Абдынасыр Иманбеков

img_20160808_174929Увлекаюсь литературой, пишу прозу.              

Проза "Кудук"

Отрывок

  К У Д У К.                                                                                                                                                                        Улуу ата мекендик согуштан                                                                                                                                                              кайтпай калган жоокерлердин                                                                                                                                                 элестерине арналат.    Бул жашоону сүйїүсүз элестетүү кыйын. Жашоонун маңызы - сүйүүдө, сїйїүсүз өткөн күндөр жалыны жок отко окшош. Жан дүйнєнї  багындырган касиеттүү сезим турмуш башаты болуп, ынтымакты, ырыскыны тартуулап келет. Бирок, тагдырдын ак карасын ылгабай таң калыштуу көз ирмемдерге туш болобуз. Айла жок арсыз дүйнөнү кїнєєлєйбїз. Сүйүү бар үчүн адамдар жашап жаткандай сезилет. Эртеби кечпи баары бир сүйүү келет экен. Байкап көрсөк жарыктыкка жаралган ар адам баласы өзүнчө бир бүтүм, єзгєчө бир бакыт тура. Мына ушул бакыт нурун жүрөгүнө каткан жараткандын, ар бир баласы бактылуу мїнєттөрүн жакшылык менен кубаттап махабат менен сыйкырлап, жашоо жыргалында сүйүктүүсү менең бирге болсо, анда өмүрүндө өкүнүч болбос. Ардактуу замандаш, жан дүйнөбүздү жарты кылбай толуктап туруучу бул  ыйык махабат. Биз бүгүн сөз кыла туруучу  темабыз айтылып бүтпөс, деңизден тереў, аскадан бийик махабат тууралуу кылабыз. Сүйүү сезими бардык нерсеге баш ийдирүүчү касиет экен да. Сїйгєн бул сүйгөндүн шартына көнүү деп айтылган экен. Эгер сүйгөн адамың кїт деп шарт койсо, күтүүгө аргасыздан кїтїїгє туура келет. Бирок, ошол учурда күтүүдөи өткөн азап жок. Кєпчүлүк учурда баары сен ойлогондой боло бербейт. Балким, сүйүктүүнүз сїйбє мени деп, шарт койсочу? Анда канткенде сүйбөй коё алабыз. Сүйүш кыйын, сүйбөй коюш андан кыйын деген сєз жєн жеринен айтылып калбаса керек. Эгерде сен сүйгөн адам сеңи сїйбөсө, андай сүйүү алсыз жана бактысыз.   Жооп кутуп узулбөгөн умуттөн, Жолуң карап, жолоочудай кун өткөн. Аруу сезим арбап жїрєк кылдарын, Ашыктыктан алсыздыгым жудөткөн. Махабаттын майданынан сурдөнөм, Эл кулсө да мен алардай кулбөгөм, Элесиңди унутаарда кездештик, Сени көруп кышында да гулдөгөм.   Махабаттын суугу эмне экенин, їшїгү кандай болоорун билбейсиң. Ал сезим өз сыйкыры менен тулку боюн жылытып, жүзүңө нур чачып, кээде алсыз кылуучу сезим. Ашыктык жайын билбеген, ашыгып адам сүйө албас дегендей, сүйүү эмне экенин билбей туруп, анын жалынына күйүү дагы кыйын. Ал эми махабат башка келгенде ар бирибиз жердей жапыс, наристедей назик болуп калат экенбиз. Сүйүү байкатпай келип, жүрөктү ээлеп алат. Кай жерде жүрбөсүн амандыгың тилеп, кайрылып келээрине ишенип, кїткєн адамың баарынан улуу, баарынан сулуу көрүнөт эмеспи. Азаптардын азабы күтүүдө, ага бир сүйүү гана туруштук бере алат экен. Кїттум сени кїндөр айга уланып, Кїттїм сени нурлуу жузум кубарып. Кїндө кїттум амандыгың тиледим, Келээриўди жараткаидаи суранып. Кїттїм сени кїїгїм тартып кїн батты, Кїттїм сени азап чегип таў атты, Айлам кетти айсыз тїндө уктабай, Куткөн өмур жылга айланып баратты. Кїткөн сїйїї жан дїйнөмдїн канатты, Ырбап турган журөктөгу жараатты. Кусалыктан карегиме жаш толуп, Келеби деп карааныңды каратты. Куттум. сени умутумду узбөдум, Сени ойлоп, башка жанды суйбөдум. Махабаттын илебине мас болуп, Кїлїп турган сїрөтїңө їңїлөм.   