Алтынай Темирова

alt_temirЗанимаюсь литературой со школьной парты. Окончила Литературный институт им. М. Горького, в Москве – 1990-г. Мои стихи и пьесы занимали первые места в нескольких  республиканских  и международных конкурсах. Мои пьесы с 1994-г. успешно ставятся в театрах, в том числе и мои переводы зарубежных авторов. Выпустила несколько книг по поэзии, пьес и статьей. Сборник «Избранные» 1-томник  вышлел 2005-году. Сценарист документальных и художественных фильмов. Лауреат литературной премии им. «Барпы», им. «Т. Абдумомунова». Участник Всемирного Конгресса писателей «Пен-клуб» 2005 в Финляндии, член Союза писателей КР, член Ассамблеи Деятелей искусств.

I began writing from school. I graduated from the Literary Institute named M.Gorky in Moscow - 1990. My poems and plays took first place in several national and international competitions. From 1994 my plays began successfully putting in theaters, including my translations of foreign authors. Released several books on poetry, plays and articles. In 2005 published the collection of "Favorites" like 1-volume. Screenwriter of documentaries and feature films. Winner of the literary award named "Barpy" and named "T. Abdumomunov. "Member of the World Congress of Writers "PEN" 2005 in Finland, a member of the Writers' Union of the Kyrgyz Republic, a member of the Assembly of Artists.


Рассказ "Поворот"/ Ө  З  Г  Ө  Р  Ү  Ү

отрывок

 1.

«Кыян-селдин аккан багытын буруу, өзгөртүү мүмкүн эместей, бул кыйрап-бүлүнүүнү… бул чириген саясатты өзгөртүү колумдан келбейт. Бирок, мен өз жашоомду өзгөрткүм  келет!.. Мындай жашоону өзгөртсөм дейм!..» - деп, интервью берип аткан келинин, үйдө отуруп телевизордон көргөн  кайнене:

-Ии-иии,  кайран келиним!.. деле тың! – деп  өзүнчө  алгач кубанып алды. Ал, эртелеп жесир калган келини экөө эле жашап, ал жумушуна кеткенде жалгыз небересин карап, үй оокатына каралашаар эле.

“Бу, менден эчтеке  жашырчы эмес эле, бир ойлогону барбы?..  Же жаш неме бирөөнү таап алып, көңүлү бузулуп жүрөбү? Деги, кайсы жылаандын башын чыгарып атат?..” – дегенчелик, түпөйүл да болуп калды...

2.

...Антсе да, кайнене келинине ооз ачпады: “Алгач өзү сөз баштасын, анан көрө жатаармын” дегенчелик унчукпады. Бул кечте жаш  келин кайненеси-Асылды жакшы сөздөрү менен “апакелеп” арбап, өзү иштеген мектептеги балдардын ар кандай жоруктарын айтып көңүлүн ачып күлдүрүп отурду.  Анан  “эс алыңыз” деп аны жаткырып, наристесин жанына алды. Уктаганча  улам өөп, кучактап, бооруна кысып, көпкө жыттагылап, анан кийим-кечелерин даярдап, кеч жатты. Эртең менен демейдегиден эрте кайненесине табыштап, бөлмөсүнөн шашып чыгып кетти. Кемпир оюнда эчтеке жок небереси экөө жылуу төшөктө уйкусун улантты. Келин демейдегиден башкача кийинип, кол сумкасына дипломун, эмгек китепчесин, паспорт жана да бир топ керектүү кагаздарын салды да, арасынан  самолетко алган белетин дагы бир сыйра карап алды. Ооздон артка акырын көз сала, катылуу турган, даяр чоң сумкасын бурчтан сүйрөп тартып, аста жылдырып чыгып кетти...

3.

Арадан  он чакты жыл билинбей сызып өттү...

