СУЛТАНКУЛОВ ДУЙШОНАЛЫ

043По профессии учитель физики. Всю жизнь работал преподавателем в школе и ВУЗах города Бишкек. Последние годы увлекаюсь публицистикой, являюсь авторами нескольких публицистических статьей. В этом году представил не большой сборник рассказов суд читателей.


 Кызыл короз.

Синопсис.

Аңгеме.

Жарык көргөн эмес.

            Чыгарманын максаты: аңгемеде өспүрүм бала жана Кызыл короздун тагдыры жөнүндө карама-каршылыктуу кырдаалдар баяндалат. Биринчи проблема: кеңешүү-сүйлөшүү, түшүнүшүү менен коңшулар ортосунда мамилелерди сактоо, чек ара маселелерин чечүү. Экинчи проблема: акылман ой, талаш-тартыштан чыккан туура чечкиндүү чечим менен Корозду алмаштырбай, сатпабай алып калуу.

            Чыгармадагы башкы каармандар: кызыл короз, автор, апасы, Кудайберген автордун досу, коңшулары Каным эже, Бекмат агай ж.б.

            Чыгармадагы идея: адамдардын жанаша жашоо маданияты, сабырдуулук, бири-бирин түшүнүүгө болгон умтулуу, адамкерчилик, инсанды сыйлоо, жаратылышты сактоо, гумандуулук, коңшулар аралык чек ара маселесинин эртеңки проблемалары, чечилиши, өз ара эгемендикти урматтоо жана  өз ара жардамдашуу. Бу маселер чыгарманын негизги өзөктөрү.

           Автордун сүрөттөө чеберчилиги: аңгемеде айылдагы өспүрүмдөрдүн жана жалпы эле адамдардын башынан өтчү жөнөкөй турмуш окуялар, жашоо-тиричиликтин жүрүшү, анын көйгөйлөрү, ынтымак - ырашкерлик баяндалган. Аңгемедеги сюжет окурманды чарчатпас үчүн айрым эпизоддор автор тарабынан жеңил, күлкү аралаш ирониялуу берүүгө аракеттенген: алар автобусдагы согуш ветеранынын чоочуп ойгонушу менен кемпирдин баалуу буюмдарын унуткандыгы тууралуу жана базар ичиндеги окуялар.

         Өспүрүмдөрдүн психологиясы: жаңы окуу жылын күтүү, классташтарды сагынуу, эртеңки болчу жолугушуулар жөнүндө, элестүү жана кыйыр түрдө сүрөттөгөн.

         Тоолуу аймакта жашоо өткөрүп жаткан улуулар менен жаштардын ой-жүгүртүүлөрү, түшүнүк, дүйнө таанымдары, көз караштагы айырмачылыктар баяндалат. Адамдардын ортосундагы урмат-сый, турмуштук түшүнүктөрдөгү өзгөчөлүктөр, мамилелердеги психологизм жана айылда жанаша жашоо маданияты чагылдырган. Айыл жаратылышы, жаратылышка болгон адамдардын мамилеси, айылдагы адамдардын шаардыктардан айырмаланган мүнөздөрү таамай айтылат.

            Окуя жай август айынын орто ченинде өтөт.

           Автор табиятты көркөм боёктор менен сүрөттөй алчу чеберчиликке да ээ. Мисалы: жай айынын акыркы күндөрүн, жайдын саратан убагы менен таамай – элестүү салыштырып, көркөм ойду белгилүү акын Ж.Бөкөнбаевдин ыр саптары менен чебер пайдаланган. Ал ыр саптар төмөндөгүчө:

“Саратан сайрайт. Күн кайнайт.

Керимсел согуп жел айдайт.”

ОТРЫВОК

Таңкы саат жети жарым. Эшик жапжарык. Күн нурунан көз уялат. Жел аргынын аптабы бетти аймалайт. Саратандын ызылдаган үнү эле жок болбосо, күн ошондой эле, ыпысык. Табияттын бу көрүнүшү, Жоомарт Бөкөнбаевдин: төмөнкү ыр саптарын эске салат.

“Саратан сайрат. Күн кайнайт.

Керимсел согуп жел айдайт.”

         Бизге жайкы аптап, куйкалаган ысык да өөн учурабайт. Кыштын ызгаардуу суугу да көнүмүш, билинбейт. Көрсө. туулган жердин топурагы алтын, ысыгы жан жыргатат, суугу ичиркентпейт деген элдик философия бекер айтылбаган турбайбы.

         Кызыл короз эбак таң атканына карабай, терезенин жанындагы шатыга тура калып, уктап жатканыбызды сездиби уйку бербей, беймаал кыйкырыкты салып жатты, адатынча. Аңгыча эшиктен апамдын үнү: “Өлүкканаңды көрөйүн десе, таң жаңы супа салганда атаңдын көзү илинди эле, ойгото турган болду байкушту!” - деп, терезеден мени бир карап алып, күнөөкөр кызыл корозду үйдү айланта кубалап кетти. Ал апамдын сенин корозуңдун бизге азабы өттү, - деп, мага кыйытып турган жери эмеспи.

