Даткайым

5. Фото автораБүбайша Арстанбекова родилась 8 апреля 1961 году в Ошской области Кыргызской Республики. Поэтесса, член Национального Союза Писателей КР и Ассамблеи деятелей культуры КР, общественный деятель, правозащитница, Председатель Общественного Объединения «Акыйкат Жолу». Первые стихи были сочинены в школьные годы. Являюсь автором сборника стихов «Сага», который был издан в 1999 г. В 2008 г. был издан второй сборник стихов о великом чувстве патриотизма — «Карегимде Ата-Журт». С 1999 года являюсь членом Национального Союза Писателей Кыргызской Республики.

Bubaisha Arstanbekova was born on April 8, 1961 in the Osh region of the Kyrgyz Republic. Poetess, member of the National Writers Union and the Assembly of cultural of the Kyrgyz Republic, social activist, human rights activist and Chairman of Public Association "Akyikat Joly". First poems were written in the school years. Author of the poetry collection "Saga", which was published in 1999, in 2008 was published the second collection of poems about the great feeling of patriotism - "Karegimde Ata-Jurt". Since 1999 she is member of the National Union of Writers of the Kyrgyz Republic.


Курманжан Датка

отрывок из поэмы

КАМЧЫБЕКТИН КАЙГЫСЫ

Кашкардан буюм-тайым төөгө артып,

Камчыбектин зайыбы келе жатып.

Бүлөлүнүн чекарасы  Эркечтамдан,

Кербен өтөт Кашкар-Алай жолун басып.

Акпалван кербен баштап келе жаткан,

Боровков бажы башчы унтер-офицер.

Туземдери жергиликтүү тургундардан,

Бар экен деп буюм-тайым тыюу салган.

Кабар уккан сакчылардан, тыңчылардан.

Таңгактарды,сандыктарды ачкыла деп,

Бакылоочу бажычылар ачкыч издеп.

Чачындагы чач учтука байланган бек,

Асел айым ачкычты бербеймин деп.

Каяша айтып, баш тартат чебелектеп.

Чачтан сүйрөп орустар ачкыч бер деп,

Чач учтугун уучтап кармап дегдеңдетет.

Аселдин бербейм деген оюуна койбой,

Ачкыч менен чачын кошо кесип кетет.

Кыргызда мындай ишти намыс дешет,

Нарктуу кыргыз элинде салт боюнча.

“Абийрсиз” аял-кыздын чачын кесет.

Аселдин чачын кыркып алганына,

Кыжыры кайнап кыргыздын жигиттери.

Баарынан да аялга кол салганына,

Намыска бек, жигиттер чыгып келди.

Каршы чыгып бажыкана коргоочуга,

Кармашышты каарданып чыгып тери.

Натыйжада бакылоочу үч кишини,

Бозбурчука алпаргыла аркы өйүзгө.

Деп Акпалван көрсөтүп баш ийкеди.

Ал жакта чөп оргону келген күндө,

Жергиликтүү  жигиттер  баары бирге.

Аялзаттын чачын кырккан кандай кордук,

Дили бузук баскынчылар билсе эгерде.

Деп арданып жазалашты дарга асып,

Төрт кишини бажы күзөт кылган жерде.

Чек арада “кылмыш тобун жетектеди”,

 Деген жалган жалаа жап Камчыбеке.

Акпалванга “өлүм жаза” бергенине,

Адилетсиз аскер соттун чечимине.

Көтөрүлүш чыгарууга даяр болуп,

Эл толкуп айла таппай турган кезде.

Каршы чыксам бөөдө өлүм, кан төгүлөт,

Курал жарак жетишпеген мезгил катаал.

Деп өзгөчө куралданган  орустарга,

Миң ойлонуп Курманжан айла таппай.

Уктабастан таң атырды кирпик какпай.

Курманжан Датка чыкса баштап элди,

Күрөшүүгө  жетмек анын дарамети.

Куралданган орустарды эске алып,

Бөөдө кырып албайын деп кыргыз элди.

Аргасыздан  Камчыбеке кайрат берди.

Мамытбекти кылмыш ишин жашырды деп,

Шылтоолоп, жалган-жашык, жалаа менен.

Небереси Мырзапаяз, Арстанбекти,

Катышканы үчүн жаза алсын деген.

Өкүм кылып орустардын аскер соту,

Сүргүнгө Сибир жака айдап ийген.

Камчыбекти, жан жөөкөрү Ак-Палванды,

Өлүм жаза тартууга буйрук берген.

Миң сегиз жүз токсон бешинчи жылы,

Экинчи март жадыраган жаздын күнү.

Кышка айланып Курманжандын бүт өмүрү,

Камчыбекти адилетсиз аскер соту.

