Айсулуу КӨКӨЕВА

1-1Айсулуу КӨКӨЕВА

Факультет журналистики КГНУ им. Жусупа Баласагына. Также выучилась в Москве на курсах литературного редактирования Литературного института имени М. Горького. Работала в нескольких государственных и неправительственных газетах и сайтах. Являюсь членом Союза писателей и Центрально-Азиатского ПЭН-клуба. Пишу стихотворения и прозаические произведения под псевдонимом “Айсулуу Кокоева”. В данное время работаю в Национальной академии наук КР главным специалистом ОИО. В 2006 году выпустила книгу “Аялдын күндөлүгү” (“Дневник женщины”).


Рассказ "Алакандагы аял"

Синопсис

Аял саат чырылдаганы 2 мүнөт калганда көзүн ачты. Төшөгүндө отурду да, кандай түш киргенин ойлоду, наристе кезинде көргөн бир аял кириптир. Туруп, кийим алган шифонерге келип, бюстгалтерин издеп жатып колуна эркектин байпагы урунду. Байпакты алды да күнүмдөгүсүндөй өөп, ордуна бүктөп койду.  Коюп жатып ал эркекке ушул байпагынын ордуна аял жаңы байпакты бергенин, анын чыканактап жаткан жеринен алга обдула: “Ты на меня не рассчитывай.. Не женюсь на тебе...” – деп айтканын эстеди. Тартына түшкөн аял: “Жок, ай...” – дегени көзүнө тартыла түштү. Терезени ачып, аба-ырайынын ысык-суугун байкады. Күн бүркөө, түнү жааган жамгырдан кийин суук экен. Эмнегедир “мени ушуга окшош күндөрү таштап, ой, берип кеткен болушу керек апам, тууганына...” – деп ойлоду ал. Плащын алып жатып, алыскы шаарда жашаган апасынын белеги экенин эстеди. “Ыракмат айтып коюш керек. Көптөн бери көрө элекмин” деп ойлоп койду. Белек бергенди жакшы көрчү эле, өзүн күнөөлүү сезип жаткандыр деген ой да келди ага. Үйүнүн эшигин жапты да, жолду ката шифонердеги байпактын ээси экөө баскан жолдорду боолголоп, ошону менен басып баратты. Жумушта түш маалда телефондун кулагын бурады.
  • Алоо... – деди кемпирдин үнү.
  • Саламатсызбы эже. Мен эле. Кечээ жакшы жетип алдыңызбы?
  • Ии, жеткирип коюшту үйгө дейре. Тигичи, башкы каарман чыйылдап, деги, анын партиясынан эч нерсе деле түшүнгөн жокмун.
  • Анда, спектакль жакпадыбы демек?
  • Эми, кандай десем... жакты, өтө эмес. Андан көрө экинчи ролдогу кыз жакшы ырдайт экен, үнү ачык, жеткиликтүү. Ырчы деген Болоттой болушу керек. Үнү да, бою да бап келчү. Жоон үндүү, бийик чыкчу да, бүркүт кабагы да келишкен. Мени сүйүп калып, спектаклине күндө эле чакыра берчү. Сулуу түшчүмүн сүрөткө, сүрөтүмдү көптөрү портрет кылып, карашчу экен..
  • Ии. Чын эле сулуу болчусуз да – деп сөз улады аял.
  • Есенин жазыптыр да... Баса, качан келесиң? Эшек дептеримди терип бергенге? – деди капыстан телефондогу.
