Назгул Рысмендеева

nazПо профессии преподаватель. Преподаю родной язык в КГУ им. И. Арабаева. Научная работа посвящена эпосу «Манас». С Чолпон Субакожоевой отредактировали 8 томное академическое издание эпос «Манас» , в варианте Жусупа Мамая. Участвовала в международном проекте ЮНЕСКО, в итоге была написана книга для детей, основанная на  народных традициях.

I am a teacher at Kyrgyz State University of Bishkek. My profession is philologist. Scientific work is devoted to the epic "Manas". With Cholpon Subakojoeva we edited 8 tomes of the epic “Manas” in the embodiment Zhusup Mamai. Participated in the international project of UNESCO, as a result the book was written for children, the book which based on the folk traditions.


«Кененим»

Илгери кыргыздарда Манас деген баатыр болгон. Ал калмактар ар жакка чачыратып бѳлүп жиберген кыргыздын башын кошуп чогултуп, душмандардан элин коргоп, тийишкен душмандын катыгын берип, элине бейпил турмуш алып келген. Манастын атын укканда душмандар кыргыздарга кол сала албай коркуп турушкан. Манас ѳткѳндѳн кийин баласы Семетей атасынын ишин улап, эли-жерин коргогон ашкан баатырлардан болот. Семетейдин эрдиктери бүгүн күнгѳ чейин эл ичинде унутулбай айтылып келет. Семетей кайрыйт, анын уулу Сейтек күчкѳ толуп, эл намысын коргоп калган кези.

         Күндѳрдүн биринде алыстан арыгынан баса албай калышкан бир топ киши келип,  Семетейге жолугуп, ага арыз-муңдарын айтышты.

         - Биз чыгыш тараптагы элден болобуз. 130 киши соодагерлик кылчу элек. Соода жасап жер кыдырып, батышта жашаган айтүбү деген элге бардык. Алардын ханы Айтумуш деген экен. Айтумуштун кол алдында Чынгыш дегени болуп, анын Чыныке деген сулуу кызы бар экен. Анын сулуулугуна нечендер ашык болуп, талашыптыр. Ошолордун ичинен Суунун Суумерген деген уулу Чыныкени алам деп, анын калыңына жетимиш үй толо алтын, жер жайнаган мал, Чынгыш киши жейт экен, анын жегенине деп жетимиш миң кул бермек болот. Суумерген жетимиш миң киши табыш үчүн издеп жүрүп биздин кербенге жолугат. Ошентип бизди кошуп Чынгышка алып барды. Ал бизди чекесинен семиздерин тандап жеп, акырында арык бешѳѳбүз калдык. Кулагыбызга эн салып бизди калтырып койду. Биз чѳп-чар жеп араң жан сактап жүрүп, акыры эптеп качып чыктык. Биздин кербендеги 130 кишинин арасында кыргыздар бар эле. Алар тирүүсүндѳ Семетей деген баатыр бар экендигин, жардам берсе ошол баатыр жардам бере аларын айткан эле. Биз алты жылы сандалып жүрүп ушул жерге жеттик, - дешти.

         Семетей адам жегич мыкаачыларды укканда ачуусу келип, ѳзүнүн баатырларын жыйнап 1000 кишини баштап, Бакай, Семетей, Күлчоро, Куялы, Алымсарык, Саламат болуп аттанышат. Он сегиз күн жүргѳндѳн кийин эбегейсиз чоң чѳлгѳ туш болот. Баарын билген кѳсѳм Бакай карыя да бул жерди билбегенин айтат. Куялы Сейтектин аялы. Аны ушул жерди жердеп чоңойгондуктан, жер билет деп кошо ээрчитишкен. Аксакалдар Куялыны чакырышып андан жол сурашты. Куялы Бакай, Семетей, Күлчорого жүгүнүп салам берип:

         - Бул жер адам жашабаган ээн жер болгон. Жүйрүн дѳѳ чыгыштан качканда бул жерди жердеп, эл жыйнап жашап калган. Тоолору ѳтѳ бийик болгондуктан тоодон артылып ай батпагандыктан Айтүбү деп ат коюлуп калган. Бул жерди Айтумуш ээлеп турат. Айтумушка барыш үчүн түндүк менен жүрсѳ 12 айда жетет, ал эми батыш тарабы менен барса, ал жакта бараң деген эл жашайт, алар менен кагылышып, бекер жапа чегип калабыз. Чагелек деген чѳл бар. Ошол чѳл менен жүсѳк элүү күн жүрѳбүз, бирок эки жерде тоскоолдук болот. Бир жеринде от, бир жеринде чоң суусу бар. Ошентсе да бул жол эң жакын, - деп сѳзүн бүтүрдү.