Негизи сүйүүгө сүйүү гана даба болот. Сооротуп ырбатуучу жара болот. Кээде сагынычтан азап тартасаңыз, сүйүктүүңүздүн сүрөтү кубат берет. Анын жылмайган, күлүп турган элеси махабатыңызды күчөтүп, сүйүүңүзгє үмүт болуп бере алат.   Сїйїп келем бакыт кїтїп їмїттөн, Тажап кеттим тїпкїрї жок кїйїттөн. Жан дїйнөмдө ысымыңды кайталайм, Көрїп алып өзїң тїшкөн сїрөттөн. Орун алып ооруп турган жїрөктөн, Жаштыгымда ый аралаш кїн өткөн. Мындаи ары жете албасмын өзїңө, Кезигээрбиз бейишимдин төрїнөн.   Махабаттын аныктамасы жок. Ар бир адамга ар кандай сезим тартуулап, ашыктыктан алсыратуучу касиет. Ал эми сыр каткан жүрөк бактылуу. Жан дүйнөңдө ачыла элек сыр, жатса, анда анын баарын үмүт менен кубаттап, сүйгөн адамыңдын сүйүктүүсү болууга кубат берет. Айтылбай калган махабаттын баркы бийик. Анткени, ал сиздин жүрөгүңүздөгү жашоочу жалгыз сезим. Арзуумду айта албай калдым, же болбосо жетпей калдым деп, арман кылбаңыз. «Махабат эмне экенин билген адам бактылуу» -- деп ойчулдарыбыз айтып өткөн. Мына жогоруда жанатан бери айтылып жаткан ыр саптар, сөздөр баары сүйүү тууралуу болду. Булар менен сиздерге эмнени айткым келет. Согуштан аман эсен өз жерине кайтып, бирок сүйүүсүнө жетпей кудуктун ичинде каза тапкан солдаттын окуясые баяндап бермекчимин. Анда эмесе, сөз башынан болсун. Бул окуяны Сарыгулдун айылдаштарынын бири, чогу єскєн курдашы, классташы ошол окуяга кїбє болгон замандашынын озуунан уккам. Сарыгул райондогу орто мектепти бүтөр замат батыштан Согуш башталып атестатын алганга үлгүрбөй, аскер комиссариатына барып өз ыктыяры менен согушка барам, мен Мекенимди сактабасам, ким сактайт деп, арызын берген. Жалаў ал гана эмес, мектепти жаўы бїткєн жаштар бїт класстары менен арыздарын жазышып, колуна курал алып Мекенин коргоого дайын экенин аскер комиссариатына кайрылган жаштардын кєптїгїнєн билсек болот. Єзї курактуу жаштар менен эки ай өтпөй согушка жөнөйт. Ошол Улуу ата мекендик согуштан бир жолу катуу жарадар болуп, эки- үч жолу жеңил жаракат алат. Август айы, 1945-жыл. Согуштун бүткөнүнө үч ай болгон. Ал Берлинге чейин жетип, кєргєзгєн эрдиктери їчїн тєшїнє орден, медалдарды тагынып, элге кайтып келип олтурат. Алыстан ашыгып самап Зуурага биринчи кезекте барууну туура көрөт. Аны менен 1943-жылы катуу жарадар болуп, талаа госпиталда эки ай жатып, анан өзүңдүн элиңе, жериўе барып, дарыланып эс алып кел деп, Кыргызстанга Фрунзегедеги госпиталга жөнөтүшкөндє ошол жерде биринчи ирет жолугушкан. Ошол учурда Зуура мединституттун жогорку курсунун студенти болгондуктан, госпиталда практикасын өтөп жүргөн убагы эле. Сарыгул ошол госпиталга келген кїндїн эртесинде, биринчи ирет Зуураны кєрєт. Практика гана эмес, жогорку курстун студенттерин єздєрїнїн демилгелери менен сабактан бош убактарында, дайыма колдорунан келишинче кол кабыш кылышып, жаралуу солдаттарды кароого келишип турушчу. .----- согуш талаасында жалаў порохтун жытын, коўурсуп кандын кїйгєнї, єлгєн жоокерлердин арасында онтоп жаткан жарадарлардын їндєрїн угушуп, андан ары, алга карай чабуулду токтотпой жїрїшїп, согуштун кандай гана азаптарын баштарынан єткєргєн. Эми минтишип жараттарынан жандары кыйналган жаш жигиттерге єзгєчє ак халатчан кыз, келиндердин  кылган мамилелери тезирээк сакайып кетїїлєрїнє ишеним туудуруп, ага жерибиздин, элибиздин, дем алган таза абабыздын кудурети кошулуп тез эле фронттон алган жараттарынан аягышып, айылдарына андан ары кайра фронтко кетишип жатышты.