- Ай апа, акырынчы! Короз менен кошо өзүңүз деле эки көчөнү жаңыртып кыйкырып жатасыз, атам эмес баарыбыз ойгонбодукпу, – деп жылуу - жумшак төшөгүмдөн башым чыгарып, ачык терезден үн каттым. Апам үйдү үч айланып, жете албасына көзү жеткен соң терезенин түбүнө токтой калып, чекедеги терин оң колу менен сүртүп:

- Ай мага акыл үйрөтпөчү а-а, балам.

- Ой кызыксыз да, өзүңүз ызы-чууну баштадыңыз да, анан:

- Мен да ойгонуп кетпедимби.

- Кызыл короз менен сиздин азабыңыздан, - дедим, үнүмдүн аяк жагын угулуп, угулбас акырындатып, таттуу таңкы уйкудан айрылганыма кейип, көзүмдү ушалап.

 - Апам күнөөнү өзүнөн оолактатып, сөздү буруп:

- А бу короз сенин да, көкүрөгүңө көк талкандай тийген турбайбы, анда батыраак муну жок кылбасаң болбойт! Ого бетер, күнөөнү корозго ыйгарып. Бирок, анын сени ойготкону бир жагы дурус болуптур, сен да анын жоруктарына түшүнүпсүң.

- Аа жакшы, апа ... Ичимден: сөздүн төркүнүндө бир балээ жаткандай го.

- Тургандан соң, жаңы чыккан пияздын арасын отой бер. Картөшкөгө кеткен суу пияздын жөөктөрү менен өткөндүктөн, отоо чөптөр басып кетиптир. Баарынан да кызыл абрикос желбей бекер ысырап болуп жатат а-а. Колдон келсе эринбей как кылып алып кышында компот жасап ичсек ыя, балам.

- Ооба. Мага табышталган сөздүн төркүнүн жактыра бербей, ары жагында эмне жатканын түшүнмөксөнгө салдым. Аларды да байкадың беле?

- Ооба.

- Уйкум кана элек, -  апа, бир саатча уктап алайын. Антип апамды алыстатпасам мага артылган жүк көбөйгөндөн көбөйө бере тургандай. Бирок, кептин калети жок, дечи...

- Уйкуну качыра көрбөңүз а-а?

- Макул. Турганда кыздар менен баарын баштайм.

- Бүгүн чамда, антпесең, эртең эле сары чырмоок баарын ороп, быйылкы атаң экөөңүн эмгегиңерди талаага кетирет. Уйку кангандан кийин жулуп, жок кылгыла! Ал эми абрикосту ойлонуп көрөөсүңөр ...

- Ой бой, кызыл короз ошо отоо чөптү бүгүн отоо керектигин сизге айттыбы, ыя,- апа? Мен уйку-соонун астында, ого бетер болду эми деп, айталабай кычаштандым.

- Тигини, тигини дагы баштадыңбы? Чоңко таякеңдин кептеринен. Чөптү ото! - деген сөз, азыр сага жакпай атса, анда бүгүн эмес эртең, эртең менен короз кыйкыра электе туруп, жем чачып коюп отогула!

Эртеңден кеч калбасын! Анан алыңар жетпей калат.

 - Ооба. Эки кулакты басып жатып калдым.

- Момуш кудадай болуп жанагыдай сөздөрдү таптап сүйлөп, “кептин сын-сыпатын, чырайын” чыгарба. Тапан атанып кетесиң, ал жаш балага өнөр эмес!  - деп, апам бир топко чейин божурап жатты.

- Бирок, короздордун табияты ошондой, эрте таңдын атышын кабарлашат. Сенин корозуңдун бир обужок жери бар - беймаал убакта кыйкырмай. Өзүмчүлдүгүн айтпа, эртең мененки жемин чачпасаң, ушинтип жанды койбойт.

      Баары уктап жатат эмеспи. Ким менен сүйлөшөөрүн билбей, -  апам бүгүн мени кармады окшойт. Сөздү бир баштаганда, эми ушинтип токтобойт.

Биротоло уйкум качты. Эки көздү жумганым, эми бекер экенине түшүндүм.

- Анан чынын айтпайсызбы, - апа, анда жем сурап жаткан турбайбы?  Анын талабы туура экен да.

- Сен корозуңду жактабай эле кой!, - апам үнү жогорулагандай сезилди, түшкө чейин анын кыйкырмай адаты кармап калаары мага белгилүү болсо да, сөздү уланттым.

- Ачка болсо, анан эмне кылсын, курсактын айласын таппай жаткандыр да.

- И-и, чын эле а байкуштун анда айласы кеткен экен да.

-  Анан кантмек эле, апа.

- Болду эми, жаакташа бербе, жана эле тормуздабадым беле же жете элекпи!

- Жо-ок жетти. Дегинкисин айтам да.

- Дегинкисин айткан деген, жаакташкандын так өзү. Жаш киши деген бир сөздөн кур калганы жакшы болот. Эми толук жетти, болду апаке, кайталабайм, - деп кутулдум.