         Карыялар кеңешип, Куялынын айтканына кѳнүп, Куялыны жол баштатып жѳнѳп кетишет. Он бир күндѳ Шоркѳл деген жерге жетишет. Баары суусап алсыраган. Шоркѳлдүн суусу уу болгондуктан, аны жѳн ичүүгѳ болбойт. Куялы муну билет. Ал сууну кѳпкѳ кайнатып, шорун суу үстүнѳн калпып алып ичүүгѳ боло тургандай кылат. Ошентип баары суусунун кандырып, жолго суу даярдашып жѳнѳп кетишет. Бир айдан ашуун жол жүрүп ак мѳңгүлүү, токойлуу кооз жерге туш болушат. Бул жерде беш күн эс алышып, сапарга чыгышат. Алты күн дегенде Шайтан кѳлгѳ жетишет. Шайтан кѳлдүн тескей жагы Айтумуштун жери эле. Кѳздѳгѳн жерине жетип кол эс алып жатып калышат.

         Күлчоро атасы Алмамбеттен калган турнабайын салып караса, тогуз күндүк жолдо бир шаар кѳрүнѳт. Андан бери үч күндүк жолдо адырды караса бир топ адамдар жүргѳн болот. Аларга барып булардан «тил» алып келейин деп барат. Аталган жерге барса, бул жердеги кишилер Күлчорону кармаганга аракет кылышат, бирок алы келбейт. Күлчоро сурап отурса, булар Суумерген Чынгышка Чыныкенин калыңына берем деген кишинин санына 500 адам жетпей, ошону издеп жүргѳндѳр экен. Күлчоро бул кишилерди ѳлтүрбѳй кое берет. Семетей баштаган кыргыздар киши жегич мыкаачынын сазайын бергени келгенин айтып баргыла дейт.

         Кошуунга келип кеңешип, Турна дегенди баш кылып беш кишини элчиликке жиберет. Жиберген элчилер 15 күндѳ кайтып келбесе Айтүбүнѳ киришмек болушат. Элчилер Айтумушка болгон жайды айтып барышат. Айтумуш уккандарын Чынгышка жеткирет.

Чынгыш Манас Бейжинде такка мингенде Алмамбеттен коркуп качкан Жүйрүн дѳѳ менен кошо качып келген. Айтумуш кыргыз,  Семетей тууралуу уккан эмес экен. Чынгыш кыргыздар жѳнүндѳ угуп корко баштайт, бирок коркконун Айтумушка билдирбейт. Турна баштаган элчилерди Чынгышка алып барышат. Чынгыш сандыгынан бир нерсени отко кактап, Суумергенге кабар берет. Бир убакта жер солкулдап, там жарылып, башы асман тиреген, кара, кѳзү кѳк Суумерген пайда болот. Ал Семетейдин катын окуйт. Катта жегенге кармап турган адамдарды жана талаш болгон кызды беришин, мындан кийин киши жебеске убада кылышын, эгер бул талап аткарылбаса анда согуша турганын айткан. Суумерген каарданып элчилерди каратып туруп эле бир кишини тирүүлѳй жеп салат. Ошентип, элчилердин жүрѳгүн түшүрүп, колуна кат карматып жѳнѳтѳт. Катта кыргыздар катылбай кетип калышын, болбосо тирүүлѳй жеп коёрун айткан.