...Көп кабат үйлөрдүн биринин подъездинен чыгып, көчөдө бейкапар бараткан бой тарткан кыз жанынан бирдеме шырт эткенде чоочугандай эки жагын карап, тыңшап, анан, артынан бирөө аңдып бараткандай, бирөө карап тургандай элеңдей эки-жагын, артын карай берди. Дагы шырт эткенде тынчсыздана, токтой калып тыңшагандай бир аз туруп, эки жагын карады да, чуркап кетти. Жоон бактын далдаасынан чыккан караан артынан  бир аз карап турду да, колундагы фотоаппаратын  ылдыйлатты...

4.

Бишкекке келген чоң, эл аралык жүк  ташыган машиналар токтоочу жайдагы машиналардын биринин кабинасында отурган али жаш, сулуучымак  аял фотоаппаратта тартылган сүрөттөрдү карап андагы бой жетип чоңоюп калган кызга ичинен элжиреп, көзү  канбай  карап атты. Айрыкча бурула калганда даана түшкөн бир сүрөттү көргөндө фотоаппаратты көкүрөгүнө басып, көз-жашы чууруп көпкө эзилди. Анан, аны сумкасына сала, жерге түшүп, эки жагын карады. Чылым чегип  ары-бери басып турган айдоочуга  кайрылды:

-Сен токтотуп коюп эс ала бер.  Мен бат эле…

-Шашпа… сагынчыңды тарат, көптөн бери келе элексиң да… - бурк этти шоопур. Артынан узата карап калды.

Жанар, аялдын аты ушундай эле, ага баш ийкеп жөнөй берди. Колунда бир топ  кызыл-тазыл, ар кандай көлөмдөгү сумкалары менен жол  тосуп таксиге түштү. Аздан соң, баягы көп кабат үйлөрдүн  биринин алдында турду, “адашпадымбы” дегендей тегерегин карап алды... Коңур күздүн кызгылт-сары алтын жалбырактары жолдун бетине учуп - конуп атты. “Анда да күз эле...” деп ойлогон  Жанар ансайын жүрөгү дирилдей тынчсыздана берди...

Колундагы сүрөттү улам тигиле карап, кайра чөнтөгүнө  салды.  Подьездден чыккан жаш кызды көрүп, аны көздөй бурулса да буту шилтенбей туруп калды. Кызды тааныгандай жылмая  алдынан  тосо илгерилемиш этти. Кыз, алдынан чыккан эки курбусу менен бир аз сүйлөшүп туруп калды, анан коштошуп бери басты.

            Жанар шыпылдап баскан кыздын жолун торой, кубанычтан көздөрүнө жаш айлана тили күрмөлдү.

-Кызым… каралдым… - деди ал капыс... Анын сөздөрүн толук укпай калган кыз:

-Эмне  дейс-с?.. Адашып кеттиңизби?.. – деп сурады.

-Мен сени көрөйүн  деп, атайы…

-А, Сиз кимсиз?!.. – деди кыз  такылдай.

-Апаңмын... сенин апаңмын…

-Апам?!.. Апам үйдө  да?… Кайсы апам?!.. Аа?!..

Кыздын өңү өзгөрүп кетти. Таң калгандан оозу ачылып, саамга анын жүзүнө  тигилип токтоп калды. Аял жанталаша сүйлөй берди…

-Ие…  Мен сенин апаңмын. Чон  энең  кандай?..  Бегай...

-Аа-аа?!..  – же  кекээрлегени, же өкүнүчтүү нааразы  болгону белгисиз  - аралаш сезимдерден куралган  үн  чыгарды  кыз, өзү байкабай...

-Атайы сени көрөйүн деп… Сен анда өтө кичинекей болчусуң…

Кыздын өңү таң калуудан - көңүл калгандай, тоңдоосун жат адамга айлана баштады. Аял байкамаксан уланта берди…

-Мен сага мындан кийин жардам берип турам… Эмне кем-карчың болсо бүт алып берем… Буларды үйүңө алпар… Бул  менден белектер азырынча…  Атаң болсо да …

Аял андан ары оозун кыбырата сүйлөй албай дал болуп туруп калды.

