү. Ит кимдир бирөөгө катуу капа болуп, белгисиз бир жактарга кетип калгандай биротоло. Ишкана адамдары Герданы жоктой башташты.

– Герда, жаныбар, көрүнбөйт да?! – деп көпчүлүк, биринин артынан бири, кызыгып кароолдордон сурап калышат. Ошондо кароолчулар мыйыгынан күлүмсүрөп, Герданын тууп, күчүктөрүн эмизип жатканын сүйүнчүлөй айтышат.

Герда алты күчүк тууду; чоң чычкандан айырмасы жок жүнсүз жылаңач күчүктөрдүн көзү жумук, алар кыбыр-кыбыр  араң эле кыймылдап, жашап кетчүдөй эмес. Күчүктөр кыңшылап, үшүгөндөн майда титирей энесинин эмчектерин издешет. Араңжан күчүктөргө энесинин тасырап сүткө толгон эмчеги эле болсо. Капталынан жатып алган Герда күчүктөрдүн бирин да четте калтырбай баарын текши эмизет; күчүктөр ооздоруна сүт, денесине жылуулук издеп, тынбай кыбырап, эмчек эмишет.

Ичкен-жегени жакшы канчык иттин сүтү азыктуу болот эмеспи, бир ай ичинде эле күчүктөр ирденип кетишти. Көздөрү ачылып, куйруктары тикеленип өз алдынча, кулап томолонгону аралаш, олдоксон басып калышты. Аларда коркуу же тартынуу деген сезим такыр жок, капкара көздөрү менен кимди болбосун ушунчалык таза ыклас менен кызыгып карап калышат. Там-туң баскан жаш баланы эстеткен күчүктөр короодо ээрчишип, эң алгачкы дүйнө таануу саякат-жоортулдарын башташты. Ишканадагылардын  арасынан эми күчүктөрдү багып алууга кызыккандар пайда боло баштады.

Очень плохоПлохоУдовлетворительноХорошоОтлично (10 голосов, средний бал: 1,50 из 5)

Загрузка...