  • Келем эже азыр. Кече жакшы жеткениңизди сурап чалдым эле. Кагазды алып барам, кол коюп бериңиз.
  • Күтөм – деди телефондун ары жагындагы.
Аял бөлмөнү жапты да, чыгып бара жатып өйдө кеткен тепкичти умсуна карады. Көрүнбөйт, шифонердеги байпактын ээси. Эки кадам ары баскандан кийин жүрөгүндөгү кусалык, өкүт, сагыныч толкуп-ташып, өзүн басып кала жаздагандай аптыга түштү. Кабагы бүркөлүп, көздөрү муңая түштү. Жүрөгү сыгылып, деми кыстыкты. Кечээ интернетте уккан кеңешти эстей калып: “Контроль, контроль” – деди өзүнө, күчүн жыйып, жылмайды. “Бул дүйнө алгач сенин жакшылык берүүңдү гана талап кылат. Сенин кайгылуу кебетеңдин эч кимге кереги жок”, анан өзүнө “Мен эмне бере алам азыр? Жылмаюуну берем” деди. Алыстан тааныш караан жылып келе жатты. Астыңкы кабатта отурган киши экен. Күлүмсүрөп, салам берди аял. Ал дагы күлүмсүрөп алик алды. “Өзүм баштабасам, элдерге ыраазычылык билдирип, телефон чалып, абалын сурап” деди аял ичинен. Эшикке чыкты да, күздүн суугунан ичиркенип, кадамды ылдам таштап баратты. Үйгө жетип, шыңгыратты. Эшик ачылып, ичинен чүкчүйгөн кемпир чыгып, аялды киргизип кетти. Кемпир үстөлдүн үстүндөгү гезиттерди арыраак сүрүп, аялды төргө өткөрдү да, алдындагы нан менен бир аз ичилген тамакты жылдырып койду.
  • Ме, менин кешигимди жесең жаман болбойсуң.
  • Ыракмат эже. Мына кагаздар. Жумуштан ала келген кагаздарды сунду. Кемпир окуп туруп:
  • Туура – деп, артынан дагы сунулган кагазга кол койду. Аял алдына коюлган ашлям-фуну жеп бүтүп, нан менен түбүндө калган шорпону сордура сүрүп, оозуна салып чайнап жатып, кемпирди карады. – Ээ, заманың курусун. Ай, сага бир нерсе айтайын, бери, чукул отурсаң – эшик жакты карады. Эшик жакта наристенин үнү угулуп жаткан.
  • Азыр гезит окуп отуруп, муну билдим десең. Байларчы, жаш, энеси өбө элек кыздарды саунадан бузушат экен.
  • Ии. Уккам, ошондой го деп ойлоп жүргөм.
  • Карасаң ээ. Баягы, студент кыздарчы байлар менен саунага барып,... жатат экен да.
  • Ошондой. Ал эле эмес, мейманканалар деле бар да, аны үчүн. Бузулганга мүмкүнчүлүк көп.
  • Ии десең. Айылдан келген жаш кыздар тамак-ашка, кийимге жетпей, ошентишет тура. Өзүн сатышат.
  • Шаарда эч кими жок болсо... болсо да азыр ким кимди карасын...
Аял кемпирдин кайталанма сөзүн угуп жатып, көзүн серванттагы сүрөттөргө буруп, үшкүрүп койду. Эшик жакты карап, бутун эшик жакка түздөдү.
  • Эже, мен ойлоп жатам да...
  • Биздин убакта улуулар өз кадыры менен салабат болчу. Ушул кантип болсун?