Кыз аны ушунчалык жек көрүү, ызалуу жийиркенич менен карап турган эле.

 -Жолобо мага! - деди  кыз, туттуккан үнү менен дагы бир нече ачуу сөздөрдү айтып ала...  бет  алды чуркап  кетти.

 “...Сен үчүн болчу ушунун баары, балам!.. Укчу бир аз?!.. Мен – апаңмын-го!.. Сен үчүн...”, - деп  айтайын деген  сөзү от-жалын  болуп  тамагына кептелип үнү  чыкпай  буулукту  аял...  Буттары шилтемге  келбей  көтөргөндөрү колунан  түшүп чачылды...  Кыздын акыркы: «Сендей апам жок!..» деген сөзү аялдын кулагында  токтобой  жаңырып тура берди… Көзүнүн жашы  чууруй, артынан бозала болуп томсоруп  карап туруп калды. Өзүн жаман сезе, четтеги бак түбүндөгү орундукка отуруп бетин баса буркурап үнсүз солкулдады...

Жеңилдеп алган соң: “Мынча болду, эми үйгө кирбеске айлам жок... бирото кире кетейин, кызым жаштык-курчтук кылып атат”, - деп өзүн жооткоткон Жанар, бир кезде эч кимге айтпай-кеңешпей босогосун жашыруун таштай качкан көп кабат үйдүн ичиндеги али көзгө жылуу, тааныш эшикти каккылады...

...Нес болгондой, мисирейип туруп берди кемпир да. Үн-сөз жок мелтейгенден мелтейди... Жанар кемпирди  бутунан кучактап ыйлап атты. Артындагы дубалда чети кара тасмага оролгон уулунун сүрөтү мурдагыдай эле илинип  турган экен... Акырында эне жүрөгү чыдабай, келинине кошулуп ыйлап, бирок кооптонгондой, жаман бирдеке күткөндөй түпөйүл, сактангандай  жаалдуу турду. Жанар басылып белектерин чыгара баштады. Кексе кемпир мелтейип, жибибей  кыйгач карайт дале. Жанар тайсалдай,  апкелген кымбат кийим-кечелерин сунду ага...

-Ыйлай-сыктай чоңойттум…  эми, даяр болгондо  пайда болдуңбу?!.. – деди кайненеси  ызалуу таарынычын, кооптонуусун  ачык айтып.

-Апа, апа-а…  мен куруюн… жок дегенде  эми, чоңойгондо пайдам тийсин  деп… буга чейин эч бир нерсесин көрүп кубанбадым, куттуктабадым, бир көргөнгө зар  болдум… Ал жакта деле оңой оокат жок экен. “Бөтөн жердин тузу да ачуу” дегендей!..

-Мени өлтүрүп, көөмп  туруп анан алып кет кызыңды!.. – деген Асыл апа ага күйүт баскан тикендүү көздөрүн кадады. Келин селт эте анын “жүрөк өйүгөн ооруусун” туюп,  жаалынан  жалтайлады, жайкап кетти.

-Жок, апа…  кыз сиздики…  мен жөн эле… алыңарды сурап, кем-карчыңарга жардамдашайын деп  айтканы киргем…

-Минтип, күтпөгөн жерден кайра келип: “Бүтпөй турган жаранын оозун тырмадың”-го?!.. - оор үшкүрүндү кемпир...  айтпай-дебей кеттиң эле... же мен бирдеме десемчи?!.. көңүл калып урушуп-чырдашсак да бир жөн!.. Уулум өлгөнү аз келгенсип, тирүүлөй келиним да...  дайынсыз болуп...

-Апа, апакебай!..  Айтканым менен Сиз баары бир көнбөйт элеңиз... Андыктан, кат жазып  коюп эле кете  бердим.  Баланы  жакшы багаарыңызга көзүм жетчү. Колумдан келишинче анда-санда акча салып, ишеничтүү  адамдардан  “жардам” деп  атымды айттырбай бердирип аттым. Өзүм түз жиберсем  Сизди албай коёбу деп...