---- Ага Зуура биринчи кїндєрї катардагы жаралуу солдаттай эле мамиле жасайт, ал кезде ким билиптир, ортолорунан сүйүү сезимдери козголорун. Дары-дармектерин кїнїнє їч маал, практикант кыздар  кезеги менен  таратып, акыбалдарын сурашып, кєўїлдєрїн кєтєрїшїп, алар келгенде эле кыйналып жатышкан жарадарлардын кєўїлдєрї кєтєрїлїп, ар бири сєзгє тартышып, кебири госпиталдын багына жолугушууга да чакырышат, єздєрї жараттарынын кыйналышып араў басып жїрїшкєндєрїнє карабай. Зууранын өтө жароокер жакшы кыз экенин байкаган Сарыгул аны күндөн-күнгө жактыра баштайт, бир кїн кєрбєй калса, эмнегедир бир нерсе жетишпегендей болуп, дайыма  келишин кїтїп, ичтеги ага болгон сезими кїчєп жїрєгї туйлап, денесине батпай, жанын жай алдырбай, анын їнїн уккусу келип, кандай кылып, кантип бир шартын табып ээндетип, сєзгє тартып башы бош болсо, ичиндеги сезимин билдиргиси келет. Зуура Сарыгулдун жанына келгенде фронтто нечен ирет, єлїмгє тике карап, эч тартынбай немистер менен рукапашныйга чыкканда тайманбаган жигиттин жїрєгї, кыздын балбылдаган кєз карашына туруштук бере албай тайсалдап, сєз айтмак тїгїл, єзїн жоготуп, бети башы кызарып, таўдайы кургап, колдору калтырап, жїзїнє тике карай албай апкаарып, оозунан сєзї тїшїп жалдырап карап калганын, кыз да кийинки кїндєрї байкап жїргєн. Чынын да эле Зуураны биринчи көргөн жигиттин бүйүрүн кызыткандай кыз эле. Кийген аппак халаты, ак жуумалынан келген жїзїнє, арыкчырай мїчє келбетине жарашыктуу болуп, сүйлөгөндє назик үнү кулакка жагымдуу угулуп, жүрөктү эзип жиберїчїдєй болуп, ошол эле убакытта олуттуу, кээде сїрдїї да кєрїнєр эле, анткени жарадар солдаттар ага ишенич менен карашып, ар бир жасаган кыймылы жараттарына даба болуп кетеби дешип їмїттєнїшїп, канча оор болсо да чыдашып, кайра тамаша айтышып, жанында узагыраак болушун аракет кылышат эле. Баскан кадамынан үнї угулбай, байкабасаў кандай жаныўа келип калганын сезбей калчусуў. Ал кезде Зуурадай келишимдїї кийинмек тїгїл, тїзїгїрєєк кийингендер чанда болчу. Жогоруда айткандай бир жолун издеп тапканча, ден соолугу да оўолуп, “лежачий” дан “ходячий” жарадарлардын арасына кошулуп калды. Эми ээндетип сїйлєшкєнгє єзї эле ыўгайлуу шарттар пайда боло баштады. Биринчи кєргєндєн бери жактырып калганын, дайыма аны ойлоп жїргєнїн, їнїн уккусу келип эўсеп жїрєрїн айтса, ал кандай кабыл алат болду экен, же сєзїмдїн аягына чыгарбай эле, кагып койсочу деп кооптонуп да жүрдүм. Катуу сөз угуп,  көңүлүм калганча, билдирбей жактырып жүрө берейин деген да ой пайда болду. Бирок, анте алган жок, бир күнү катуу даярданып, єзүмдї колго алып, сөзүмдү кантип баштасам экен деп,  денесин ооруганына карабай тїзєп, нары бери басып Зууранын келишин кїтїп улам коридорго чыгып карап, кїткєндє кычагансып ал да кечигип жатпайбы. Кабатырланып, ичинен сарсанаа болуп, кыйналып, чекем тердеп госпиталга батпай, тышка чыгып бакты аралап, айтуучу сєздєрїн кайталап, єзїнчє эле бушайман болуп басып жїрїп, ойлоно бергенгеби, же жаратынын анча сакая элегиненби, айтоо денем шалдырап, чарчап келип керебетине жатып, кєзї илинип кетиптир. Биринчи сүйүүнү билдирүү кыйын экенин, ар бир жаш башынан єткєргєн чыгар, же жалпыга бирдей эрежеси болсочу анын, убагы да, мезгили да, шарты да окшобогон, ар кимдин єзїнє гана таандык айрыкча єзгєчє шарттарда кезигишет эмеспи. Ошондуктан бул сезим Сарыгулга капыстан, кїтпєгєн жерде кезигип, жїрєгїн дїкїлдєтїп, жаратына карабай госпиталда кабылып, айласын кетирип жатпайбы. Эртеби, кечпи адам баласынын башына бир кездешїїчї, жашооўдун бир ырахаты турбайбы. “Жалгыздыкка, жараткан гана татыктуу” деп бекеринен элибизде айтылып жїрбєгєнї чын турбайбы. Ушул кезге чейин, согуштан аман эсен келсем, єзїмє ылайыктуу кызга їйлєнсєм деген ой дайыма жїрєгїмє сактап жїрчї элем.  