Бук Усенов

img_0517Бук Усенов

Родился 9 март, 1991 года в городе Нарын. Окончил Национальный Университет им. Ж. Баласагына факультет: Востоковедение, направление журналистика. В 2009 году выпустил сборник стихов «Ишен эне». В 2012 году при содействии меджународной академиии "Нурборбор" и Кыргызпатента был издан повесть "Джигит, почему ты грустен?" В 2013 году рассказ «Экөө» был опубликован в антологии «Кыргыз жаштар прозасы». В 2013 году издал сборник рассказов «Кайтуу». В 2014 году по рассказу "Шакек" был снят одноименный короткометражный игровой фильм. В 2015 году по рассказу «Айдоочу арбак» был снят короткометражный игровой фильм «Таксист».


Рассказ "Кофе шоколад"

Отрывок

Бүгүн да ал үшүп ойгонду. Баарынан да ушул үшүгөндөн тажады. Башкасына чыдайт эле, бирок, ушул үшүгөнгө чыдабай баратат. Ар күнү кечинде үйгө келгенде  төшөккө жаткандан кадимкидей заарканат. Өзүн зордоп атып жатат. Анан көпкө чейин уйкусу келбей шыпты тиктеп жатат. Ары-бери оонап жаткандан кийин гана көзү илинип кетет...

Бүгүн да үшүп ойгонду. Терезени бирөө ачып койгондой үйдүн ичи муздап калыптыр. Жылыбай койду такыр үйү. Терезе менен эшикти мындан эки үч жыл мурун эле жылуулаган. Антсе да, жайы-кышы үшүй берет.

Коңшулардыкына же болбосо туугандардыкына барганда жылып келет. Үйдө топураган кишилердин, балдардын деми болобу ким билет, айтоор, башкалардын үйүнөн ысып келет. Ысып келет дагы үйгө кирээри менен үшүйт.

Үйү - ошол кыштан бери суук...

Бирок, ал кышты эстегиси келбейт. Эстегенде эмне, өзүнө гана зыян. Өзү гана ыйлайт. Соороторго киши жок. Өзүн-өзү эптеп сооротот. Көз жашын аарчып, сууга жуунуп чыккандан кийин гана өзүнө бир аз келе түшөт дагы сыналгысын күйгүзөт. Ары-бери каналдан каналга которо берип тажаганда ашканага келет. Чайдын шуулдаганын угуп отура берет тунжурап. Чайнек ышкырып кайнагандан кийин, өзүнө бир чыны чай куят дагы, үнсүз отурат. Чай деле, тамак деле өтпөйт. Жегиси келбейт. Өзүн кыйнап жейт. Акыркы күндөрү ушунтип жашап калды. Тамакты кыйнап ичет, өзүн кыйнап уктатат. Өзүн кыйнап жумушка барат, анан баарынан оору, өзүн кыйнап отуруп үйүнө келет. Үйгө келгенден кийин, кайрадан өзүн кыйнап уктатат...

Бүгүн да күндөгүдөй эле үшүп ойгонду.

Сууга түшүп келгенден кийин, чачын фен менен кургатты. Отуруп, көзүн боеду, кашын чийди. Жумушка даярдап койгон кийимин кийди дагы, ашканага барды. Чай ичкиси келген жок. Дасторкондогу нандан чымчып ооз тийди дагы, эшикке чыкты.

Сыртка чыккандан кийин жөө баскысы келди. Маршруткада тыгылып киши көп. Көбүнчө жумушка ушундай жөө барат. Киши көп баспаган парк менен басат. Эл жок жерде өзүн жакшы сезгени менен элдин шарына муктаж.

Жумушка келгенден кийин, өзүнө кофе даярдады. Компютерин күйгүзүп, фейсбукту ачты.

- Келдиңизби? Кандай эс алдыңыз?

Бул жанында отурган кыз Эльмира. «Жакшы» - деди баш ийкеп. Бул кыз дагы бактысыз. Үй бүлөсү бар бирок, бактысыз. Балким, бактылуудур. Бирок, ал өзүн бактысызмын деп эсептейт. Кээде отуруп алып, жашоосун айтып арызданат. Күйөсүн жамандайт. Күнүгө анын кир-коогун жууп, бала төрөп берип, ал үчүн гана жашап атканын айтат. Өзү үчүн жашагысы келээрин айтат. Кээде отуруп, «сиз кандай бактылуусуз» - дейт.

- Өзүңүздү өзүңүз билесиз, кайда барсаңыз дагы эч кимге жооп бербейсиз. Эч ким сизди тизгиндеп башкарбайт. А мен тажадым, ишенесизби тажадым. Кетип калайын дейм, бирок, балдарды ойлойм. Балдар үчүн эле жашайм...

Мындайда ага эмне деп жооп берээрин билбейт. Кээде андай кылба, сен өзүңдү бактыңды сезбей атасың дейт. Бирок, аны уккусу келбейт ал.

Очень плохоПлохоУдовлетворительноХорошоОтлично (13 голосов, средний бал: 4,77 из 5)

Загрузка...