  • Макул эже, мен басайын. Түшкү тамак маалы да бүттү.
  • Ай дайыма эле шашылыш келип кетесиң, аз отуруп.
  • Бир күнү келем. “Эшек дептериңизди” терип бергенге.
  • Кел, башка көмүскө ат менен чыгарып туруп сатабыз.
Каткырып күлүп калды.
  • Ии, макул эже. Чыгып баратып башын ийкеди аял.
  • Күтөм – деди эшикти жаап жатып башын кейкеңдетип кемпир.
Жолду ката улам шифонердеги байпактын ээсинин номурун карап коюп, бир нече жолу басайын деди да карманды. Ичинен мөгдөп жатты. Жумуштун алдында шифонердеги байпактын ээси менен жанындагы бөлмөдө отурган, жашы өйдөлөп калган агай туруптур.
  • Саламатсыздарбы? Шифонердеги байпактын ээси башын ийкегилеп жиберди.
  • Саламатчылык.
  • Турасыздар, күн чубактап? – деди аял.
  • Ии, кыздарды карап – деди тиги киши. Шифонердеги байпактын ээси каткырды:
  • Иштегенге шарт жок. Кинодогудай болуп, кыска көйнөк кийген кыздар тепкичтен ары-бери өтө берет эмеспи. Ошондо тиги артист кагазын ыргытып жиберип, алаканын тарс чаап: “Работать не дают” дейт го – деди.
  • Эми, меники эмне, көз менен гана... көз менен, атып, агытып коюп. Атып эле. Каткырышты.
  • Азыр күз аяктады. Сүйүүлөр жазында, күз башында башталат. Бүттү да быйыл – деди шифонердеги байпактын ээси. Анда тиги аксакал:
  • Жок. Ал жаныбарлардыкы, ошондой.. жылына бир жолу. Адамдыкы күнү-түнү да. Эмне, биз мал белек? – деп карсылдап күлдү ал.
  • Ошо да – деди аял, астыртан шифонердеги байпактын ээсин карап. – Чыныгы эркектердин сүйүүсү дайыма.
  • Биздин мекеме жөнүндө чоңдордун көз карашы кандай? – деди аксакал.
  • Чоңдордун көз карашын билбейм. Менин көз карашым сулуу, ошол эле жетет. Мага алардын көз карашынын баары бир – анан сөзүн орусча улай - Не калышет, не калыхает – деди аял. Бир маалда ал сөзүнө уялып кетти да отурган жеринен турду.
  • Макул, мен иштейин – деди ал, шифонердеги байпактын ээсине алсыраган, суранган көз караш менен кайрылып. Ал узатып кала берди. Экөө унчуккан жок. Аял басып кетти. Мекемеге кирди да, көңүлү бир аз жайланып калганын сезди. Өйдө карай кеткен тепкичтерди сүйкүмдүү көз караш менен карады ал. Бөлмөгө кирип, бир аз отурду да, телефонду жылдырып, бир номур терди.
  • Алоо, эже?
  • Алоо. Чарчаңкы, таарынган үн угулду ары жактан.
  • Бул мен – деди аял.
  • Ии – деди үнү бир аз көтөрүңкү боло түшкөн эже. – кандайсың?
  • Жакшы. Күз сууктап келди. Үшүгөн жоксузбу?
  • Бир аз суук. Оорудум. Өзүң кандайсың?
  • Жакшы. Ыр угуп отурам.
  • Эмне ыр?
  • Роберт Рождественский. “Ожидание” деген. Мындай:

Рядом с бронзой царей, разжиревших на лжи и крови, Рядом с бронзой героев, рискнувших собой в одночасье, Должен выситься памятник женщине, ждущей любви, Светлый памятник женщине, ждущей обычного счастья.

  • деген сабы бар экен.
  • Ии. Ал ыр экен, өзүңдүн жеке фронтуң кандай? Чучук жеп жатасыңбы?
  • Кайдан... Жүрүшөт, ары-бери, жолобой. Өлүп кеткирлер. Каткырып күлдү аял, башын артка баштап.
  • Эй, бас бери, баары жайында, төшүм жайлуу, сөзүм кумарлуу – дебейсиңби.
  • Ошентпесем. Ойлонуп, дымып калды. – Мындай сабы да бар экен:

Современная женщина, современная женщина, Суетою замотана, но, как прежде, божественна. Не похвалится силою, но на ней, тем не менее, И заботы служебные и заботы семейные. Всё на свете познавшая, все невзгоды прошедшая, Остаётся загадкою современная женщина.

  • Ии, ай, бол мен барайын. Тамагым күйүп кетмей болду – деди эже.
Жумуш аяктагандан соң аял шифонердеги байпактын ээси экөө бир жолу баскан жол менен үйүнө кетти. “У каждого Абрама своя программа” – деди оюнда шифонердеги байпактын ээсинин көз карашын актап. – “Анын сөзүн эки кылбай “Мындай пикир сизге бакыт алып келсе анда ал деле туура” деп койсом болмок экен”. Үйүнө жетти да, шифонерди ачып, чечкен кийимдерди салып жатып, баягы байпакты сылап койду. Плащын илип жатып телефон чалыш керек экендигин эстеди. Тамак ичип алгандан кийин телефонду алды да, “Т” деген ат менен сакталган номурду басып, байланышты күтүп турду.
  • Алоо?.. – деди ары жактан кылыктанган апасынын үнү.
  • Саламатсызбы? – деди аял.
  • Аа, здравствуйте. Как там вы?
  • Жакшы. Өзүңүзчү?
  • Хорошо.
  • Суукпу сиздерде? Үшүбөй эле отурасыздарбы?
  • Да. Прохладно. Жок. Үйдө тепло.
  • Ии. Мен сиз сатып берген плащты кийип жүрөм. Ыракмат. Аял шифонер жакка басып барып, бош сол колу менен эшигин ачты да, плащты сылап, ары жакта илинип турган костюмду кармалады.
  • Сиз алып берген костюмду да кийип жыргап жүрөм – деди ал. Шифонерде турган байпактын ээси бир кийгенде аны “Как сельская учительница” дегенден кийин уялып, кийбей калган костюмду айтып. – Өтүктү да кийип жүрөм, экөөбүз тандаган – деди бир жума кийгенде таманы ажырап түшүп калган өтүктү айтып.
  • Ааа, хи-хи-хи – деп күлдү телефондон апасы кыткылыктап.
  • Сизде кандай жаңылыктар бар?
  • Так же. Все чередом.
  • Ии. Ошо, биздеги суукту сиздин алып берген кийимдер менен жеңип жатам. Калганы жакшы. Иштеп эле – деди аял. Анан эки жак тең унчукпай калышты.
  • Макул анда. Жакшы туруңуз.
  • Пока пока. Целую – деди телефондогу үн.
  • Жакшы анда – деп телефонду өчүрдү. Аял бир аз чарчай түштү. Компьютерди жандырды. Агенттеги Темир деген кишиден: “Кайдасың?” деген жазуу чыкты. “Үйгө келдим” деп жооп жазайын деп, кайра агентти өчүрүп салды. Туш келген сайттарды барактап карап, ыр укту. Эртерээк жаткысы келди аял. Компьютерди өчүрүп салды да, ыраазычылык деген көнүгүүнү жасабай калганын эстеп, кайра жандырды. Түркүн үн чыгарып, күрүлдөп барып иштеп кетти компьютери. “Сүйүнүчтөр!” деген файлды ачты да:
 
  1. Көңүлүм куунак ойгондум.
  2. Күндүн көзүн көрдүм.
  3. Жумуш иштедим.
  4. Эженикинен даамдуу тамак жедим.
  5. Аты алты тамгадан турган адамды (шифонерде байпагы турган) көрдүм.
  6. Сүйлөштүм.
  7. Күлдүм.
  8. Акын эжеге чалдым.
  9. Апам менен сүйлөштүм. 10. ?? эмне жазаарын билбей, ары турду. Терезеден акыркы жалбырактары учуп түшүп жаткан дарактын караңгыдагы байкалган көлөкөсүн карады да:
  10. Дары ичтим – деп аяктады. Туруп, суу куюп, гормоналдык дарыдан колуна бирди чыгарып алып оозуна салып, артынан суу жутуп койду.
 

Төшөктү калыңдата салды да жатып, шифонердеги байпактын ээсинин көз карашын, апасынын үнүн эстеди. Көзүндөгү жаш кашынын үстүңкү жээги менен агып кетти. “Чо то, туура эмес агып жатат” деп койду аял, арчып. Жаздыкты оңдоду да ыңгайлана жатты. Көзүн жумуп, Кудайдын колун элестетти. Колдор аялды ыңгайлуу, имере кармады да термете баштады, аял терең уйкуга кетти.

Очень плохоПлохоУдовлетворительноХорошоОтлично (7 голосов, средний бал: 4,43 из 5)

Загрузка...