Бир маалда коридорду жаўырткан күлкүсүн укканда, чочуп ойгонуп кетип, жүрөгү кабыңан чыгып кетчүдөй булкунуп алды. Ордуман тура калганынды өзү да байкабай калдым. Ошондо гана ага болгон сезими күчтүү экенин сезип, сүйүүсүн билдирбеске болбой калганын билдим. Беш-он мүнөттөн кийин, жаркылдап акыбалыбызды сурап кирип, дары - дармегибизди берип, чыгып кеткенче жалдырап тиктеп туруп калыптырмын. Түштөн кийин, баардыгы уктап жаткан убакта коридорго баш баксам, кудай жалгап сестралар олтурчу жерде жалгыз отуруптур. Ошол убакты пайдалаңып, жанына барып. Эмне дээримди билбей бир топко дендароо болуп карап туруп калганымды байкаган Зуура "сага эмне болду"?- деп,  жїзїн буруп мени карагаттай көздөрү менен караганда жалтана түшүп эсиме келе калып, ошондо гана эмнеге келгенимди эстеп, сїрдєнїп, мукактанып араў дегенде, айта турган сөзүм бар эле дегенге, араў жарадым. Менин келеримди кїтїп, сезип жїргєндєй эч кандай таў калуу болбой эле, "Жакшы болот, кандай сөз экен ал", деди. --- Бул жер айтканга ыңгайсыз болуп турат, мындай басалы,-- деген сєзїм бошоўыраак чыгып, єзїмє анча ишене бербей айтылганын сездим, бирок кадай болсо да айтылды, эми токтогонго болбоорун билип, сыртты көздөй бастым да, артымдан эрчий келе жатканын кєзїмдїн кыйыгы менен байкадым, ошондо гана Зууранын да ою дурус экенин байкап, ишеним пайда болуп, болгон эримди жыйнап, биз жаткан корпустун алдындагы бактардын арасына киргенде, тике кароодон жалтанып, кыйналып кысталып жатып, аны биринчи ирет кєргєндєн бери жактырып жүргөнүмдү, араў дегенде калтырап титиреп жатып билдирдим. Сенин ден соолугуўа тикеден – тике тийешеси бар ак халатчан сулуу кызга сезимиўди билдирїї, кандай батыр жигит болбосоў да, жїрєгїн титиретпей койбойт экен.   Дароо эле батынып, сени сүйүүп калдым деп айта алган жокмун. Балким, ушундай кылганым туура болгондур, дароо эле сєздї сїйїїдєн баштасам ишенет беле же, ишенбейт беле.  Ошол маалда кєздєрїбїз чагылыша тїштї эле, ансыз деле тїрсїлдєп согуп турган жїрєгїм, ого бетер туйлап жарылып кетчїдєй болуп аргамды кетирди. Анын кєздєрї, мен каршы эмесмин деп, айтып турганын сездим, анан ал кєзїн ала качып, башын жерге салып туруп калды. Кыздын унчукпаганы макул болгону деп коёт эмеспи, ичимден сүйүнүп, кичине жеңилдеп калдым. Айтар сөзүмдү айтканыма шерденип, батынып колун назик кармадым эле, алда менин бул кылганыма карышы эместигин билдирип колун тартып алган жок, андан бетер ичимдеги сезим оттой жанып денем ысып чыкты. Сїйїїнїн керемети ушундай беле?  Менин ага болгон сезимимди дайындаган сєздєр менен айтып билдиргим келип, канча ойлонуп, толгондум эле,  каймана айткан сєз эле, сїйїїнї билдирип, сїйїшкєндєр їчїн сєз эмес, кєз караш, бирин биринин кылган мамилелери менен сезишет окшойт. Кол кармашып турганыбызга канча убакыт болгонун билбейм, мен їчїн калган ємїрїбїздї ушинтип кол кармашып  єткєзїїгє мен дайын элем. Кыз баары бир сезимтал келет эмеспи, колун бошотуп алардын алдында, айланага карап, бирєє жарым кєрїп калбасын дегендей, колун акырын бошотуп, эч сєзї айтпай өз ишине жөнөдү. Очень плохоПлохоУдовлетворительноХорошоОтлично (2 голосов, средний бал: 5,00 из 5)
Загрузка...