Ош шаарында  дарга асып өлтүргөнү,

Орус  падышасынын кыргыздарга.

Ырайымсыз үстөмдүк кылган күнү.

Сибир жака айдалган Мамытбеги,

Небереси Мырзапаяс, Арстанбеги.

Иркутск губерниясындагы Нижеудинск,

Уездинин Тюмен волостуна караштуу.

Тумино кыштагына катаргада азап жеди.

Камчыбектин бейкүнөө адилетсиз,

Тартылганы бөөдө өлүм жазасына.

Куулук менен изилдеп үй-бүлөсүн,

Аткарууга жол бербей мурастарын.

Ар кандай шылтоо менен куугунтуктап,

Орустар жүргүзүшкөн  саясатын.

Тукум курут кылуу үчүн Алымбектин,

Жаркынбай, Абдылдабек,Мамытбегин.

Баатырбек, Камчыбектей уулдарын,

Өлтүрүп ар кимисин түрдүү шартта.

Жана дагы Мырзапаяс небересин.

Бой жетип кабыргасы ката электе,

Он үч жашар небереси Арстанбегин.

Сибирге сүргүнгө айдап, түнт токойдо,

Катаргада эзип-кыйнап иштеткенин.

Баштан кечип баарына кайыл болгон,

Бактысына жаралган кыргыз элдин.

Барктап, даңктап жазышыптыр эмгектерин,

Кайталангыс сабырын Датка эненин.

Бул окуя кыргыздардын тарыхында,

Өчпөс болуп түбөлүкө жазылганы.

Тактысы, таажысы жок Ханышаны,

Генералдар менен түзүп келишимди.

Керт башы эмес,эли үчүн аткарганы.

Кара-булут каптап асман түнөргөнүн,

Тар жолунда тагдырдын  чалынганы.

Эл тынчтыгын сакташ үчүн азап чегип,

Кара элечек, кайгыдан жамынганы.

Үч бакылоочуну өлтүрдү деп күнөөлөдү,

Тактабастан  болгон иштин  далилдерин.

Ак падыша энесинин көз алдында,

Дарга асты кенже уулу Камчыбегин.

 

КУРМАНЖАН  ДАТКАНЫН  АРМАНЫ:

Карап туруп кабыландай сүрүңү,

Муңайбастан тик караган жүзүңү.

Көз алдымда дарга асты жазалооч,

Өктөм чыгып орустардын бүтүмү.

Өксүп турдум өзөгүмдү өрт каптап,

                                 Көккө жетти түтөп,күйүт, арманым.

Кара булут жаап асманды тумандап,

Асман ыйлап жамгыр төктү арманын.

Айыккыс бир жараат болуп күйүттөн,

Жүрөгүмдү өрт аралап каптады.

Асмандагы көп жылдыздын ичинен,

Өчтү үзүлүп Камчыбектин жаш жаны.

Жөлөп-таяп турду мени Жер-Эне,

Жер көтөргүс арман кайгы жолунда.

Калгандары аман болсун деп тилеп,

Камчыландым кайра жашоо соңуна.

Жазалоочу - өлүм жаза аткаруу,

Орустардын орноп жаңы башкаруу.

Калды тарых барагында жазылып,

Бир буйрукту эки жолу аткаруу.

Эр –жигит, эл-четинде, жоо бетинде,

Армандуу, өчпөс өкүт дале  эсимде.

Өмүр боюу келише албайм эстегенде,

Адилетсиз өкүм кылган ал чечимге.

Ооба балам, боор этимден бүткөнсүң,

Сени өлүмгө турсам дагы кыялбай.

«Тик карагын – өлүмгө» - деп айтканда.

Канап   турду  эт  жүрөгүм  чыдабай.

Аял-эне кош канаттуу бүркүттөй,

Азап тарттым согуш бүтпөй, чыр бүтпөй.

Айрылсам да канатымдан кыйылып.

Датка болдум элин коргоп чүнчүтпөй.

Кан төгүлбой элим аман болсун деп,

Көздөгөнүм элдин  тынчтык  бүтүмү.

Боз ингендей  ботосунан ажырап,

Күйдүм ичтен сыртка чыкпай түтүнү.

Мүмкүн болбой кайгы тартып ыйламак,

Куран окуп, калың элди жыйнамак.

Душман анда  пайдаланып учурдан,

ойрон кылып олжо менен жыргамак.

Кансырады, катты боорум таш болуп,

Көз ыйлабай, жүрөк ыйлайт жаш толуп.

Кайраттанып  эл башында турсам да,

Маңдайымда  кайгы турду октолуп.