Ошентип, эки тарап беттеше турган болуп майданга чыгышат. Суумерген кыргыздардын саны аз экенин кѳрүп, ѳзү жалгыз аларга чыга турган болгондо, аны Чынгыш токтотот. Кыргыздын жайын ага айтып берип, үч күн ичинде жетимиш миң кол алып келүүнү айтат. Ѳзү он эки миң кол менен миң колдуу кыргызга каршы чыгат. Эки жак бет келишет. Айтумуштан Дѳбѳт деген баатыры, кыргыздардан ага каршы Алымсарык  чыгышат. Дѳбѳттүн жанында Алымсарык кичине эле бала кѳрүнѳт. Алымсарык Дѳбѳттү минген тѳѳсүнѳн аңтара сайып ѳлтүрѳт. Эртеси Алымсарыкка каршы Тике деген баатыры чыгат. Экѳѳ бири-бирин жеңе албай кечке алышат. Кечинде эл тарап, беттешүүнү эртеси уланта турган болгондо Суумерген жетимиш миң кол баштап келип калат. Ал келгенге чейин уруштун башталганын угуп ачуусу келет. Эртеси Алымсарык менен Тике кайрадан урушун улантып, Алымсарык  Тикени ѳлтүрѳт. Алымсарыкка Суумерген чыгат. Кѳпкѳ алышкан соң Алымсарык Суумергенден жыгылат. Аны ѳлтүртпѳй Саламат майдандан алып чыгып кетет. Саламат менен Суумерген үч күн алышат. Акырында Суумергенге болушуу үчүн агасы Сурмерген чыгат. Сурмергенге  каршы Куялы чыгып, экѳѳ беттешип калат. Саламат Суумергенди аттан кулата саят. Ошол маалда агасы Сурмерген жетип барып Суумергенди куткарып калат. Саламатты аттан кулата чабат. Башын кесейин деп турганда Куялы барып Саламатты сактап калат. Куялы сулуу, келишимдүү аял. ошону менен бирге эле ал ашкан батыр да болгон. Сурмерген экѳѳ кечке чейин кармашып бири-бирин жеңе албай коюшат.

Кыргыздардын башында турган Бакай, Семетей, Күлчоро, Куялы, Алымсарык, Саламатты элинен бѳлүп кол салбаса, жекеме-жеке чыгып буларды жеңе албай тургандыгын түшүнүп,  куулук менен жеңүүнү ойлойт. Душмандын жетимиш миң колун баштап Тайталаң деген балбаны кыргыздардын колу турган жерге аттанат. Муну билип калган Бакай ар бир чатырдын алдына кишиге окшотуп каракчы жасатып коюп, колун алып тону кѳздѳй кетип калат. Алымсарык алдынан чыгып, жоонун далайын кырып жиберет. Таң атканда карашса Алымсарык жалгыз урушуп жаткан болот. Тайталаң балбаны алсырап, чарчап турган Алымсарыкка каршы чыгат. Алымсарык жеңилерине аз калганда Семетей чыгып Тайталаңды ѳлтүрѳт. Ошол түнү кыргыздын колунун башында турган алтоо жоону кырып, араң миңге жакын кишиси гана калат. Алы келбеген Суумерген качып жѳнѳнйт. Күлчоро кууп жѳнѳгѳндѳ Бакай: «Качкан жоону куубайт. Бул эзелтен келе жаткан эреже», - деп токтотот.

Жетимиш миң колдон айрылган Суумерген батышта Жорукуйрук деген балбанга, бир тууган эки дѳѳ Аким жана Шакимге, Боронбай алпка барып арызданып, буларды элүү миң кол жыйнатып кыргызга каршы жолго аттандырып, ѳзү Калыбек дегенге барат. Ал алтымыш миң кол менен кыргызга каршы аттанат.

Жорукуйрук алп ѳтѳ чоң болгондуктан ат кѳтѳрѳ албай жѳѳ жүрчү экен. Ага каршы Алымсарык чыгып найза менен сайса да терисин тешпей коет. Жорукуйрук Алымсарыкты аты менен кошо кѳтѳрүп ыргытканда Күлчоро түшүрбѳй кармап калат. Жорукуйрукка каршы Саламат чыгат. Саламаттын сайганын чымын чакканчалык кѳрбѳй, кучак жеткис чынарды түбү менен жулуп алып чапканда, Саламат учуп барып түшѳт. Кабыргалары кайрылып, урушка жараксыз болуп, ага он кишини кошуп элине жѳнѳтѳт. Алпка каршы Куялы чыгат. Алты күн кармашып, Жорукуйруктун колундагы чынар союлдай кичирейгенче урушат. Колундагы союл менен Куялыны аты Желжетпес менен ыргыта чабат. Жорукуйрукка Күлчоро чыгат. Экѳѳ кѳпкѳ кармашат. Кызыл алп колун сермегенде Күлчоро  аты менен анын колтугунда калат. Семетей Сырнайза менен Кызыл алпты сайып Күлчорону куткарып калат.

Очень плохоПлохоУдовлетворительноХорошоОтлично (10 голосов, средний бал: 1,50 из 5)

Загрузка...