- Эстегенде дагы бир корозуңдун жоругун айтайынбы? – Апамдын үнү жумшай түшкөнсүдү.

- Эртерээк айтыңыз, уктайм, - деп койдум. Антпесем, апамдын сөздөрү көпкө созулчудай. Уйку менден эбак эле качкан. Чыны а киши менден эртерээк оолактаса дегеним болбойбу. Кетмек түгүл, кайра мени эрмектеп алды көрүнөт. Уйку такыр качты. Мен да керилип, көздөрүмдү ушалап, аргасыз апамын аңгемесине кошулууга туура келди.

- Сенин корозуң тиги Бекмат коңшунун, Кара Калпак жездеңин (улуту Кара Калпак биздин коңшубуз жер которуп келип Каным эжеге үйлөнүп туруп калган) тоокторун ээрчитип келе берет. Ээрчиткенинде кеп жок дечи, алар биздин тооктордун жемине шерик болуп жатпышпайбы, катыгүн!

- Бирок, жумурткасы биздики болуп жатпайбы, апа.

- И-и, болуптур, болуптур. Деги сага даба жок, турбайбы. Сенден сөз да качып кутулбайт экен. Башка бирөө укпасын.

- Бир күнү коңшулук таарынычтар айтылбай койбойт го, - балам.

- Чыны мен да, аны ичимден түшүнүп жүрөм.

Мурдагы жылы Кара Калпак жездең Өзбекстандан алып келген Дакен урушчаак корозу (көлөмдүү, узун бойлуу келген) сенин корозуң менен мудагы күнү кызыл-ала кан болуп урушуп жатыптыр, араң ажыратсам боло.

- Деги, чатагы эмне алардын?

- Ой, чатактын себеби, сенин корозуң анын мекияндарын кошуп, көз көрүнө ээрчитип кетип жатпайбы.

- Аны мен деле көрүп жатам.

-  Алардын андан башка жоруктарын деле көрүп жүрөм.

- Көрсөң болуптур да. Анын үстүнө алардын мекияндары да кызык, биздикилердин уясына тууп коюп жатышпайбы.

        “Такыр эки жылдан бери жумуртка жебей калдык. – дейт, - Каным эжең. Анысы аз келгенсип, силерден арткан жумурткадан, балапан чыгарсын деп бастырсам эле, силердин короздун так өзүндөй жөжөлөр чыгып, күйгүзүп жатпайбы. Аларды дайым эле кайтарып отура албайт экенсиң, - деп, кыйытып мага арызданышты бала- чакасы менен.

- Апа, кызыксыз да. Анда, мен эмне кылышым керек,? Короздун кулагына алардын мекияндарына жолобо, экинчи ээрчитип келбе деп, күнүгө шыбырайынбы?

- Болгон окуяны айтып жатам да, балам. Мындан ары, эмне кылышыбыз керек дегеним болбойбу?

- Атайын эт жеп туралы деп Өзбекстандан эт багытындагы жанагы урушчаак чоң корозду апкелбеди беле,- чалым байкуш,” - дейт, эжең ызаланып.

- Анда тоокторуна кепе салып, камашпайбы!...

- Ай жарыктык, же биз алардын мекияндарын чакырып келбесек. Кызык, эми биз кайдан күнөөлүү болобуз? Же а Дакен короз өзүнүн мекияндарын бир балээ кылып, имерип кайтарып албайбы, аны ким кой деп жатат?!

- Зоңкойгон бою эле болбосо, эси жок эме го, сыягы. Дайыма эле кызыл тууну кайтарып постто турган солдаттардай какайып тура берет экен!

- Кыскасы, кеп Дакен короздун өзүндө экен да, - апа, туурабы?.

– Биорк, аларды да, түшүнүү керек.

- Күнөө Дакен короздун өзүндөбү же кимде, аны биле албайм, балам. Эр жетип калдың аны өзүң ойлон. Себебин Каным эжең менен өзүң териштирип ал.

 -Териштирбейм, өзүңүз сүйлөшүп чечиңиз же а киши менин теңтушум болбосо. Же эмне, алардын мекияндарын киргизбей, кечке кайтарышым керекпи, - апа? Кызык экенсиз да.

- База, Бекмат коңшубуз, ары жагы агайың, интеллигент эме да, анын корозу мекияндары да акырын келип – кетип турушат. Бирок, тим эле өзүнө окшоп тартиптүү. Күндүзү келишет, бешим оогондон кийин кетип калышат.

- Аа, жакшы.

- Ооба, аларды деле байкагам. Себеби, Агай кечкурун күнүгө аларга жем, суу берет да. Бирок, биздин огородду деле алар каалашынча жешип, тебелешип, чукулашып, ит абийирин кетирип жатышпайбы. Көргөндө кубалап жиберем. А мен мектепке кеткенде өз билгендерин кылып эле жатышпайбы.

Очень плохоПлохоУдовлетворительноХорошоОтлично (12 голосов, средний бал: 2,08 из 5)

Загрузка...