Моюун сунуп кайгы огуна жыгылбай,

Ханышасы болдум кыргыз элимдин.

Канча  жолу  жараланды жүрөгүм,

Садагасы  болуп  туулган жеримдин.

Мен Курманжан датка болсом элиме,

Балдарыма элжиреген энемин.

Элим үчүн тик карадым өлүмгө,

Бирок мени таш боор экен дебегин.

Эне элем го, толгоо тартып төрөгөн,

Ооруп жаным, омурткам бүт сыздаган.

Сен ажалга башың сунуп турганда,

Көзүм эмес жүрөк күйүп  ыйлаган.

Мен энемин түн уйкусу миң качкан.

Бешик ырын ырдап  бала уктаткан,

Боорун тытып, садага чаап элине

Өз баласын тынчтык үчүн алмашкан.

Элиң үчүн сен, өлүмгө барганың

Бул  тарыхта өчпөс болуп калганың.

Жүрөк  сыздап, жүлүндөрүм өрттөнүп,

Куран окуп, жагам шейит шамдарын.

Өмүр бою ачык кайгы салбадым,

Ичим күйүп толуп, ташты арманым.

Мен ыйласам ботом кетти шейит деп,

Куралданган сан-миң орус аскердин.

Ким тыя алмак, кызыл кыргын салганын.

Эстегенде  жаш айланып  көзүмө,

Мен ыраазы  болдум ботом өзүңө.

Туурга  турбас туйгун тууган экемин!

Эл-жери үчүн шейит болуп кетүүгө.

Сыйыртмагың үзүлгөндө туйгунум,

Чыркырадым: Жаза да бир! Өлүм  бир!

Аткарылды орустардын буйругу,

Жаза аткарчуу мени укпады негедир.

Аттиң арман  жаза аткарчуу уксачы,

Сыйртмагы тартса үзүлдү дебейби?

Эки тарап тирелишип  кыскасы,

Алайдагы эл топтолуп  көбөйдү.

Эрегиштен калбасын Эл кырылып,

Деп энекең  муздай  катып  селейди ?

Айттым, анда чыркырадым-Жаза бир!

Өлүм да бир! Экинчи ирет аспагыла!

Болду эми !кайра сыйыртмак тартпагыла!

Токтоткула! Токтот!!! Кайра аспагыла!!!!

Дегенимди укту бирок, жазалооч,

Кайра буйрук берди дарга асканга.

Калайык калк толкуп турду кылчылдап,

Каны, жанын  курмандыка  чапканга.

Эл-жериңдин тынчтыгынан жогору,

Ыйык, кымбат кыйгыс нерсе  болобу?

Жүрөгүмдү эзип, тытып сыздатты,

Өкчөп- калчап, өлүм-жаза соболу.

Бүт элимди курмандыка чалганча,

Бүлүк салып баарын кырып  алганча .

Эл тынчтыгын сактап калсам болобу?

Деген суроо мажбурлады кайрадан,

Баш ийдирди буйругуна тагдырдын.

“Тик карагын өлүмгө”- деп, а, бирок,

Кыйбай турдум көздөрүңдү жайнаган.

Бура тартып ооздуругун атымдын,

Кара жерди кучактадым, жыгылдым.

Окшуп,окшуп кара кочкул кан кустум.

Жалындады өрттөнүп, өзөк бүтүн,

Асман жерди каптады кара түтүн.

Кыл арканга асылып Камчыбектин,

Алтын  башы кыйылды дарга асылып.

Кыргыз элдин ынтымак-тынчтыгы үчүн.

Ханышасы Алайдын сыздап турду,

Башы айланып араң-зорго үйгө жетти.

Көз тунарып, жыгылып колун сунду,

Суудай агып, ичинен кан өтүп кетти.

Үн чыгарбай кошок айтып ыйлады,

Эл-жеринин бүлүнүшүн  кыйбады.

Күйүп, күйүп күлгө айланды өзөгү,

Өмүр  бою өксүп, буулуп  кыйналды.

Бул дүйнөдө жүрөк бүтүн болбоду,

Боору канап, сыздап жүрөк толгоду.

Тилегени  ыдырабай  ынтымак,

Эл тынчыгын сактап калсам болгону.

Ыр дастанда аялдарды даңгазалап

Кыргыз эли кайталангыс күүгө салат

Курманжан датка, кыргыз тарыхында

Өсүп чыккан мөмөлүү өлбөс дарак.

Баскан жолу келечеке өрнөк болуп

Балдар окуп үйрөнүүчү бүтпөс сабак.

Очень плохоПлохоУдовлетворительноХорошоОтлично (45 голосов, средний бал: 3,82 из 5)

Загрузка...