Толук Бек Байзак

fb_img_1473934774711Толук Бек Байзак
Родился в Киргизии. Пишу стихи с 17 лет. Учился Кир.Гос.Университете в факультете журналистики. Работал много лет журналистом, переводчиком и в логистике. Перевел с турецкого языка на киргизский язык Назым Хикмета, Атилла Илхан, Орхан Вели и.др. Данное время живу в Москве.

Поэзия "Текебердик"

Текеберди Теңирим да жактырбайт, Ким бар дейсиң сынагына чыдаган, Керек болсо "периште" да белгилүү, Каргыш тийип көк асмандан кулаган. Бийлик,атак баш айланткан жашоодо, Канчалардын жылдыздары кайыган, Көңүл калат, айрылышат далайлар, Текебердик деген дарттын айынан. Мактоолорду, алкыштарды күтөбүз, Жакшы сөздү жүрөгүңдү ийиткен, Пендең деле өзүн "гений" сезгенде, Периштедей кулайт экен бийиктен. Адам деген алсыз жан го бечара, Ар убакта учкуң келет көкөлөп, Бирок чиркин мактаганды бир гана, Бир көтөрсө Кудай гана көтөрөт...

Очень плохоПлохоУдовлетворительноХорошоОтлично (3 голосов, средний бал: 5,00 из 5)

Загрузка...