            Кемпир селейип туруп калды...

-Ошонун баарын Сен жиберип аттыңбы?..  Эмне дайныңды бир билдирип, кабарлашып, кат жазып, же бир келип койгон  жоксуң?..  Мен желмогуз эмесмин го сени жеп алгыдай?!.. – кемпир эми ачуулана  тергөөгө алды.

Келиндин көз алдынан - алыс, бөтөн эл, бөтөн жерге баргандагы кыйналгандары чубуруп  өтө бере,  эреркеди...  оозундагы  от-жалын  сөздөрү менен  бирге  кош каректериндеги жашы да  балбылдады...

5.

…Али жүдөө, али соодага көнө элек, кыйналып жүргөн кези эле. Метронун бурчунда  дайым турчу милиционерди алыстан эле көрө, эмне кылар айласын таппай, кайсалап ары-бери карап; ...алпарса эле, ар кандай шылтоо айтышып узартпай аткан  миграциялык картасын, паспортун, бир аз тапкан акчаларын, четке чыгып эле ич кийми жагына бекем катчу... Өзү калп эле майыптын кейпин кийип бир жагына кыйрайып-мыйрайып баса, эки көзүнүн чанагын эки жака аңтарылтып, араң дегенде анын жанына калчылдап жетип, анын жактырбаган, жийиркеничтүү караган, шектүү көз карашынын астында кара терге түшүп өтүп кетчү күндөрүн эстеди… Далай жолу ошентип ар кандай айла-амалдарды жасаган эле. Антпесе, кыялындагы көп нерседен кур жалак калаары, өзү темир торго түшүп, келген жагына айдалаары  ырас болчу...  Ал кезде базардан эптеп жаңы эле орун алган. Бөлөк-бөтөн алыс жерде, жок дегенде тааныштар, туугандар, же кесиптештерим көрүп калат деп жашырынып-кысынбай, уялбай соода кылууга болот эле...

- Алыңыздар!.. Түрк  фирмасыныкы… Арзан!..  Ал-лыңыздар-рр-!..

Кытай товарларын эптеп жайып алып, кытай тамгасы чыгып калган бирди-жарым этикаткаларын акырын жулуп ыргытып, ордуна  башкасын тагып, улам  үн салып коёт.

-Чоң кыз ала бериңиз…  абдан жакшы  жарашат…

Үшүгөн колдорун ушалап үйлөп, буттары менен жер тепкилеп, каккылап коюп турат. Аңгыча арытан текшерип келаткандарды көрүп, шашып-бушуп сумкасына бар дүйнөсүн жыйнап ката сала, өзү да бекинип калат. Алар кеткен соң кайрадан баягы көрүнүш...

Кийин, бара-бара өзүнчө контейнер алып, жайнаган жакшы товарларын сылап-сыйпап, көп коркпой-үркпөй илип калды. Кебетеси да таанылгыс өзгөрүп жакшы кийинип, мурункудай сулуу келинге айланды. Өз клиенттери көбөйүп, өз товар ташыгычтары  коробка, сумкаларды көтөрүп  жардам берип атты. Ошондой жигиттердин бири  дайым сапаттуу, көрктүү  кийим-кечелерди апкелчү. Аны байкаган Жанар, мурда  аз-аздан алса, бул жолу аны менен тикелей иштешүүнү көздөдү. Дагы бир келгенде, көнүмүш адатынча сурады:

-Кийимдериң каяктыкы?.. Жакшы тигилгенби?

-Супер!..  “Мед-ин Кыргызстан”!.. Жаңы мода менен баары!- деди ал жылмайып.

-Жакшы. Биздики сапаттуу, бат өтөт. Бирок, бир аз жакшы тааныла элек да. Ошон үчүн, аны да азырынча “түркияныкы” деп өткөрө берем...  Кел отур, чай ичип ал...

Очень плохоПлохоУдовлетворительноХорошоОтлично (127 голосов, средний бал: 4,16 из 5)

Загрузка...